Үмүт үзүлүп баратканда...

Аял көздөрүн жумду. Акыркы күндөрү аябай чарчаган экен, баш аламандыктан, жумушундагы көйгөйлөрдөн качып кеткиси келип жатты. Бирок качып кайсы жакка бармак? Адам өзүнөн өзү качып кутулмак беле? Колуна кармаган идиштеги кофесин телмире карап отура берди. Бир кезде оор улутунуп алды да, сумкасын алып жумушуна жөнөдү. Жумушу болгону жакшы, керексиз ойлордон алаксып, бир гана максаты иштөө болуп калат. Иштеп жатып жалгыздыгын да унутат. Жалгыздыктан коркууну унутат. 

Бүгүн кабылдамасына жапжаш кыз келди. 17 жашта экен, корккону көзүнөн көрүнүп турду. Гинеколог болуп иштеп баштаган алгачкы күндөн бери ушундай аянычтуу көздөрдү көрбөсөм экен деп тилейт, бирок ар бир кадамында жолуктурат. Кызды текшерип, анализдерин карап чыкты.

– Кош бойлуу экениңди билесиңби?

Кыз коркконунан көздөрүн алайтып, алгач башын ийкеп, кайра чайкап жиберди. Аял шектене тиктеп калды.

– Сени ким алып келди бул жерге?

– Жигитим.

– Кана, чакырып кел.

Кыз ордунан туруп баратып, кайра токтой калды. Чакырса деле келбей турганын билди окшойт.

– Ата-энең билеби?

– Апам каза болуп калган, атам Орусияда. Кийинки аялы менен жашайт.

– Сен ким менен жашайсың?

– Балдар үйүндө.

Аял оор үшкүрдү. Кыздын бакырайган көздөрүн карап, аны бирөөгө окшоштура берди. Кимге? Эстей албады.

– Баланын атасы ким?

– Жигитим, Инстаграмдан таанышканбыз. Мага үйлөнө албайт, анткени...

– Ии?

– Аялы жана балдары бар экен. “Сени сүйүп калгам, жоготуп алам деп коркконум үчүн үй-бүлөм бар экенин айткан эмесмин” дейт. Кош бойлуу экенимди укканда “алдыр” деди. Сизге алып келди, анткени эжеси сиздин таанышыңыз экен.

Аял ошондо гана бир таанышынын кечээги өтүнүчүн эстеди. “Иним сага бир кызды алып барат, жардамың керек” деген сыяктуу сөз айткан эле. Демек, ошонун иниси экен да. Баланы алдырыш үчүн ортого тааныш салып жатканы тура. Эмнегедир жини келип кетти, жашоосундагы бардык жинин, ызасын ушул кыздан чыгарып алгысы келди.

– Ойлонуп иш кылбайт белең анан? Карачы, канча убакыт өтүп кеткенин... Бала кыймылдап калганча жүрө берипсиң го.

– Билбей калдым.

– Бар, мен бул ишти кыла албайм, башка врачка барып көргүлө.

Кыз кагаздарды кармалап турду да, аргасыз чыгып кетти. Жумуш бүтүп үйүнө келди. Аялдын эсинде кыздын көздөрү сакталып калыптыр. Жумушунда мындай окуяларды көп эле көргөн, бирок негедир ушул кыздын абалы, коркуусу көз алдынан кетпей тура берди. Жүрөгү мыкчылып жатты. Эртең менен кайрадан ишине жөнөдү. Кабинетинин алдында кечээги кыз турганын көрдү. Башка бара турган врачы жок көрүнөт. Аял аны көрүп негедир жеңилдей түштү.

– Кир, – деди ага кабинетин көрсөтүп. Кайра кароодон өткөрдү. УЗИ төрт айлык эркек баланы көрсөтүп жатты, тагдыры белгисиз наристе колдорун кыбыратып жатат.

– Бул чекитти көрдүңбү? Ушул сенин балаң, карачы сага кол булгалап жатат. “Менин акылсыз апам” деп таарынып жатат, – деди жылмайып.

Кыз экранды тиктеп ыйлап жатты.

– Эми ыйлагандан пайда жок. Баланын абалы жакшы экен. Сен аборт жасатпа, төрө.

– Кантип? – деди кыз көз жашын сүртүп.

– Аны кантип багам?

– Мен багышам.

Аял оозунан ушул сөздүн чыгып кеткенине өзү да таң калды. Кыздын көздөрү да ого бетер алайып кетти. Аял эрдин тиштеди.

– Сизби?

– Мен.

– Кантип?

– Төрөгүчө мени менен жашайсың. Анан окуйсуң, иштейсиң. Балаң чоңойгонго чейин жардам берем. Макулсуңбу?

Кыздын жүзү жайнап кетти, шашыла башын ийкеди.

– Сиз ким менен жашайсыз?

– Жалгыз.

Аял жалгыздыгын биринчи жолу моюнуна алгансыды. Буга чейин тагдырына моюн сунбагандай жашачу. Жол кырсыгынан каза болуп калган кызы аны менен чогуудай сезиле берчү. Арадан 5 жыл өттү, жарасы такыр айыкпады. Айыгышын, балким, өзү каалабады, ким билет?..

– Кызыңызбы? – деди тиги кыз столдо турган сүрөттү көрсөтүп. Аял сүрөттү колуна алды. Алдында турган кыздын көздөрү ушул сүрөттөгү кыздын көздөрүнө окшош эле. “Ооба” дегендей баш ийкеди. Кызы. Анын түбөлүк жарасы. Ошол каргашалуу күнү унаада баратып жолдошу экөө катуу урушуп кетти. Анын башка үй-бүлөсү бар экенин билгенден кийин чыккан уруш эле. Экөө кыйкырышып жатышты. Арткы орундукта отурган кызын да эстен чыгарып коюшту. Рулдагы күйөөсү алдынан чыга калган чоң жүк ташуучу унааны кеч көрүп калды. Өзүн жоготуп коюптур, эсине келгенде күйөөсү экөө аман калганын, кызы каза болгонун билди. Жолдошун бул үчүн такыр кечире албады, акыры ажырашты. Күйүтү жана жумушу менен жалгыз калганы 5 жыл болду. Аял алдында отурган кыз өзүнүн каза болуп калган кызы менен бир жылы, бир күндө төрөлгөнүн кечээ анализдерин карап жатып билген. Балким, дал келүүдүр... Ак саргыл жүзү да окшошуп кетет экен. Чарасыз кызга мээрими түшкөнү да ушундан уламдыр...

 

ххх

Аялдын окшош, супсак күндөрү артта калгандай, кызы Сезим тирилип келип калгандай сезилип жатты. Жумуштан чыгып эле үйүнө шашат. Мурун кунарсыз дубалдар тосуп алса, азыр Айдай деген зирек кыз тосуп алат. Акылдуу кыз экен, тез эле чет тилдерин үйрөнүп, жогорку окуу жайга тапшырууга даярданып жатат. 17 жашта болгону менен, жашоонун баарын көрүп койгондой акылдуу.

– Сиз болбосоңуз мен эмне кылмакмын? Жашоодо сиздей адамдар бар деп ойлогон эмесмин, – деди бир күнү чай ичип отурушканда.

– Мен кандай экенмин?

– Идеалдуу.

Аялдын көзүнө жаш толо башын чайкады.

– Мен эч кандай идеалдуу эмесмин, Айдай. Мен өз жүгүн ташый албай, өз күнөөсүнөн качып жүргөн бир бечарамын. Мен өз кызынын ажалына себеп болгон энемин... Мен өз очогун сактай албаган бир бечара аялмын. Өмүрүм карьера жасоо менен өттү, кызым, жолдошум менен өткөрчү убакытты илимге арнадым. Жолдошум ошол үчүн башка аялга кетти. Аны менен урушуп баратып жол кырсыгына учурап, кызымдан айрылдым.

– Ар бирибиз ката кетиребиз да. Мен деле ката кетирдим, бирок сиз мага жардам бердиңиз. Сиз жакшы адамсыз!

Аялдын көздөрүнөн бакыттын жана өкүнүчтүн жаштары кулап бара жатты. 

ххх

Айдайды өзү төрөттү. Төрөт оор болду. Көп жылдык тажрыйбасын, кесипкөйлүгүн колдонуп жатып баланы да, энени да аман алып калды. Ошондо гана көкүрөгүндөгү бир оор жүктөн кутулгандай болду. Иш столунда турган кызынын сүрөтүн алып бооруна кыса берди.

– Сезим, мен бүгүн аларды сактап калдым. Балким, мен сен каза болгондон бери биринчи жолу кубандым. Сен жанымда болсоң, мени менен сыймыктанат белең, балким... Мен сага берген убадама турам. Мындан ары ыйлабайм, жаңы жашоо баштайм, сактап калган эки өмүр үчүн жашайм, кызым. Мен өзүмдү кечирдим, сен да кечир акылсыз апаңды.

 

Айлин

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1126, 4-10-июль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан