Сел каптаган Ноокат: Табият кырсыгы күбөлөрдүн көзү менен

28-июнда Ноокат районунун Абшыр-Ата капчыгайында сел жүрүп, кырсык 10 адамдын өмүрүн алды. Абшыр-Сай эс алуу жайындагы 1500дөй адам убактылуу селдин курчоосунда калып, көп өтпөй куткарылды. Кырсыктын алдын алууга мүмкүн беле? Окуянын күбөлөрү тилсиз жоо кантип келгенин, ошол учурдагы кырдаалды айтып беришти. 

Жапаров жергиликтүү бийликти айыптады

Кыргызстандын аймактарында быйыл 20-апрелден 1-июлга чейин 236 жолу сел жүрүп, анын кесепетинен жалпы 17 адамдын өмүрү кыйылган. Табият кырсыгынын жалпы чыгымы 170 миллион сомдон ашты деп билдирүү жасады өкмөт жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев. Ноокат районунда эле селден улам 125 үйдүн короосун суу каптап, 28 үйдүн ичине суу кирген, 11 үй жараксыз абалга келген. Өкмөт башчы Акылбек Жапаров кырсыктын алдын алууга мүмкүн болгонун айтып, “жетиштүү аракет кылган эмес” деп жергиликтүү бийликти сындады.

– “Кызыл-Кыя көмүр” ишканасы көпүрөлөрдүн баарын көтөрбөгөндө Ноокаттагы сел мынчалык күчтүү болмок эмес. Сел күчтүү агым менен келип ылдый жакты каптап кеткен. Көпүрөлөрдү көтөрбөгөндө суу үстүнөн агып кете бермек. Кууш жерге суу топтолуп 10 адамдан ажырап, 1500 эс алуучу чарасыз калды. Бир шылуундун айынан... Кырсыктын алдын алууга болмок, – деди Акылбек Жапаров. Ошондой эле Жапаров транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев чоң ката кетиргенин, көпүрөнү көтөргөндөрдү аныктоону тапшырды. Транспорт министрлиги селдин кесепетинен бир нече чакырым жол, 9 көпүрө бузулуп, бир көпүрө толугу менен кыйраганын билдирди. Баткен-Ош жолун байланыштырып турган стратегиялык мааниге ээ көпүрөнү да сел алып, бир топ убакыт эки аймак транспорт байланышысыз калганын айта кетели. 

Даут Атакожоев, Абшыр-Ата айылынын башчысы: «Селге агып кеткен 10 адамдын баары бир унаада болушкан»

– Негизи сел келгенге чейин 2-3 күн тынбай жамгыр жааган эле. 28-июнь күнү саат 16:00дө мага айылдаштар “сайга сел кирип келди, келе калыңыз” деп чалышты. 10 мүнөттө айылдагы экскаваторду айдатып капчыгайга жетип бардым. Аркы жээкке өтө турган көпүрөнү суу алып кетиптир, көпүрөнүн жээгиндеги отундарды тазалап жол ачалы дегенбиз, бирок суу улам көбөйө бергенден экскаватор ишин токтотту. Негизи Абшыр-Сайга күнүнө 1500-2000 эс алуучу келет, сел келген күнү деле ошончо адам болгон. Сел суу жээктеги тапчандарды эс алуучулары менен кошо суу көпүрөгө чейин сүрүп барып, эки тапчан бири-бирине кийилип калды. Бирок адамдар бири-бирин колдорунан тартып куткарганга жетишип калышты. Жээкте отургандардын арасында көз жумгандар болгон жок. Каза болгон 10 адам тең бизге жакын Борбаш айылынан болушат, бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү. Казакстандан неберелери келип, ошолорду Абшыр-Атага ойноткону алып келишкен экен. Түшкө жакын шаркыратманы көздөй барып, кайра келе жатышканда селге туш болуп калышыптыр. Ал жер өзү кууш жер, суу көп келгенде унаа менен качканга мүмкүнчүлүк жок, жөө-жалаңдап тоонун бооруна гана качып чыга аласың. Кичинекей балдар менен качып чыкканга жетишпей калышкан окшойт. Куткаруу иштерине толугу менен катыштым, кечээ ошол үй-бүлөнүн 2 жаштагы небересинин сөөгүн таап өткөрүп бердик. Элден чогулган гумжардамды автоунаасы селге агып кеткен жарандарга бердик. Кээ биринин акчалары жок экен, жол киресин карматып, айрымдарын такси, кичи автобустар менен үйлөрүнө ташыдык. Буга чейин бул сайдан мындай сел түшкөн эмес, айыл аксакалдары да таң калып жатышат.

Шарапат Абдикаримова, окуянын күбөсү: «Сел дарактарды түбү менен кошо жулуп кеткенин карап отурдук»

– Абшыр-Атада эс алалы деп туугандар менен Алайдан келгенбиз. Биз өйдөрөөк жакта болчубуз. Бир маалда таштардын тарактаганы угулуп, дуулдаган үн чыкты. Ылдыйды карасам, капкара суу каптап кетиптир. Элдин көбү бири-бирине кыйкырып, өйдө жакка качып чыгышты. Жээкте турган автоунаа, күркөлөрдү оодарып, дарак-талдарды тим эле түбү менен жулуп кетти, сел абдан күчтүү ылдамдык менен келди. Кудайлап эле отурдук. Биз го бийигирээкте элек, ылдыйдагы айылдар аман болсо экен деп тилендик. “Аркы жээкке өтө албайсыңар, 3 көпүрөнү тең сел алып кетти” дешти, ал түнү тоодо түнөдүк. Абдан суук болуп, үшүдүк. Байланыш жок. Эртеси кичи автобустар, жүк ташуучу унаалар менен эл эс алуучуларга тамак-аш, суу, резина өтүк таратып беришти. Элден айланса болот, бири-бири менен акыркы күкүм нанынан бери бөлүшүп жатышты.

Асилбек Айтибаев, окуянын күбөсү: «Автоунаабыз тоодо калып кетти»

– Сел келген учурда биз Абшыр-Атанын тоо тарабында эс алып жатканбыз. Күүгүм кирейин деп калганда ӨКМ кызматкерлери “жолдордун баары жабык, бүгүн ушул жакта каласыңар” дешти. Боз үйдө жаттык. Болжол менен 500-600дөй эс алуучу бар болчу. Кээ бири укканда бүгүн кетебиз деп “паника” болушту. Эртеси гана жөө ылдый түшүп, сайдан ӨКМ кызматкерлери өткөрүштү. Унааларыбыз тоодо калды, жолдор дагы деле оңдоло элек.

Абдимиталип Сагынбаев, Көк-Жар айылынын тургуну: «Тоодон түшкөн туристтерди район борборуна ташып жаттым»

– Абшыр-Атага Баткен, Ош, Андижан, Бухара, Самарканддан бери эс алуучулар келишет. Акыркы жылдары туристтер абдан көбөйгөн эле. Бул жерде өзүбүздүн да күнөөбүз бар, эл зым менен дарыянын жээгинен бери тосуп алышкан. Дарыянын жээги 10 метрге чейин ачык болушу керек да негизи. Ошол короолордун зым, жыгачтары, дарак-талдардын баары агып барып көпүрөнүн оозуна тыгылып калбадыбы. Кууш жер болсо суу каякка агат, үйлөргө кирет да. Жергиликтүү жашоочулар деле ушуну туура түшүнүп, сайдын жээктерин ачык калтырышса болмок. Карапайым эл ӨКМ кызматкерлеринен кем эмес куткаруу иштерине катышты. Мен күнү-түнү тоодон түшкөн туристтерди райондун борборуна ташып жүрдүм. Көк-Жар, Кулатов, Гулистан айылдарында азыр таза суу жок, элге водовоз менен суу таратып жатышат. Тазалоо иштери бүтсө, таза суу келген түтүктөр калыбына келтирилет деп күтүп жатабыз.

Лунара Бекиева        

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1126, 4-10-июль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан