«ПРОДЮСЕРИМДИ САБАГЫДАЙ КУДАЯР ХАН БЕЛЕМ»

“Өтө кубанычка батып сүйүнгөн күн – ободон жаңырган, биринчи ырым жарыкка чыккан убак”,- деп эскерет ырчы Гүлжигит Сатибеков. Негизи, бу талант дегениң кандай күнгө тушукпасын, чыгармачылыгы кыйынчылыктан чыгара көккө жеткизип же бүтүндөй карып кылып коёт турбайбы. Гүлжигит кайгылуу ырларды ырдаса көз жашын сүртүп, бышактаган адамдарды көргөм. Демек, анын ыры кай бир адамдын бугун чыгарганга көмөк берет. Биздин баарлашуу каарманыбыздын өнөр жолундагы өйдө-ылдый кездеринен кабар берет.

– Гүлжигит байке, ыр дүйнөсүнө келген убактан кепти баштай берсеңиз болот...
1997-жылы Ош жогорку колледжинин дене тарбия факультетине тапшыргам. Биз окуган жерде музыкалык факультет бар болчу. Ошондонбу же ары жагымда бир нерсе ойгондубу, айтор, музыкага болгон кызыгуум күчөп баратты. Ырларды жазып, обону менен кыңылдай берчүмүн. Музыкадан сабак берген окутуучуларыма ырларымды угузуп көрсөм, жакшы пикирлерин айтышып, “музыкалык факультетке которул” дегенге чейин барышты. “Билими жок эле ырчы болом” деген мен 3-курста юридикалык факультетке которулуп кеткем. Куудул Дөөлөт Мадымаевдин Сагын деген иниси бар. Студент кезде “Сагын+күлкү” деген топ түзүп, гастролго чыкканбыз. Бек Борбиевдин ырлары менен кошо өзүмдүн ырымды ырдачумун. Окууну бүткөн соң Аксыга кеттим. Авлетим айыл өкмөтүндө көркөм жетекчи болуп иштеп калдым. “Досторго”, “Ай бийке” аттуу обондуу ырлар жаралган соң борборго чыгармачылыкты өркүндөткөнү келе бердим.
– Көпчүлүк ырчылар Бек Борбиевдин ырлары менен өсүп, кээ бирлерине Берадор мырза жардам берген экен.
Борборго келип ырларымды чыгаралбай жүргөндө айылдаш Алтынбек аттуу байкемдин жардамы менен ырларыма аранжировка жасаттым. Ошол жылы да пикет-митингдер болуп жаткан кез эле, аянттан Бек байкени көрүп калып, кездештим. “Кабинетке өт” деди, бардым, ырымды угузсам, жакшы пикирлерин айтып, радиого чыгышыма жардам берди.
Анан эле продюсер менен иштешип, ырчы болуп чыга келдиңиз?
– Алгач үйлөргө суу түтүктөрүн киргизүүчү болуп иштедим, ал да болбой баратканда курулуш материалдарын чыгарган жерде жүрдүм. Куудул, ырчы Жаныбек Аттокуров “мен бир кафеде иштейм, ордума 3 күнгө иштеп турбайсыңбы, музыкант болуп” деп калды. Ошол боюнча ал иштеген кафеде иштеп калдым. Кафеге дайыма келген кардарлардан “Коштошуу” аттуу ырыма клип тартуу үчүн демөөрчү издесекпи деп жүргөнбүз. Продюсерим Динара Музапарова менен да 2008-жылдан бери таанышып, иштешип келаткам.
– Динара эже продюсер катары кандай жардам бере алды сизге?
Продюсер деп ырчы айылда жүрөбү же кафеде иштейби, нөлдөн баштап эл алдына алып чыгып, анын стилине, репертуарына көңүл буруп, ал үчүн күйгөн адамды айтабыз. Ырчы ыр жазып, обон чыгаруу менен алек болуп, продюсери чийип берген график боюнча иш алпарат деген Кыргызстанда жок, бул менин жекече чолок оюм. “Эжеке, радиолор менен сүйлөшүңүз, гезит-теле менен иштешели” десем, “мен эмнеге барам, мага керекпи же сага керекпи?” дечү. “Анда мен барып келейин” деп өзүм барсам, тополоң чыгарчу. Бизде эч кандай келишим болгон эмес. Бирок продюсерим каражатка муктаж кезде көмөгүн аябады, жакшылыгын эч качан унутпайм. Буюрса, мен да кийин колумдан келген жардамымды берем.
– Шоу дүйнөдөгү продюсер менен ырчы урушу эстафетасы силерге да келди, чырдын башы эмнеде?
Продюсери менен ырчы урушуптур” дегенде ырчыларга көз карашым терс болчу. Бүгүн ал оюмдан кайттым. Ушул эстафетаны алгым да келген эмес. Ошону билип “эже, жакшылыкча кол үзүшөлү” деп сабырдуулук кылып келип эле ушундай сөзгө калдык. 2009-жылы мага бир министр: “Коштошуу” деген ырың менен сен бийикте турушуң керек эле. Себеби “Жол карап өттү күндөр” деген ыр чыккандан бери мындай ыр чыга элек болчу”,- деген эле. Мен “Атага кат” деген муңдуу ырлар чыкты го?” дедим. “Жүрөк сырынан” кийин “Коштошууну” улуу-кичүү баары билет. Сенин жаныңдагы жандоочуң жакшы болуш керек, минтип кийингениң да болбойт, сага стиль жетишпейт” деген. Мындан башка досторум, дегеле мени тааныгандын баары “өзүң иште, продюсериңден кол үз” дешти. “Бүткөн ишке сынчы, бышкан ашты жечү көп болот” деп алардын сөзүн кулак сыртынан кетиргем.
– “Жакшылыгын унутпайм” деп жатпайсызбы, продюсериңизден кечирим сурап коюш колдон келеби?
Эжеге ыраазычылыгымды да, жаман сөзүмдү да айтпайм. Андан кечирим сурай турган күнөө кылган эмесмин, ошондуктан кечирим сурабайм.
– Динара эже “мага кол көтөрчү” деп жүрөктү түшүрдү.
Мен 45 жылдан ашуун агартуу тармагында иштеген таенемдин колунда чоңойгом. Ата-энем мени “бирөөнү сөк, бирөөнү ур” деп тарбиялаган эмес. Алардын “балам, эч качан өзүңө душман арттырба, душманыңа да чай берип жүр” деген сөзүнөн чыкпайм. Мен продюсеримди сабагыдай Кудаяр хан же канкор болуп кетипминби. “40 сомдук футболка кийип жүргөн жеринен сахнага чыгаргам” дептир. Кайсы ырчы 40 сомдук футболка кийип кафеде ырдасын?.. Тилдин сөөгү жок болот, каякка бурсаң кете берет. Мен актанганды да жаман көрөм. Бирок айтканга туура келүүдө.
– Пикир келишпестиктин аягы акчага барып такалабы?
Маселе акчада эмес. Акча дегенде бети менен түшө калчу адам болсом, баары башкача болмок. Орусиядагы сапарыбызда биз менен Бекбоевдердин үй-бүлөсү чогуу чыккан. Динара эже “мен кетейин” дегенинен, “анда документтерди, билеттерди, жарнамалык барактарды бериңиз” дедим.
Новосибирскке келгенибизде Токтор байкелер башка жакка кетишти. Мен уктап калган экем, ойгонсом эже жок, кийимдерим гана калыптыр. Шок болгонумду билесиңби, документи же тыйыны жок бөтөн жерде жүргөнүмдү. Тааныш балага айтып, аэропортко жөнөдүк. Эже аэропортто “сынайын дедим эле, не болду?” деп күлөт. Менден башка бирөө болгондо жыга чапмак. Документтерди, акчаны бербейт дагы деле. Анан машинага отургузуп “жүрүңүз, биз менен аксакал адамдар келген, алардын алдында сүйлөшөлү, калыс болушсун” дедим. Жок, болбой эле тепкилеп, машинадан түшө качам деп обдулат. Айнектерди тепкилей баштаганда айдоочу бала чыдабады окшойт, токтотуп туруп эжени тээп жибергенде “теппе, аял кишини” деп араң токтоттум. Анан ошол жерде акчаны ыргытып, жарнамалык баракчаларды айрып салды. Ага деле унчукпадым.
– Отуздан ооп 31ге чыгыпсыз, качан бойдокчулук менен коштошосуз?
24 жашымда үй-бүлө күткөм. Ажырашканыбызга 3 жыл болду. Уулум Байэл таенесинин колунда, апрелде алтыга чыгат. Бойдокчулук жашоодо кыйналбай элемин. Анткени таенемдин колунда өскөндүктөн, ал кишинин келини да, кызы да, небереси да өзүм болуп, бүт иштерди аткарчумун. Эми жакшы кыз чыкса, үй-бүлө күтсөм дейм.
– “Коштошуу” ырында абдан муңканасыз. Дегеле Гүлжигит кайгылуу ырларды көп ырдайт.
“Каректеги тамчылар” деген аңгемем бар. Анда эки буту жок өтүкчү жигитти байдын кызы сүйүп калганы баяндалган. Бул ыр ошонун негизинде жазылган. Бирок кай бир саптарында менин жашоомдун үзүндүлөрү бар. Эмнегедир шаңдуу ыр чыгарсам деле аягы барып муңга такалып кетмейи бар. Анан да көпчүлүк мени муңдуу ырларым менен тааныды.
Ыр жазуу ышкысы качан ойгонгон?
Эмнегедир үйдөн элирип качып, жалгыз жүрө берчүмүн. Азыр айылга барсам, бир аксакал киши айтат “бала кезде эмнеле элирет десе, көрсө, талант ойгонуп жөн койбой жаткан турбайбы” деп. Антсе, уялам. Атам райондук салык кызматында инспектор, айылдык депутат, апам мугалим адамдар. Ата-энемдин тарбиясынан да таенемдин “китеп оку” деп сабаганы катуу таасир этчү. 1-жолу 7-классымда таенеме «таене, кыйкырбачы, жатам десең жай кенен, ичем десең чай кенен, Антип мени кыйнаба, ыйлап ийет неберең” деп ыр жазсам сүйүнгөн эле. “Мамта” деген жазуусу бар сүрөттү, көргөн сайын жүрөк козгоп жүдөттү, Сүйөмүнбү, эмне экенин билбеймин, көрбөсөм да арнап койдум жүрөктү” деп Индия актрисасынын сүрөтүнө сүйүүмдү билгизгем. Акынмын деп айтпайм, бүдүр бар, ошон үчүн кээде кагаз чиймелеп коём.
– Эмне дейбиз, Гүлжигит байке, жан дүйнөңүздөн жалаң гана жүрөк жылытчу, жакшылыктан үмүт этчү ырлар жаралсын. Ийгилик.

Бурул Исмаилова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Маек - Гүлжигит Сатибеков
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
mikasa
2011-02-11 18:23:46
Адамдын жумшагын адам жейт дейт. Жумшактыгынан угуп жатасын жаман созду Гулжигит
0
Гулжигит
2011-02-12 09:03:21
Гулжигит сага ийгилик!
0
aminali
2011-02-12 18:23:51
Produserinin beti takir jok eken,boton elge alip barip kilgani uwulbu.Guljigit azamatsin ke4irim surabai ele koi andai adamdan.
0
Puwkin
2011-02-12 22:01:39
Aktangandy jaman korom dep jakwi ele aktanip koyuptur. Guljigit ozunu oto jakwi adam kilip intervyu beriptir, akilduu adam bolgondo ajirawpayt ele baldaryn tawtabayt ele, dagy bawka suyuu tuw kelse uylonom deyt, andan koro eski ayalindi alip kelip baldaryn menen 4uruktawip jakwi jawabaysynby. Wamal bolboso 4optun bawi kiymildabayt.
0
milli
2011-02-13 18:17:43
prodyusser yrchy urushu bul jyly dagy ulanat turbayby... Kelishim tuzup ele ishteshpeybi problemalar jok bolot ele da.
0
Sui
2011-02-14 13:08:42
тыянак чыгаруу учун эки жакты тен угуш керек,ар кимдин оз чындыгы бар.
0
Sui
2011-02-14 13:10:16
коз жаш деген ырынызды кунуно аз дегенде 5 жолу угам,эч тажабай....
0
baby
2011-02-15 01:46:04
men da Guljigitti koldoym.Anday ayaldardi bashtan aari chaap,kubalash kerek.!Azamatsin guljigit
0
cosmopolit
2011-02-15 03:43:46
кызыкча...акылдуу адам болгондо ажырашпайт эле де...жашоодо ойдо ылдый болот...катачылык болот дегедей...ошону учун жашоо го...
0
Nazulya
2011-02-16 13:09:51
Ажырашпай эле жашаса болот да тушунушуп, негизи баары эркектерден болот.
0
№ 432, 11-17-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан