Орус шоу-бизнесиндеги түгөйлөр

Атактуулардын жеке жашоосу, айрыкча сүйүү мамилелери көпчүлүккө кызык эмеспи. Бул ирет Орусиянын атактууларынын махабат баянына көз салалы дедик. Атактуу ырчы Алсу жолдошу, бизнесмен Ян Абрамов менен 18 жыл чогуу жашагандан кийин ажырашканын жар салды. Ошондой эле ырчы Нюша да ишкер, дипломат Игорь Сивов менен 7 жылдык үй-бүлөлүк союзуна чекит коюп, бойдок айымдардын катарына кирди. Эми сөздү ажырашууларга эмес, кошулууларга бурсак. Тагыраагы, учурда кыз-жигит болуп жүргөн, балким, статусун үй-бүлө дегенге алмаштыра турган жуптар тууралуу баяндайлы.

Клава Кока+Александр Поверин

“Покинула чат”, “Краш,” “Нет проблем” жана башка ырлары менен белгилүү болгон ырчы айымдын аты – Клава Кока. Чыныгы аты-жөнү Клавдия Высокова, 1996-жылы жарык дүйнөгө келген. Ырчынын чыгармачылык жолу тууралуу макалага буга чейин гезит бетинен орун берген элек. Клава учурда Александр Поверин аттуу мырза менен кол кармашып, бактылуу жашоосунун сүртүмдөрү менен социалдык тармактарда бөлүшүп келет. Экөө Орусия телеканалдарынын бири уюштурган “Клаванын жүрөгү” аттуу шоудо таанышкан. Анда жигиттер Клаванын жүрөгүн багындырыш үчүн түрдүү сыноолордон өтүшү керек болчу. Жеңүүчү 1998-жылы туулган модель, блогер Александр Поверин аталганда экөөнүн мамилесин жөн гана пиар дегендер көп болчу. “Александр өзүнүн атын чыгарыш үчүн, атактуулукка жетем деп гана Клаваны сүйөм деп алдап жатат” деген кептерге алгач чычалап жүргөнүн айтат Поверин. Башында чынында пиар үчүн келгенин билдирген, бирок шоунун жүрүшүндө Клавага болгон сезими ойгонуп, сүйүп калган. Шоу 2023-жылдын күзүндө экранга чыккан эле, элдин өйдө-ылдый сөзүнө карабай Клава менен Саша азыр бирге.

 

Дава +Мари Краймбрери

Дава каймана аты менен белгилүү болгон блогер, модель, актёр Давид Манукянды көпчүлүк орус шоу-бизнесинин жылдызы, алып баруучу, ырчы, актриса Ольга Бузованын жигити катары тааныган. 2 жылдык мамиледен кийин (2019-2021) сүйүүсү өчкөн жылдыздардын ызы-чуусу азыркыга чейин ЖМКлардын бетине маал-маалы менен чыгып турат. Оля азыр өзүнө татыктуу мырзага активдүү издөө салып келсе, Дава түгөйүн тапкан өңдүү. 2022-жылы блогер мырзаны “Океан” хит чыгармасынын аткаруучусу Мари Краймбрери менен чет жерде чогуу эс алып жүргөнүн көргөндөр болгон. Кийин белгилүү болгондой, экөө чынында эле кыз-жигит мамилесинде бир нече ай болгону ачыкка чыккан эле. Кайрадан бойдок статусундагы Давид Ольга Бузова алып баруучу болгон “Императордун казынасы” шоусуна катышууга үлгүргөн. Шоунун жүрүшүндө көп убакыттан бери келе жаткан таарынчтар жазылып, балким, Оля менен Дава кайрадан биригет деген имиш-имиштер жаралган. Бирок андай болгон жок. Дава Оляга эмес, Мариге кайтты. Быйыл эки жаш ачыктан ачык эл көзүнө чыгып, түгөй экенин жар салышты. “Бизде баары жакшы, мен бактылуумун” дейт Мари. Жакшы эле болуп, үлпөт тойго жетип, Даванын көптөн берки “балалуу болсом” деген кыялы ишке ашсын. Баса, Давид Манукян 31, ал эми Мари 32 жашта.

Тимати + Валентина Иванова

Карт бойдоктордун сап башында рэпер Тимати (Тимур Юнусов). Карт бойдок дегени менен рэпердин бир кыз, бир уулу бар. Модель Алёна Шишковадан кыздуу болсо, модель Анастасия Решетова экөөнүн союзунан уул жаралган. Бул сулууларга эмнеге нике шакегин салбаганы белгисиз. Ортодо ТНТ телеканалы тарткан “Бойдок” шоусуна да катышып, он чакты кыздын арасынан өмүрлүк жарын тапканга да аракет кылды, болбоду. Кырктын кырынан ашкан (азыр 41 жашта) ишкер, продюсер, рэпер, музыкант 2022-жылы коомчулукка “жаңы” сулуусун алып чыкты. Кайрадан модель кызга көзүн токтоткон экен. Өмүр баяны сырдуу, болгону 2003-жылы төрөлгөн деген маалымат бар сулуунун аты Валентина Иванова экен. Экөөнүн мамилеси ачыкталгандан кийин модель 21 жаштан бир топ улуу көрүнөрүн айтып, жаш курагы тууралуу маалыматтар калп дегендер болду. Айрымдар анын жүзү топ модель Ирина Шейкке окшош экен деп чыгышты. Эмнеси болсо да Тимати менен Валентина учурда бирге жүрүшөт. Сүйүктүүсүнө түрдүү кымбат белектерди берген рэпер мырза ушуну менен токтолуп, үлпөт той өткөрөбү же?.. 

Марат Башаров+Ася Борисова

Театр жана кино актёру, алып баруучу, Орусиянын маданиятына чоң салым кошуп келе жаткан Марат Башаров быйыл 50 жашка чыгат. Бул убакытка чейин актёр расмий түрдө 2 жолу үйлөнүп, ажырашканга үлгүргөн. Марсель жана Амели аттуу уул-кызы бар. Уул-кызы апалары менен жашайт, Марат алардын жашоосуна, тарбиясына активдүү катышары айтылат. Атактуу мырзанын жеке жашоосунда анын аброюна көлөкө түшүргөн учур бар. 2014-жылы орус ЖМКларына Марат Башаров жубайы Екатерина Архарованы комага түшкөн абалга чейин сабаганы тууралуу маалыматтар желдей тараган. 2020-жылы “Миллионго тете сыр” телеберүүсүндө актёр өзү аялдарынын баарын сабап жүргөнүн моюнга алган. Активисттер “Башаровдун аялдарга болгон зордук-зомбулугун кечирбеш керек, аны бардык наамдарынан ажыратып, айып пул салыш керек” деп петиция кол чогултушкан эле. Актёр өз кезегинде кылган күнөөсү үчүн ашыгы менен жаза алып жатканын, жумушунда канча сунуштан кол жууганын, айып пул төлөгөнүн айткан.

Марат мырза үйлөнгөндөн коркпогонун айтат. Ал эки жылдан бери өзүнөн 13 жаш кичүү актриса Ася Борисова менен махабат романын бирге жазып келет. Былтыр сүйүктүүсүнүн колун сураган, быйыл үйлөнүү тою болот деп көпчүлүк күтүп жүргөн чак. “Ася менин өткөн жашоомо, же болбосо мен тууралуу жаман кептерге көңүл бурбайт. Ага менин азыркы мамилем, сүйүүм маанилүү” дейт актёр. Ал эми актриса аялзаты эркектин мүнөзүн жакшылап түшүнүп, кайсы учурда анын маанайын көтөрүп, кайсы учурда унчукпай койгонду билиши керек деген пикирде. Пы.Сы.: Башаров өткөндөн сабак алганын айтып, эми кийинки аялына, тагыраагы, Ася Борисовага эч качан кол көтөрбөйм деп сөз берген. Ошондой эле болсун!

 

Асыл Орозбекова       

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1126, 4-10-июль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан