Гүлмира Аширова, 50 жашта: «Жылдар бою салган үйүмдү мамлекет алып койгону жатат»

Редакциябызга Кочкор районунун Гүлмира Ашырова аттуу тургуну кайрылып, 14 жылдан бери жашап жаткан үй-жайы мамлекеттин балансына алынганы жатканын билдирди. “Айылда мамлекеттин карамагындагы канча миңдеген гектар жерлер иштетилбей бош жатат, бирок Кочкор райондук прокуратурасына дал ушул мен жашаган жер керек болууда. Бул жерде жеке кызыкчылыктар бар” дейт каарманыбыз.

«Какыраган жерди 50 миң сомго сатып алып, жапжашыл кылып гүлдөтүп салдым»

– Аты-жөнүм Гүлмира Аширова, учурда 50 жаштамын. Кочкор районунун Кара-Тоо айылында төрөлүп-өсүп, өмүр бою ушул айылда жашап келатам. Көп жылдан бери айылыбыздагы орто мектептин башталгыч класстарына сабак берип иштейм. 4 балам бар, 2 уул, 2 кыз. Кыздарым кичинекей, мектеп жашында, 31 жаштагы улуу балам 2-топтогу майып. Жолдошум менен ажырашып кеткениме көп болду, 4 баламды жалгыз бой тарбиялап, элден кем кылбай чоңойтуп келатам. 2010-жылы айылдашыбыз Ажымамат Айыповдон 50 миң сомго 17 сотых жер тилкесин сатып алган элем. Ал убакта айылда жер тилкелери ошондой арзан болчу. Ал киши көп жыл айылыбыздагы кесиптик-техникалык лицейде кароолчу болуп иштеген. “Мамлекетке көп жыл иштедим, үйүм жок, үлүш жерим жок” дегенде ага учурда биз жашап жаткан жер тилкесин менчикке чыгарып бөлүп беришкен экен. Профсоюздун токтому, сатуу-сатып алуу келишими, жердин кызыл китеби, үйдүн техпаспорту, айтор, бардык документтер бар. Сатып алган жылдан тарта үйдү камсыздандырып келем. 2012-жылдан тарта тапкан-ташыганымды ошол жерге үй курууга жумшадым. Какыраган эле жер болчу, бак-дарак тигип короо-жай кылдык, там салдык, кыскасы, ал жерди жапжашыл кылып гүлдөтүп алганбыз. 2022-жылы кесиптик-техникалык лицейдин директору “бул жер биздин лицейдин балансындагы жер, бошотуп койгула” деп келди. Ага чейин лицейде 3 директор иштеген, бирөө да “бул жер биздики” деп келген эмес болчу.

«Бош турган 9 имаратын иштете албаган директор биздин жапжашыл короо-жайыбызга асылып...»

– Негизи Кара-Тоо айылындагы бул жерге 1977-жылдагы башкы план боюнча суу тазалоочу жай курулмак экен. Бирок ал ишке ашкан эмес. Каралбай таланып-тонолуп кеткенде мамлекет ал жерди лицейдин балансынан чыгарып, айыл өкмөткө өткөрүп берген. Бирок лицейдин директору аны моюндабай эле “жок, бул жер биздин баланстагы жер” деп көгөрүп, Кочкор райондук прокуратурасы доогер болуп Нарын облустук соту биз жашаган жерди мамлекеттин балансына өткөрүп берип койду. Биздин үй лицейдин аймагынан 1 чакырым алыс жайгашкан, лицейдин 9 имараты бар иштетилбей бош турат, айылда гектарлаган жерлер бош жатат. Ошолорду иштетип алышпайбы? Эмнеге менин кенедей жериме көз артып жатышат? Бул жерде жеке кызыкчылыктар бар деп ойлойм. “Мамлекеттин балансына алдык” демиш болуп, жерди көзү кызарган бирөөгө өткөрүп бергени жатышат. Айылда миңдеген гектар жерлер иштетилбей турса, менин кенедей жеримди мамлекет башына тартсынбы?

«Балдарым менен каякка барып жашайм?..»

– Бүт маалымат каражаттарына “Кочкор районунда 3 миллион сомдук жер тилкеси мамлекеттин эсебине өттү” деп маалымат таратышыптыр. Бир үй-бүлөнүн ыйы, кайгысы булар үчүн эч нерсе эмес экен. Мен майып балам, кичинекей кыздарым менен каякка барып жашайм? 3 жылдан бери тынчтык жок бизде, соттон сотко чуркайбыз. Лицейдин директору үйдө эч ким жокто келип майып баламды “темирлерди каякка саттыңар, тигинттиңер, минттиңер” деп коркутуп кетиптир. Кичинекей кыздарымды сүрөткө тартып, тынч жашоо берген жок. Даттанбаган жерим калбады, Кочкор
РИИБине, райондун акимине, прокуратурага арыз жаздым, президентке 3 жолу кат жөнөттүм, Камчыбек Ташиевге кирейин десем, кезегим жете элек. Айтор, мамлекеттик органдар болгон нервимди жеп бүтүштү. Ал үйдү, короо-жайды түптөгөнгө бүт өмүрүм кетти, эми чык деп жатышат. Мыйзам боюнча коомдун, мамлекеттин кызыкчылыгы болсо гана жер мамлекеттин карамагына алынышы керек экен. Жактоочубуз доогер Кочкор райондук прокуратурасынан “ал жерди мамлекеттин балансына алгандан кийин эмне жасап, эмне саласыңар? Архитектуралык планыңар барбы?” деп сураса эч бир жүйө келтире алган жок. “Мамлекеттин балансында эле туруп турат” деп коюшту.

Кочкор райондук прокуратурасы: «Мамлекетке өткөн жер өз максатына ылайык пайдаланылат»

– Нарын облусунун Кочкор районунда №15 лицейге тиешелүү мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылган. Кочкор районунун Кара-Тоо айылындагы Ж.Тойгонбаев атындагы кесиптик лицейинин
3 миллион 100 миң сомдук жер тилкеси прокурордук чара көрүү актысынын негизинде баланска кайтарылды. Мурунку ээлеринин мыйзамсыз ээлик кылуусу жокко чыгарылган. Келечекте жер тилкеси өз максатына ылайык пайдаланылат.

Улан Бердигул уулу, №15 кесиптик лицейдин директору: «Суу тазалоочу жайдын темирин сатам дегенде чыр чыкты»

 – Мен аталган кесиптик лицейде 2019-жылдан бери директормун. Гүлмира эженин үйү турган жер 1954-жылдан бери биздин лицейдин балансында. Ал жерге мамлекет суу тазалоочу септик курабыз деп бүтпөй калган, жанында 5-6 бөлмөлүү, бышкан кыштан салынган имарат бар. Чыр эмнеден чыкты? Мындан 2 жыл мурун темир кымбаттаганда Гүлмира эже баягы септиктин темирин кесип сатам дей баштады. Мен “болбойт, бул жер лицейдин балансында турат, сатканга мүмкүн эмес” дедим. Кийин мамлекеттик органдар текшерип, мыйзам бузууларды ачыктап, сатуу-сатып алуу келишиминен бери жокко чыгарып, жерди мамлекеттин карамагына алып коюшту. Бизге анын үйүнүн кереги жок, чынында, чырдын баары ал темир сатам деп чыкканда башталды.

 

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1126, 4-10-июль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан