Шоола (Ага-ининин ортосундагы карама-каршылыктар, кыйынчылыктар, эч нерсеге байланбаган сүйүүнү баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Канаттын санаа басып кыйналып жүргөнүн апасы сезип эле турду. Шооланын жөнүн да уккан. Эки баласынын кимисине көбүрөөк кыйын болуп жатканын билбейт, бирок экөөнө тең жаны кейип бүттү эненин. Жанаты жакында чоң иштин алдында турган, анысынын биротоло оозунан кеби түшүп калды, Канаты болсо арыктап жүдөп кетти. Бир уулунун шамдай болуп ичтен эрип баратканына, бир уулунун ачык эле жалындап күйүп  жатканына капа. Уулдарынын жолунан Шооланын кезигип калганына жаны ачыйт. Эне да, эч бирин сыртына чыгара албайт. Акыры баласынын кыйналып жатканын көрүп  чыдабай кетти. Негизи эле аз сүйлөп, эмоциясын көп билдирбеген адам эле апасы. Канат адатынча бир жерге тура албай жаткан эле.

– Кудайдын колундабыз да, балам, сенин минтип кыйналганыңдан эч кимге пайда жок. Колдон келгенин Жанат да жасап жаткандыр. Өзүңдү анча кыйнабачы. Арыктап да кеттиң. Жок дегенде чачыңды кырктырып, сакалдарыңды алып алчы, – деп суранды апасы.

Канат ошондо гана канча күндөн бери күзгүгө карана электигин сезди. Оор үшкүрүп алды.

– Билбейм, апа. Бул окуя кантип бүтөт деп көп ойлончумун. Ар түрдүү версиялар башыма келчү, бирок Шооладан мени өлүм ажыратат деп эч качан ойлогон эмесмин. Кандай оор тагдыр башыма түшсө, көтөргөнгө даярмын. Бирок менин айымдан бир адам азап чегип...

– Канат, эмнеге Шооланын тагдырына дайыма өзүңдү күнөөлүү деп ойлойсуң? Күнөөлүүмүн деп жашаш канчалык оор экенин билесиңби? Мен бир өмүр күнөөмдүн оордугунан майышып жашап келдим. Сен антип жашаба, балам. Сенин эч бир күнөөң жок. Эч бир окуяда сенин күнөөң жок.

– Анда ким күнөөлүү?

– Тагдыр.

– Мен анын жолунан жолукпасам, аны мынча кыйнабасам, балким, өз жашоосу менен жашап бактылуу болмок. Мен ага эмне үчүн андан баш тартканымды ачык айтсам, Жанатка турмушка чыкмак эмес. Эрким жетпеди. Болгон чындыкты ага ачык айта албадым. Эң чоң күнөөм ушул, апа. Мамиледе ачыктык керек. Мен намыстандым, өзүмдөн өзүм уялдым. Аягы келип ушул болду. Эми Алияны ошентип эзип жүрөм. Кыздын көздөрүндөгү үмүттү көрөм. Сөйкө салып коюп, үйлөнүү тууралуу ооз ачпай келе жатам. Айтор, чаташып калды баары. Негизи Алияны да таарынтайын деп ойлогон эмесмин, ниетим ак. Бирок Шоола бул абалда турганда кантип ага үйлөнүү сунушун киргизем? Деги эле мындан ары кантип, эмне кылып жашайм, акылым жетпейт. Азыркы эң бир чоң үмүтүм – Шоола менен ичиндеги наристенин аман калышы. Андан башкасы экинчи планда.

Ушул учурда Канаттын телефонуна Жанат чалып калды.

– Салам, Канат, мен окуучуларынын биринен болжол менен профессордун кайда экенин билдим.

– Койчу, чын элеби? – Канат абдан кубанып кетти. Түнөрүп турган жүзү жаркый түштү. Апасы эмне болгонун түшүнбөй тиктеп калды.

– Анда таң атпай чыгалы, сенин машинең менен баралыбы?

– Канат, менин эртең өтө маанилүү жыйыным бар. Билесиң, жакын арада мени чет өлкөгө элчи катары жибергени жатышат.

– Аа, аны унутуп калган турбаймынбы, мен анда өзүм бара берем. Сен мага даректи  жибер.

– Кайдагы дарек? Дарек-марек жок, болжол менен кайсы райондо болушу мүмкүн экенин гана айтты. Ысык-Көлдүн алыскы айылдарынын бири имиш. Аны да так айткан жок, кыскасы, ал жактан кантип издейсиң билбейм. Баса, азыркы аты Дербиш имиш. 

Канат телефонду өчүрүп, ойлонуп калды. Апасы аны кооптоно тиктеди.

– Кайсы жакка барганы жатасың, балам?

– Бир адамды табыш керек болуп жатат.

– Ким экен ал?

– Кардиолог, профессор Султан Казиев деген адам бар экен.

Апасы бул атты укканда көздөрү бакырайып кетти. Жүрөгү туйлап жатты. Эмне деп жатат бул бала? Ким деди? Канат апасынын мындай абалын байкаган деле жок.

– Ким дедиң?

– Шоолага жардам берсе ушул адам гана жардам берет деп айтышты. Чет өлкөдө иштеп жүрүп Кыргызстанга келип, жеке клиника ачкан экен. Элге жардам бергенге кызыкдар адам имиш. Өлөт деген бир нече адамды куткарыптыр. Анан да оор операцияларды жарым акчасына же бекер жасаптыр. Кыскасы, бир легенда адам экен.

– Ким дедиң?

– Султан Казиев.

Апасынын көзү ымыр-чымыр болуп кетти. Өмүр бою каткан сыры ушул эмес беле? Өмүр бою өзүн кемирип жеп келген жаранын оозу ушул го. Кантип булардын жолдору биригип калды? Табышмак  тагдырың курусун деген ушул... Эч качан жолукпайт, билбейт деп ойлободу беле?

– Канат, сен барба ал жакка! Суранам сенден, балам, ал жакка бара көрбө! Мени апам десең ал кишини издебе!

Апасы калтыраган колдору менен жүзүн жаап ыйлап жиберди. Канат түшүнбөй дендароо болуп калды. Ар дайым токтоо апасы эмнеге минтип жатат? Эмне болуп кетти өзү?

– Апа?..

Апасынын ыйлаганын биринчи жолу көргөнү ушул, тизелери калтырап кетти. Тээ илгери бала кезинде атасы чала жан кылып сабап салганда да ыйлачу эмес апасы. Дегеле эркине, эмоциясына баш ийгенин көргөнү ушул.

– Эмне болуп кетти, апа?

– Барба, балам, бир жаман иш болорун жүрөгүм сезип жатат. Сенден суранам, ал адамды издебе!

– Апа, бул Шоола үчүн акыркы үмүт. Кантип барбайм, кантип издебейм?..

Апасы башка кеп айта албай ыйлай берди. Профессор Султан Казиев деди, жаңылыш уккан жок. Бул бала кимди издеп жатканын билсе кана? Канат эмне кыларын билбей туруп калды. Апасын бек кучактады, апасы болсо жаш баладай ыйлап жатты. Уулунун тизесине башын коюп көпкө ыйлады, акыры чарчаганда жөн гана жатып калды. Дили ооруп жатты. Мына, тагдыр деген ушул. Качандыр бир  жылдары ушул күн келет деп коркчу эле. Бул күн болорун, өзү менен, тагдыры менен, баласы менен бет келише турган күндү коркуп күтчү. Билинбей калат деп өзүн алдаганы менен, ар дайым жүрөгүндө жүргөн оорусу ушул эле. Мына, эми келди. Ошол күн келди. “Кана, эми кандай айла кыла аласың?” деди өзүн өзү шылдыңдап. Канат апасынын дирилдеген ийинин сылап ойлонуп отурду.

– Апа?

– Ии?

– Эмнеге ыйладыңыз?

– Өх, мага жеңил дейсиңби? Бир жагымда сен, экинчи жагымда Жанат. Бириң эмес, экөөңдүн тең күйүп жатканыңарды көрүш мага жеңил дейсиңби? Баары чогулуп кетти көрүнөт. Атаң да акыркы күндөрү  кыйнап жиберди. Ал жакпайт, бул жакпайт. Тамагым жакпайт, массажист жакпайт. Ооруган адамды караш да оор. Баары чогулуп кетти.

– Апам менин!

Канат апасынын агарып баштаган чачтарын сылады.

– Сен менин каарманымсың, апа. Адатта, эркек балдар атасын каарманым дешет. Бирок меники сенсиң. Жашоонун кандай учуру болсо да күчтүү турдуң. Бир да жолу алдастап, акылыңды жоготуп, адилеттиктен тайган жоксуң. Сен менин идеалымсың, менин баарымсың. Сен ыйлабачы, апа, эгерде сен өзүңдү жоготсоң, мен да, Жанат да жолубузду жоготуп алабыз. Сенден күч алабыз биз. Сен күчтүү турсаң, биз баарын жеңебиз. Сабырдуум менин!

Апасы үнсүз баш ийкеди. Канатка ал адамды издебе деп айтканы акылга сыйбаган иш экенин сезип турду. Шоола үчүн ал керек болсо ааламды кезип болсо да керектүү адамды таба турганын билет. Суранып токтотом дегендин өзү акылсыздык. Башка жол издөө керек...             

 (Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1126, 4-10-июль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан