Сумкалардын 40тан ашык түрү бар

Сумка – башкы аксессуар. Ага капчык, ачкыч, блокноттордон тышкары керектүүлөр салынат.

Окумуштуулар чөнтөктөрдү алгачкы сумкалар деп эсептөө керек дешет. Ал эми чөнтөк жана кагаз акчалар пайда болгонго чейин адамдар тыйын жана башкаларды чакан баштыкчаларга салып көтөрүп жүрүшкөн. Андай баштыкчаларды аялдар юбкасынын алдында, эркектер курларына тагып жүрүшкөн.  

 XV-XVI кылымда оозу бүйрүлүп байлануучу баштыкчалар ар түрдүү өлчөмдө тигиле баштаган. Аларды көтөрүп жүргөндө андагы тыйындар шагырап турчу. Абдан шагыраса, демек, тыйын көп, баштык ээси бай деп эсептелчү. Чөнтөктөр пайда болгондо эркектер керектүүлөрү аз болгон учурда аларга салып жүрө башташкан. Аялдар керектүүлөрүн чөнтөктөргө батыра алышпай, баштыкчаларга салып көтөрүүнү улантышкан. Баштыкчалар убакыт өткөн сайын модалуу болуп өзгөрүлүп, баркыттан, тордон, атластан жана башкалардан тигилип, саптарынын узуну, кыскасы кездеше баштаган. Саякаттоо, иш сапары жана туризмдин талабынан улам чоң сумкалар, кийин чемодандар жаралат.

Учурда сумкалардын 40тан ашык түрү бар. Алардын ичинде клатч, шоппер, саквояж, рюкзак, спорттук жана пляждык сумка, сумка-билерик, планшет, борсетка (барсетка), хобо, келли, дипломат, себет сумка, кроссбоди, сэтчел, портфель, багет жана башка түрлөрү бар.  Негизи сумкалардын 90 пайыздайы аялдар үчүн чыгарылат.

Эркектер көп көтөрүүчү борсетка италия дизайны менен Түркия чыгара баштаган 1990-жылдан  тартып популярдуу. Ага документ, визиттик жана кредиттик карточкалар, чөнтөк телефон, ачкыч жана майда нерселер батат.

Эркектерге ишкер стиль үчүн портфель да ылайыктуу. “Портфель” француз сөзү, бизче “кагазды алып жүрөм” дегенди билдирет. Аты айтып тургандай, документтерди, баалуу кагаздарды алып жүрүүгө ыңгайлуу.

Нидерландынын борбору Амстердамда сумкалардын музейи бар. Анда сумкалардын 3000ден ашык түрү коюлган.

2002-жылы Италиянын сумка чыгаручу Gilda Tonelli фабрикасы бийиктиги 4,1 метр, узундугу 3,55 метр, жазылыгы 1,2 метр, салмагы 500 килограмм келген сумка жасап, "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген. Сумка күрөң булгаарыдан жасалган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1126, 4-10-июль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан