АТАКТУУЛАРДЫН БАЛДАРЫ

«Каныңдан жаралган бала – жашоого жарык берген шам чырак» демекчи, ар бир адамдын жашоосунда өз баласы эң башкы орунда турат эмеспи. Анын сыңарындай, ааламга аты таанылган дүйнө жылдыздарыбыз да балдары менен өздөрүн толук бактылуу деп эсептешет. Анда «Кайсы жылдыздын канча баласы бар, аттары ким, алар канча жашта, эмне менен алектенет?» деген сыяктуу суроолорго жоопторду тө­мөнкү макаладан табасыз, урматтуу окурман…

ЖУЛИЯ РОБЕРТС

Атактуу актриса Жулия учурда үч баланын энеси. Жолдошу Дэнни Модерди Жулия тасмага тартылуу убагында тапкан жана аны менен 2002-жылдан бери бирге түтүн булатып келатат. Алгач жубайлар 2004-жылы Финнеус жана Хейзл аттуу эгиз балалуу болушса, үстүбүздөгү жылдын июнь айында дагы бир уулдуу болушуп, ымыркайга Генри Дэниель деген ысым беришкен. Тун балдары Финнеус менен Хейзлдардай эле Генри дагы чоң салмакта 3 килограмм 800 грамм болуп төрөлгөн. «Красотка» атка конгон Жулия эне болоору менен эле бала багуучу караштыра баштайт. Анткени, үйбүлө күтүү менен бирге карьерасын да чогуу ала кетүүнү башынан эле каалачу. Бирок, Жулиянын талабына ылайык, бала багуучулар жаш жана сулуу болбош керек. Себеби, 1989-жылы Робин Уильямстын өз баласынын тарбиячысына ашык болуп, ага баш кошкондугун сабак катары унутпайт жана жолдошун тарттырып жиберүүнү каалабайт. Балдарынын жакшы тарбия алышына кам көргөн ырчы сынактын негизинде үч баласына бирден бала багуучу жалдаган, аларга айына 4 миң доллардан төлөп берет. Бала багуучулар болсо кеңешчилердин көзөмөлүндө турат.

АНЖЕЛИНА ЖОЛИ

Атактуулар арасында көп балалуу болууну каалаган жылдыздар Анжелина Жоли менен Брэд Питтин учурда 4 баласы бар. Мындан бир аз убакыт мурун эле дагы бала багып алууну пландаштырып, кеминде 13-14 баланын ата-энеси болууну каалап жатышкандыктары тууралуу маалымат беришкен. Эми муну убакыт көрсөтөөр. Үстүбүздөгү жылдын март айында жубайлар дагы бир 3 жашар вьетнамдык Пам Куанг Сангдын ата-энеси болушту жана балага Пакс Тьен Жоли деген жаңы ысым ыйгарышты. Буга чейин эле Питт менен Жоли Камбоджиден Мэдоксту жана Эфиопиядан Захараны багып алып, тарбиялап жатышкан. Айта кетсек, бул жылдыз түгөйлөрдүн ортосунда былтыркы жылдын май айында Намибияда төрөлгөн өздөрүнүн кызы Шило Нувель Жоли-Питт дагы бар. «Жоли убактысынын көп бөлүгүн достору менен өткөрүп, балдарына жакшы карабайт. Бул учурда Питт тарбиялоо менен алектенип, үйдө отурат экен» деген имиштер бар.

МАЙКЛ ЖЕКСОН

Өз балдарын таңкалыштуу ыкма менен тарбиялап жаткандардын арасында дүйнө жылдызы Майкл Жексон бар. Майкл учурда үч баланын атасы. Аларга тарбия берүүнү башкаларга ишенбей өз колуна алган. Маалыматтарга таянсак, ырчы 1996-жылы жубайы Дебби Роу менен балалуу болуу үчүн гана үйлөнгөн экен. «Энесинин ким экени мени кызыктырбайт. Эң негизгиси, денсоолугу чың болсо эле болгону»,- дейт Майкл бул тууралуу. Ал эми балдардын чыныгы атасы ким экени да белгисиз. Анткени, эмнегедир бойго бүтүрүү үчүн анонимдүү донор жалдап, медициналык жасалма жол аркылуу бойго бүтүрүшүп, балалуу болушкан. Сары чачтуу, көгүш көздүү балдары өзүнө окшобогондуктанбы, айтор, Жексон алардын жүзүн эч кимге көргөзбөй, көчөгө чыкканда баштарына ар кандай түстөгү кездемелерди ороп коёт экен. Алтургай балконго чыкканда да баласынын жүзүн көргөзбөй, башын жаап көтөрүп чыгат дешет. Жубайлар ортодогу пикир келишпестиктерден ажырашып, 1999-жылы Жексон жубайы Деббиден балдарды өзүнө калтыруусун суранып, эгер макулдугун берсе 12 миллион доллар берээрин айткан. Жыйынтыгында, башында түзүлгөн үйбүлөлүк келишимдин негизинде балдарды алып калгандыгы үчүн Майкл Деббиге жогорудагы суммадан тышкары 215 миң доллар төлөп, 5 жыл убакыт колдоо катары жылына 150 миң доллар төлөп берип турууга аргасыз болгон. Балдарынын ысымдары да өзгөчө: Принц Май­­кл 1,­­­ Принц Майкл 2 жана кызы Пэрис.

УИЛЛ СМИТ

Дагы бир ааламга аты таанымал актёр, рэп-музыкант Уилл Смиттин үйбүлөлүк абалы тууралуу сөз кылсак. Жада Смитт деген ат сизге тааныш эмес угулуп жатса таңкалбай эле койсоңуз болот. Анткени, Жада эч кандай дүйнөлүк сыйлыктардын ээси эмес, ал жөн гана Уиллдин сүйүк­түү жары. Учурда ортолорунда эки баласы бар. Алгач жубайлардын тун уулу Жаден жарыкка келген, эки жылдан кийин кызы Уиллоу төрөлгөн. “Канында бар да” деп айтып коюшат эмеспи, анын сыңарындай, Смиттин 6 жашар кызы Уиллоу атасынын жолун жолдоп, азыркы тапта “Китт Киттредж: Загадка Американской девочки” аттуу фильмге тартылып жатат. Бул киного бир канча атактуу актёрлор тартылууда жана 2008-жылдын 2-июлунда алгачкы жолу киносүйүүчүлөрдүн назарына тартуулануусу күтүлүүдө. “Уиллоу Жадага, ал эми Жаден Уиллге куюп койгондой окшош”,- деп үйбүлөлүк достору айтып келишет.

МАДОННА

49 жашар ырчы Мадоннанын улуу кызы Лурдес Марий Чикконе Леон учурда 11 жашта. Атасы болуп Карлос Лео эсептелет. Экинчи баласы Рокко Ричи 2000-жылы төрөлгөн. Бул убакта Мадонна Гай Ричи менен никеде эле. Ал эми үчүнчү баласын Африкадагы Малави өлкөсүн­дөгү балдар үйүнөн алып келип багып алган. Балага татыктуу тарбия берүүнүн өзү канчалык түйшүк экенин ата-эне болгондордун баары эле билишсе керек. Ар бир адамдын өзүнчө кыялы болот эмеспи. Атактуу ырчы Мадоннанын да улуу кызы азыр 11 гана жашта экенине карабастан, модалуу кийинтүүнү апасынан талап кылып, ырчы өзү кийген кийимдердин ар биринин кичине өл­чөмүн тиктиртип берет. Ал гана эмес, Мадонна жетектеген кийим чыгаруучу фирмалардан тигилген кийимдерге жана сумкаларга Лурдестин сүрөтү чаптала баштаган. “Булардын баарын кызымдын суранычы боюнча жасап жатам”,- дейт Мадонна.

ЭДДИ МЕРФИ

Атактуу актёр Эдди Мерфи дагы көп балалуу аталардын бири десе жаңылыштык болбос. Эдди Мерфи жана анын жубайы белгилүү модель Николь Митчелл 1993-жылы баш кошушкан. Үйлөнүү тою да өзгөчө өтүп, ага күбө болгондордун саны 500гө жеткен жана алардын көпчүлүгү атактуу адамдар болушкан. 13 жыл чогуу жашашкандан кийин ортолорунда мотурайган беш баласы бар экенине карабай, былтыркы жылы ажырашууну чечишкен. Ал учурда балдарынын эң кичүүсү 3тө, ал эми эң улуусу 15те болчу. Демек, жубайлар мыйзамдуу түрдө баш кошконго чейин эле балалуу болушкан экен. Ажырашуудан кийин Эдди Мелани Браун менен мамилелеш болуп, өткөн жылы Мелани Энжел Айрис аттуу наристелүү болуп, атасы Эдди экенин жарыялаган. Мындан тышкары, «актёр өзү жашырган дагы бир никесиз баласы бар» деген да имиштер бар. Эгерде чын эле ушундай болсо, анда Энжел Айрис Эддинин балдарынын жетинчиси болот. Ал эми Николь экөөнүн ортосундагы балдары соттун чечими менен энесинин колунда калган.

БРИТНИ СПИРС

Жаш ырчы Бритни Спирс да эки баланын энеси болуп отурат. Популярдуулуктун туу чокусун багындырып, дүйнөнү дүңгүрөтүп турган кезде Бритни Кэвин Федерлайн аттуу жигитке турмушка чыккан эле. Уулдуу болушуп, атын жолдошу экөө талашып-тартышып жатып Шон Престон деп коюшкан. Андан көп узабай эле бир жылдан кийин дагы бир уулдуу болушуп, ага Жейден Жеймс деген ат коюшат. Жубайлардын тагдыр жолдору эки айрылып, тилекке каршы, учурда Бритни эки баласын тең жалгыз тарбиялап жаткан убагы. Көп өтпөй эле жалгыздык көөдөнүнө катуу тийдиби, айтор, «Бритни жакын дос тапкан» деп да айтып жүрүшөт. Ал досу күндүзү үйүндө бала багуучу катары кызмат кылат экен.

Даярдаган Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 246, 20-26-июль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан