Элзар Тиленбаев, Айгерим Эшим: «Достугубуз кантип сүйүүгө айланганын билбей калдык»

Кыргыз шоу-бизнеси дагы бир жылдыздуу түгөй менен толукталды. Ырчы Элзар Тиленбаев 30-июнда сүйүктүүсү, ырчы Айгерим Эшимдин колун сурап, 2-июлда Бишкекте кыз узатуу тою өттү. Ырчылар 4 жыл кыз-жигит мамилесинде жүрүшкөн. “Мамилебизди коомчулукка ачыктабай жүргөнүбүздүн көп себептери бар, көз, сөз тийбесин дедик” дешет жаш жубайлар.

- Куш бооңор бек болсун, Элзар, Айгерим! Элзар, кечээ эле Айгеримдин колун сурап жаттың эле, бүгүн кыз узатуу тою. 9-июлда үлпөт тоюңар экен, баарын бир бүтүрөйүн деген окшойсуң?

Элзар: – Рахмат, ооба, негизи бардык нерсенин эрте болгону жакшы эмеспи. Мага Айгерим “колумду сурабай эле кой, андан көрө үлпөт тоюбузду жакшы кылып өткөрүп алалы” деген болчу. Бирок мен болбой эле жагымдуу сюрприз болсун деп колун сурадым. Ал күнү достору “тойдо ырдайсың” деп чакырышкан, колун сураарымды билген эмес. Айгерим үчүн күтүүсүз, бирок жагымдуу сюрприз болду. Бүгүнкү кыз узатуу тоюнан кийин Ак-Талаага алып кетем. Ал жакта 7-июлга чейин турабыз, анан шаарга келип үлпөт тоюбузду беребиз. Бизге ак батасын берип жаткан бардык күйөрмандарга, кыргыз элине ыраазыбыз.

– Экөөңөрдү чыгармачылык табыштырды окшойт, бирок кандай жагдайда, кайсы учурда таанышканыңар кызык күйөрмандарыңарга...

Айгерим: – Биз 2019-жылы таанышканбыз. Ал кезде Элзар жаңыдан ырдап чыгып келе жаткан ырчы болчу, бирок мен аны таанычу эмесмин. Элзар социалдык желеде тарыхчаларымды такай көрчү, ар кандай быйтыкчалар менен реакция жиберип турчу. Бир жолу баракчасына кирип карадым, көзүмө жаш баладай көрүндү. Анан бир күнү сыналгы карап отурсам эле баягы менин тарыхчаларыма такай реакция жиберген жигит ырдап жатат. Ошондо “апей, бул жигит ырчы беле?” деп таң калгам. Дароо клипти видеого тартып, баракчама жүктөп, Элзарды белгилеп койдум. Элзар ыраазычылыгын айтып сүйүнүп алган тим эле. Ошентип таанышып, сүйлөшүп кеткенбиз.

Анан 2020-жыл болду, баарыбыз пандемияда карантинде үйдө отурдук. Мен өз айылыма, Элзар Ак-Талаага кетти. Ошондо түнү-күнү телефондон сүйлөшүп жаттык. Карантин бизди жакындатты десем болот. Балким, анчалык кенен убакыт болбосо Элзарды жакындан таанып-биле албайт белем деп ойлойм. Элзардын 3 жаштагы бөбөгү бар болчу, азыр 7ге чыгып калды. Ошого телефон чалдырып эле “Айкоша, мен шени шүйөм, жаным, ий, жаным” деп айттырып каткыра берчү. Тили аябай ширин бала, мен кичинекей балдарды аябай жакшы көрөм. Карантин бүткөндөн кийин Улан Эгизбаевге арналган “Ак толкундар” деген ырыма Ысык-Көлдөн клип тартып келдик. Клиптин сценарийин Элзар жазган. Мени эмнеси менен арбап алды? Элзар аябай жумшак, сезимтал, камкор, аялды сыйлаган жигит экенин билдим. Клип тартуу учурунда чарчап уктам калсам, мени ойготпой өзү тартып аягына чыгарып коюптур. Эми буга чейин башка жигиттер менен мамиле кургам, билем да. Салыштырып көрөсүң, көбү керсейген, аялды экинчи орунга койгон жигиттер эле. Элзардан аялга болгон аёо, сыйлоо сезимин байкадым. Эми азыр баары күйөөсүн мактап жатат деп ойлошот, ушул жерден токтотоюн, ээ (күлүп)?

Э.: – Мага таанышканда эле Айгеримдин ачык-айрымдыгы, шайырдыгы жаккан. Ичинде кири жок, тамашакөй адам, ошол эле учурда өзүнө жарашкан эркелиги бар.

– Кыз-жигит мамилеңерди коомчулуктан 4 жыл бою жашыруу оңой болбосо керек?

А.: – Биздин таанышканыбызга 5 жыл болсо, 4 жылдан ашык убакыт кыз-жигит мамиледе болдук. Кыз-жигит экенибизди жакын чөйрөбүз гана билчү. Жадакалса ата-энем мындан 3-4 ай мурун эле билди. Эч кимге айткан жокпуз, анткени башында экөөбүз тең мамилебиздин үйлөнүү менен аяктаарына ишенбей жатканбыз. Менде өзүмө ишенимдүү болгуча элге айтпай эле турайын, жигиттин санын көбөйтпөй деген ой болгон. Биз экөөбүз “болду, баш кошобуз” деген чечимге сүйлөшкөндөн 2 жылдан кийин келдик окшойт.

Э.: – Бакыт тынчтыкты сүйөт деп коюшат эмеспи. Биз айрымдардын көзү, сөзү тиет деп мамилебизди сактадык. Көрө албастар, уруштурганга аракет кылгандар болот дегендей. Менин ата-энем менен Айгеримдин таанышканына көп болгон. Айгерим Ак-Талаага гастроль, концерттер менен барып турчу. Үй-бүлөмө “дос кызым” деп тааныштыргам, бирок кийин өздөрү эле сезип калышты. Апам “досуң эмес эле сүйлөшкөн кызың окшойт, ыя?” деп улам сурап жатып билип койгон.

– Анан достук мамиле кантип сүйүүгө айланып кетти?

А.: – Достугубуз кантип сүйүүгө айланганын өзүбүз деле билбей калдык. Башында дос катары клипке сценарий жазып, идеяларыбызды бөлүшүп эле жүрчүбүз. Бир жолу Элзар “жүрө бербей, экөөбүз эле сүйлөшүп алсак кандай болмок” деп тамашалаганы эсимде. Бир карасак эле бири-бирибизди кызганып жүрөбүз. Кээде Элзар мени кызганып, башкалардан коруп калат, кээде мен аны кызганып калам. Айтор, баары биз үчүн түшүнүксүз жагдайда башталды. Аны азыр сөз менен айтып жеткире албайм.

Э.: – Бири-бирибизге болгон жылуу сезимдерибизди көпкө чейин достуктун “маскасында” катып жүрдүк. Алтынчы туюмубуз, көздөрүбүз менен сүйлөшүп, түшүнүштүк окшойт.

А.: – Элзар менден 1 жашка кичүү да. Сүрөтүнөн биринчи жолу көргөндө жаш баладай көрүнгөн көзүмө, ал эми жолугушканда чоң эле “качок” бала турат жанымда. Менден 1 жаш кичүү болгону менен, сабырдуулугу, токтоолугу, ой жүгүртүүсү көптү көргөн кишидей. Көп жолу менин эркелигимди көтөрдү. Менде башында эмнеге шектенүү болгон айтайынбы? Жашоодо каткырып, шайыр-шатман жүргөнүм менен, жакын адамыма аябай талапчылмын. Менин мүнөзүмө Элзар чыдабай качып кетет го деп ойлогом (күлүп). Азыр ойлоп талдап көрсөм, көп ызы-чуулар, таарынычтар менин айымдан жаралчу экен. Айгерим Эшим деген ысымдын элге жайылышына Элзардын да салымы чоң, анткени 4 жыл бою чыгармачылыкта такай колдоо көрсөтүп келди.

– Мындан аркы пландарыңар кандай?

Э.: – Буга чейин “кыз-жигит экенибиз элге билинип калбасын” деп дуэт ырдаган эмеспиз. Мындан ары бизден дуэттерди күтсөңөр болот. Чакан мамлекетибиз түптөлдү, эми чыгармачылыкта чогуу жетелешип, эриш-аркак, мурдагыдан да күчтөнүп, бири-бирибизден кубат алып иштейбиз.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1126, 4-10-июль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан