Жапайы куштарды аңдып, бирок колуна мылтык эмес, фотоаппарат көтөрө чуркаган каарманыбыз бар. Ал – бёрдвотчер Нуржан Алымканова. Өлкөбүздөгү жапайы канаттуулар, аларды сүрөткө тартуунун, үнүн угуунун ырахаты тууралуу кызыктуу маек куруп берди.
Бёрдвотчинг деген эмне?
Бёрдвотчинг – англис сөзү, кыргызча “куштарды көрүү, байкоо” дегенди билдирет. Орнитологияны сүйүүчүлөрдүн хоббиси. Мындай хобби айрыкча Батыш Европада, Түндүк Америкада, Японияда популярдуу... Мисалы, Нидерландыда эле 100 миңдеген бёрдвотчерлер бар деп айтылат. Бёрдвотчердин иши – куштарды сүрөткө тартуу, сайраганын тыңшоо, алардын жашоосуна байкоо жүргүзүү.
– Нуржан айым, бёрдвотчингди популярдуу хобби десе болобу?
– Албетте. Популярдуу болгону үчүн экотуризмдин миллиондогон акча айланган тармагы да. Муну Кыргызстанда да өнүктүрүп, көп каражат тапса болот. Анткени бизде канаттуулардын 400дөй түрү бар, анын 57си Кызыл китепке киргизилген, табиятыбыз абдан кооз. Бёрдвотчерлер жер кыдырып, канаттууларды фотоаппаратка тартып, алардын сайраганын жаздырышат. Кайсы канаттуу кайсы аймакты байырлай турганын жазып сайттарга сүрөттөрүн жүктөшөт. Андай маалыматтарды орнитологдор өз изилдөөлөрүндө колдонушат.
Менин экинчи кесибим психолог, айтарым – куштарды кароо, суктануу хоббиси стресстен арылууга, көздү эс алдырууга жардам берет. Анткени таза абада, кооз жерлерде көп жүрөбүз.
– Кыргызстанда бёрдвотчерлер үчүн кайсы аймактар популярдуу?
– Мисалы, Тоң районунда Ак-Булуң жарым аралы бар. Арал суу канаттууларынын миграциялык жолунда жайгашкан. Ал жерге миграция убагында 10-20 миңдей канаттуу дем алууга, азыктанууга токтойт. Бёрдвотчинг менен алектене баштаган алгачкы жылдары ошол жерге көп барчубуз. Браконьерлердин издерин, ок-дары калдыктарын көрчүбүз. Анан жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тренингдерди өттүк. Кийин жашоочулар ал жерди корукка айлантып алышты. Казармандагы "Кан-Ачуу" жаратылыш паркын кыргоол, бөдөнө, чил, шумкар, бүркүт жана башкалар байырлайт. “Ал жакта жезтумшук бар, коркунучтуу үн чыгарат” деп жашоочулар оңою менен барбайт экен. Биз ал жерди 2 күн кыдырдык. Көрсө, эл жезтумшуктун үнү деп корккон нерсе мыкый үкүнүн үнү экен. Баткендин Төрт-Күлүнөн, Ысык-Көлдүн Боом капчыгайынан экиден кара кунасты көрдүк, кийин туристтер көбөйүп алар башка жакка ооп кетишти. Ысык-Көлдөгү Туз-Көлдүн тегерегинен жалтырак мыймытты, Ала-Арча паркынан күрөң орок тумшукту кезиктирдик. Куш көрүү үчүн Казакстанга, Шри-Ланкага чейин барганбыз.
– Бёрдвотчинг менен алектенип каражат табууга мүмкүнбү?
– Мүмкүн. Бёрдвотчерлер тарткан сүрөттөрүн сатышат, туристтер үчүн атайын турларды уюштурушат, бул үчүн сөзсүз акысын алышат. Бирок минтип профессионал бёрдвотчерлер алектенишет. Жаңы үйрөнчүктөрү орнитологияны сүйүүчүлөр катары эле жүрүшөт.
– Сиз бул хоббини качан тапкансыз?
– Кичинемден жаратылышка кызыгам. Ошол кызыгуу хоббиге айланып, 2015-жылдан бери бёрдвотчинг менен алектенип жүрөм. Башында канаттууларга кызыккандар ар кимиси өз алдынча алектенишчү. Анан жакындан таанышып, 2020-жылы Кыргызстанда бёрдвотчерлер коомун түздүк. Учурда топто 10 адам бар. Тарткан сүрөттөрүбүздү даталары, кошумча маалыматтар менен өзүбүз түзгөн сайтка жүктөйбүз. Ал жерде 1 жылда ким канча канаттуунун сүрөтүн жүктөгөнү көрсөтүлүп турат. Бёрдвотчинг – Кыргызстанда илимдин жана туризмдин өнүгүшүнө салым кошчу тармак.
– Бир кушту көргүңүз келди дейли, анын кайсы аймакты байырлай турганын кантип билесиз?
– Бул жаатта белгилүү эколог Эмил Шүкүров агайдан көп кеңеш алдык. Анын көзү өтүп кеткенден кийин башка орнитолог, экологдордон кеңеш алып жүрөбүз. Алыс аралыктан жакшы тартуучу фотоаппарат, дүрбү, кийим, азык-түлүктү алып эле жөнөп кетебиз. Көбүнчө такси жалдайбыз. Унааны өзүң айдасаң кокустан алдыңдан чыгып калган канаттууну тартууга үлгүрбөй каласың. Сазда жашагандарын көрүш үчүн резина өтүк кийип, камыш, бадалдарды аралаганга туура келет. Бизде да эрежелер бар. Уяга жакындоого, балапандарды кармалоого, үндү бийик чыгарууга болбойт.
– Канаттуунун канча түрүн көрүп, канча сүрөт тарттыңыз?
– 217 түрүн түрүн көрүп, жалпы 1008 сүрөт тарттым. Кээде “жок болуп кетти” делген канаттууларды сүрөткө тартып, анын бар экенин далилдеген учурлар болот. Ушунун өзү илимге кошкон салым.
– Чет элдик бёрдвотчерлер Кыргызстанга да келишеби? Аларды кайсы канаттуулар кызыктырат?
– Келишет. Айрыкча Европа, Орто Азиядан көп келишет, АКШдан келгендер аз. Алар өз өлкөсүндө жок куштарды көрүү үчүн келишет. Мисалы, куркулдай, кара каз, жыланчы куш, жору, төө чулдук, ышылдак ак куу, безбелдек, ичке тумшук чулдук, ак көз өрдөк, күйкө, жалтырак мыймыт, таңчы, кайчы тумшук, бүркүт, кара моюн арам өрдөк, айры куйрук, сасык үпүп, кашкалдак, эжеке бээ саа жана башкалар кызыктырат. Куркулдайдын уясын сүрөткө тартуу – ырахат. Биздин өлкөдө сулуулугу жагынан тропик өлкөлөрүндөгү кооз канаттуулардан кем калбаган, чоңдугу бармактай гана болгон жалтырак мыймыт бар.
Бир жолу Канададан келген бёрдвотчер ошону көрмөйүнчө кетпейм деп Туздуу-Көлдө, Ала-Арчада көпкө жатты. Бирок баары бир көрө албай арманда кетти. Сайраганда үнү найга (флейта) окшошуп чыккан сай сагызганды Таш-Төбөнүн аймагынан табууга болот. Аны көрсөтүү үчүн туристтерди ошол жакка алып барабыз. Сасык үпүп Швециянын Кызыл китебине киргизилген, бизде болсо көп.
Канымжан Усупбекова