Кол салуу (Кылмыштуу топтун кыңыр ишин баяндаган курч сюжеттүү сериал)

(Башталышы өткөн санда)

Президент бул окуянын мүмкүн болушунча жашыруун калышын талап кылды. Өлкөдөгү гезит-журналдардын баарынын кеңселерине президенттик администрациядан кишилер барышып, окуя ЖМКларда айтылбашы керектиги тууралуу абдан катуу эскертүүлөр берилди. Ошентип бул окуяны саналуу гана адамдар билбесе, коомчулук билбей деле калды. Билген кишилер болсо ал тууралуу ооз ачпоого милдеттендирилди.

Кол салууну уюштургандар өтө дыкат иштешиптир, атайын кызмат, милиция, айтор, Кыргызстандын күч органдары биргелешип издешип да эч бир илинчек таба алышкан жок. Эгер күтүүсүз жерден бир “кокустук” болбогондо, бул окуянын сыры ачылбай, кимдер уюштурганы билинбей, бара-бара унутулуп кетиши да мүмкүн эле. Жиптин учу кокусунан табылды.

Бишкек-Ош жолундагы “Сосновка” көзөмөл пунктуна чейин айдоочулар негедир автоунааны жогорку ылдамдыкта айдашат. Сол чөнтөккө акча иштеп алайын деп чыккан МАИлерге өзүнчө эле “Клондайк”.

Кыскасы, төрт МАИ кызматкери ошол күнү Сосновка айылынын ортосунда туруп алышып ылдамдыкты нормадан ашыра айдаган айдоочуларды кармап акча “сындырып” жатышкан. Түшкө маал алыстан бир эскирээк ак Жигули көрүндү. Ылдамдыкты ашырбай, тескерисинче, өтө эле жай келе жатты. Мындай жерде машинени жай айдоо жат көрүнүш, дароо шек жаратты.

МАИчилер да зеригип турушкан эле, бири шеригине минтти:

– Тиги келесоо же ичип алган же машинесине көп жүк салып алган. Карасаң, өтө жай айдап келе жатат. Бир нерсеси бар, карап турсаң азыр “класс” көрсөтөм.

Жигули жакындаганда “ала таягын” көтөрүп, токто деген белги берди. Айдоочу 40-45 жаштардагы арык, мурду чуштуйган адам экен, МАИчи жакындап келгенде корккону көздөрүнөн эле билинип, бирок анысын билдирбегенге аракет кылып жатканы байкалып калды. Анткор шайыр жылмайып, МАИчини утурлай алыстан эле эки колун сунуп учурашты.

– Ассалом алейкум!

МАИчи артка кылчайып шеригине бир карап койду да, айдоочунун сунган колун кармады:

– Акыры кармалдың, ээ? Эмне, жаман оюңда билинбей калат, качып кетем дедиң беле? – деп үтүрөйүп тапанчасын кармалай баштады. Аңгыча экинчи МАИчинин да басып келе жатканын көргөн айдоочу жерге чөгөлөп отура калып:

– Айланайын байкелер, менде күнөө жок. Арга жоктон бардым бул ишке. Балдарым жаш, балдарымды ойлогула... – деп жалынып кирсе МАИчилер адегенде нес боло түшүштү. Арттан келген МАИчи дароо эле түшүндү, минтип күнөөсү бар адам, бир жаман иш кылып качып жүргөн адам гана коркот, ушинтип жалынат. Шеригине көз ымдап коюп, тапанчасын айдоочуга такап:

– Эки мүнөт убакыт берем, баарын өзүң айтып бересиң. Болбосо ушул жерден атып таштайм! – деп тапанчасын айдоочунун көкүрөгүнө ныгырып койду.

Айдоочу карбаластап, оозунан шилекейин чачырата баарын айтып бере баштады.

– Менде күнөө жок, мен болгону кортеж кайсы тарапка кеткенин эле айтып койдум. Мындай окуя болуп кетерин кайдан билдим? Мени алдашкан экен да, көп суммада акча беришкенде эле шекшидим эле. Бирок мага алар “журналистпиз” дешкен да, президенттин иш күнү боюнча көрсөтүү даярдап жатабыз дешти эле. Мага жөн эле президенттик кортеждин кайсы жакка бурулганын айтып койгонум үчүн эле көп акча берип жатышса макул болдум да. Менде эч күнөө жок. Мени издеп жүрүшкөнүн укканымда тынчыраак эле болоюн деп Алайга, айылыма бара жаткам...

Ушуларды айтып бүтүп эле эсин жоготкондой түр көрсөтүп кулап түштү. Баары түшүнүктүү да. Айдоочу атайын кызматтын колуна түштү, ал эми атайын кызматтын адамдары шектүүнү сүйлөткөндү жакшы билишет. Он күнгө жетпей бул иштин артында тургандар аныкталып, аткаруучулардын баары кармалып, суракка алынды. Баары камалып кетишти. Бул ишти уюштургандардын башчысы Бейшенов деген гана колго түшпөдү. Ал Кыргызстандын бийлик бутактарында иштеп жүргөн абройлуу адам экен. Казакстандын жарандыгын алып алгандыктан кол салуу уюштурулган күнү эле чек арадан чыгып кетиптир, ошону гана табышпады. Аны кайда жүрсө да таап, Кыргызстанга алып келип мыйзамга ылайык соттоого буйрук берилди.

Буйрук берилгендин эртеси эле атайын кызматтын баш кеңсесинде бул операцияны даярдап, ишке ашыруу 13-бөлүмгө жүктөлдү.

13-бөлүм – өтө жашыруун бөлүм болчу, анда иштегендер чет өлкөлөрдө атайын даярдыктан өткөн мыктынын мыктылары деп саналат. Алар мамлекетке коркунуч туулганда гана чогулушуп, ар кандай тапшырмаларды аткарып, иш бүтөрү менен кайра тарап кетишет да жай турмушта жашай беришет. Бирок сыр ачышпайт, ошого милдеттүү. Тапшырманы да, жөнөкөй тил менен айтканда, “көчөдөн” эле алышат. Бул бөлүмдүн башчысы аты-жөнү эч жерде расмий жазылбаган, бир дагы чет мамлекеттин атайын кызматтары билбеген Макс деген адам эле.

Макс өзүнүн 6 адамы менен Бейшеновдун үй-бүлө мүчөлөрүнүн, туугандарынын телефондорун жашыруун тыңшоого алып, интернет аркылуу алардын байланыштарынын бардык түрлөрүн карап, изилдеп жатышты. Кээ бирлеринин артынан түшүштү. Бейшенов өтө эле бекем жашырыныптыр. Тууган, дос дегендеринин эч кимисине телефон чалып же билдирүү жазган жок. Коңшу өлкөдө катталган үйүнөн да табышпады.

Баары бир ар бир адам үй-бүлөсүнөн, аялынан, балдарынан сөзсүз кабар алат. Эки жума дегенде аялдын үнү менен чет өлкөдөн Бейшеновдун аялына чалуу болду. Үндү текшерип көргөндө эле атайын программа менен монтаждалганы билинип, ал Бейшеновдун үнү экени дароо такталды. Аялынын телефонунда да сакталган эмес эле мындай номер. Телефон номери аркылуу дарегин оңой эле таап алышты, чалуу Казакстандын Экибастуз шаарынан болгон экен. Макс кол алдындагы жети адамга Бейшеновду кармоо боюнча тапшырмаларды берип, алар ар кандай жолдор менен Казакстанга кирип кетишти да, Экибастуз шаарында чогулушту.

Бейшенов шаардын четинен беш кабаттуу үйдүн төртүнчү кабатынан ижарага батир алып өзү жалгыз жашап жатыптыр.

13-бөлүмдүн балдары да ал жашаган райондон, шаардын башка аймактарынан да ижарага батир алып жайгашып, Бейшеновду күндөп-түндөп аңдый башташты. Бул иште шашуунун кереги жок эле, ар бир кадамды өтө кылдат таштабаса болбойт. Бейшенов сакал-мурутун өстүрүп, чачын да узун кылып коё бериптир. Кесиби юрист болгондуктан, аты-жөнүн дагы өзгөртүп, аз убакытта эле шаардын борбордук бөлүгүнөн кеңсе ижарага алып, жарандарга укуктук консультация берген ишкана ачып алыптыр.

Макстын балдары бир жума акмалашып, Бейшеновдун жумушка келип-кеткен жолун, башка алектенген иштерин, айтор, баарын билишти да, Казакстандан жашыруун алып чыгып кетүүнүн планын түзүп чыгышты.

Расмий кайрылганда Казакстан аны баары бир бермек эмес. Биринчиден, ал Казакстандын жараны, күнөөсүн аныктап, соттоп, антип-минткиче көп убакыт өтүп кетет. Бул аралыкта Бейшенов бир жолун таап, чет өлкөгө качып кетиши толук мүмкүн. Эгер соттобой туруп эле берип койсо Казакстандын атайын кызматтарынын аброюна шек кетмек. Чоң чуу чыкмак. Кыскасы, аны Казакстандан оңой эле алып чыгып кетүү мүмкүн эмес.

Эң жеңил, тез бүтөр жолу – уурдап кетүү.

Макс Кыргызстан менен тымызын байланышып, эмне кылуу керек экенин кеңешип, чечишип, айтор, үч күндөн кийин шектүүнү Казакстандан уурдап чыгуу операциясы ишке ашырылмак болду. Бейшенов жумушунан күндө саат алты, алты жарымдарда чыгып, үйүнө айдоочусу алып кетет. Үйүнө жеткенде айдоочусун жөнөтүп жиберип, үйүнөн жүз метрдей алыс жердеги дүкөндөн гезиттердин жаңы сандарын, тамеки алат да анан үйүнө кирет. Ошол күнү да Бейшенов саат алтыдан жыйырма беш мүнөт өткөндө үйүнө келип, айдоочусун кетирип жибергенден кийин адатынча дүкөнгө кирди. Макстын балдары айланага дыкат көз салып, ишке киришкени даяр турушту... 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1126, 4-10-июль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан