Шамшер Сардаров, ырчы, актёр: «Мени популярдуулук кызыктырбайт»

“Мурас” сериалын көргөн чыгарсыз, окурман? Аталган тасмада өспүрүм курактагы Атайдын моюнуна бир үй-бүлөнүн, жашоонун оор жүгү артылып, баланы сынаганы эсиңиздеби? Ошол Атайдын образын жараткан актёр, ырчы Шамшер Сардаров менен тааныштырабыз.

АНКЕТАСЫ

Туулган жылы, күнү – 2004-жыл, 19-февраль

Туулган жери – Талас облусу

Билими – Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайды бүтүргөн

Хоббиси – бильярд ойноо

Фобиясы – тереңдик

Репертуарындагы ырлары – “Мурас” саундтреги, “Жубайым”, “Колумдан баары келет”

Тартылган тасмасы – “Мурас” сериалы

– Шамшер, кандайсыз? Келиңиз, окурмандар менен таанышалы...

– Жакшы. Аты-жөнүм Шамшер Сардаров, Таластын кулуну болом. Үйдө үч бир тууганбыз, мен эң кичүүсүмүн. Атамдын аты Кудайназар, апамдын аты Гүлбара. Мектепти 7-класска чейин Таласта окугам, 8-9-класста Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы №69 гимназиядан окудум. 9-классты бүткөндөн кийин Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайга тапшыргам. Учурда 4-курсту бүтүрүп, дипломумду колума алып, билимимди тереңдетүү үчүн кайра Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясына тапшырайын деп жаткан кезим.

– Демек, музыкалык билими бар ырчысыз?

– Ооба. Буга чейин кабактарда, ар кандай ресторан-кафелерде, мекемелерде жандуу музыка коюп, ырдап иштеп жүрдүм. Негизи гитара менен ырдайм. Күрөңкеевде опера жаатында билим алдым, өзүм эстрадалык жаатта ырдагандыктан, эми эстрада бөлүмүнө тапшырайын деп жатам. Жакында саундтректтерден турган альбомумду чыгардым. Алдыда Эмил Эсеналиев, Нуркул Адылбеков, Салидинас менен биргеликте бир клип чыгаралы деп турабыз.

– Таластан Бишкекке которулуп келгенде мектептеги классташтарыңыз менен конфликт болгон жокпу?

– Шаарга келгенде классташтарым мени жакшы эле кабыл алышкан, баары менен бат эле тил табышып кеткем.

– Багыңызды ачкан "Мурас" сериалына кантип тартылып калдыңыз?

– “Мурас” сериалынын кастингине мени Акак деген эже чакырган. Ал эже азыр менин менеджерим. Кастингге барсам, ал жакта режиссёр Руслан Акун да отуруптур, аны менен таанышып, маектешип отурдум. Кастингден өткөндөн кийин мени мастер-класска чакырышты. Ошентип 1 жума актёрдук чеберчилик боюнча мастер-класстан өттүм. Андан кийин гана киного тартылып баштадым. “Мурас” сериалы менин дебюттук сериалым болду. Буга чейин ырдачумун, актёрдук тажрыйбам жок болчу.

– Актёрдук билимиңиз жок болсо, тасмага тартылуу учурунда кыйынчылыктар көп болсо керек?..

– Ооба, башында кыйынчылыктар болду. Актёрдук сабатым жок болгону билинет экен, баарын башынан көрүп билип, үйрөндүм. Бирок бара-бара жеңилдеди, ролго кирүүдө да, образ жаратууда да кыйналбай калдым.

– Тасманын кайсы эпизодун тартууда кыйналдыңыз, мисалы? Кызыктуу учурлар да болдубу?

– Кызыктуубу, кызыксызбы билбейм, жанагы сөөктү көмүү тууралуу эпизод тартылып жатканда сценарийди окуп жатып ыйлап жибердим. Анан тартуу иши башталганда образга кадимкидей кирип, өзүмдүн жашоомдо ошол окуялар болуп жаткандай аткардым. Так ошол туугандары менен урушкан жерин берилип аткарганым эсимде. Калган учурларда деле образга кирип аткаргам, болгону эсте калганы ошол болуптур.

– Мүрзөлөрдү аралап жүргөн эпизоддор бар эмеспи, корккон жоксузбу?

– Жок, корккон жокмун.

– Тасмадагы каарманыңыз Атай менен Шамшердин кандай окшош жактары, окшош эмес жактары бар?

– Тасмадагы Атай ашыкча “шустрый”, мен жашоодо анчалык “шустрый” эмесмин. Ошондой эле тасмадагы Атай тамакта аябай жакшы жасайт, а мен андай жасай албайм. Сериалдагы каарманымдын мага окшогон сапаттарынан айтсам, Атай көк бет, эмнени кылам десе ошону кылат. Мен дагы жашоодо көк бетмин, кылам дегенимди кылам.

– Тартылып бүткөндөн кийин сериалды кайра көрүп чыктыңызбы?

– Ооба, азыр деле 1-сериясынан баштап 10-сериясына чейин кайра-кайра көрө берем. Өзүмдүн аткарганым башында мага абдан кызык болду, серияларынын чыгышын мен да элге кошо чыдамсыздык менен күтүп жаттым.

– Келечекте ырчы болууга көбүрөөк басым жасайсызбы же актёрлуккабы?

– Негизи актёр болгон мага жакты, бирок негизги кесибим ырчылык да, ырчылыкка басым жасайм.

– Кумир туткан же окшошкуңуз келген жылдыздар барбы?

– Кимдир бирөөгө окшошкум келбейт, андай жылдыздар жок. Бирок кумир туткан жылдыздар бар. Бруно Марс, Жастин Бибер, Билли Айлишти кумир тутам.

– Ырчы катары кандай жетишкендигиңиз бар?

– Мен негизи ыр жазам, обон чыгарам. Жакында өзүмдүн автордук ырларым чыгат, буюрса, угасыздар.

– Сериал жарыкка чыккандан бери көчөдөн таанып, сүрөткө түшкөндөр да болуп жатса керек?

– Ооба, сериал көрсөтүлө баштагандан бери өзүмө да байкалды. Эми андайлар абдан көп деле дебейм, бирок көчөдөн таанып, жаныма келип сүрөткө түшкөндөр болуп жатканы чын.

– Атыңыз өзгөчө экен, ким койгон?

– Атымды атам койгон, Шамшер деген негизи арабча сөз. Арабча “шамшар”, кыргызчага которгондо “канжар” дегенди билдирет экен.

– Хоббиңиз барбы?

– Стол теннисин ойнойм. Көбүрөөк бильярдга жакынмын, жакшы ойнойм.

– Келечекте кандай жанрдагы тасмаларда тартылгыңыз келет?

– Билбейм эми, келечекте кандай жанр туш келсе, ошого карап тартылам го.

– А ырчылыкта сиз кыялданган чек?

– Ырчылыкта мен кыялданган чек жок, мени популярдуулук кызыктырбайт. Мени көбүрөөк ырдаган ырларымды элдин жактырып угушу кызыктырат.

– Тасмадагыдай каржылык абалыңыздан уялган учурлар болду беле жашооңузда?

– Жок, андай учурлар болгон эмес.

— Кайсы үлгүдөгү автоунаа менен "ооруйсуз"?

– Азыркы учурда Тойота Королла деген машине жагып жүрөт. Эскилери. Эски машинелерди жаңы, заманбап кылып жасагым келет.

– Сүйлөшкөн кызыңыз барбы? Дегеле кандай кыздар жагат?

– Сүйлөшкөн кызым жок. Мага таза, тыкан кыздар жагат.

– Китеп окуйсузбу?

– Негизи китепти көп окуй бербейм. “Властелин колец”, “Маленький принц”, анан “Повесть о двух городах” деген китептерди окугам.

 

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1126, 4-10-июль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан