Шоола (Ага-ининин ортосундагы карама-каршылыктар, кыйынчылыктар, эч нерсеге байланбаган сүйүүнү баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Канат профессорду издеп жолго чыгардын алдында Шооланын апасы ага телефон чалды.

– Салам, Канат. Жанат сени Ысык-Көлгө бир адамды издегени барат деди. Эгерде бир аз убактың болсо мага жолуга аласыңбы?

– Саламатсызбы, эже? Макул, жолугуп анан жолго чыкканга аракет кылам.

Канат ичинен бул аялга эмнеге керек экенин ойлонуп жатты. Экөө кофейнядан жолугушту. Аял Канатка үмүт менен карады. Канат ошол үмүттүү көздөрдү көргүсү келбей көзүн ала качты. А балким, бекер эле баарына үмүт берип жаткандыр...

– Ал адамды табышыңа, ал кишинин Шоолага жардам беришине көзүң жетип турабы?

– Билбейм эми, элден угушума караганда жүрөк операцияларынын чебери экен. Балким, бир керемет болуп кетер. Эч кандай толук кепилдик жок, болгону бир аз гана үмүт. Мен Шооланы мындай эле, күрөшсүз коё бере албайм. Ага акым жок.

Аялдын көздөрү жашылданып кетти.

– Канат, уулум!

– Уулум дегениңизге мен татыктуу эч нерсе кылбадым...- деди Канат баш чайкап.

– Чынында, сени жаман көрчүмүн. Шооланын жолуна чыкпасаң, балким, кызым бактылуу болот беле деп ойлогом. Кээде Канаттын эмнесине кызым мынчалык байланды деп таң калчу элем. Азыр гана сезип жатам, сен чынында жакшы жигит экенсиң. Сендейлер жашоодо аз. Сени да, Шооланы да эми түшүнүп отурам. Тагдыр башкача болсо кана, сени өз уулумдай жакшы көрмөкмүн. Сага Шоола үчүн кылган бардык нерсеңе рахмат айтам. Жанат сендей эмес.

– Жанат да аракет кылып жатат. Ал дагы Шоола үчүн бардык нерсени жасаганга даяр.

– Аны да билем. Кеп сен тууралуу, сенин кызыма кылган жакшылыгыңа ыраазы болдум. Шоола да бактылуу. Канат, эртең эмне болорун билбейм. Бирок Кудайдан болуп Шоола баласы экөө аман калса, сен анын Жанат менен ажырашуусуна жардам бер.

– Сиз эмне деп жатасыз?- деп чочуп кетти Канат.

– Силердин жолуңар бирикпейт, аны билем. Бирок Шоола Жанат менен да бактылуу эмес. Аны менен жашаган ар күн кызым үчүн тозок. Сүйүүсүз байланган өмүрдө эмне жакшылык бар дейсиң?

– Мен эмне кыла алмак элем?

– Шоола сени угат. Сенин таасириң бар анда. Балким, билбесең керек. Сенин бир ооз сөзүң менен ал жашоого умтула баштады.

– А балким, бактылуу болуп кетишет. Мен алардын жашоосунан жок болуп кетсем...

– Шоола Жанат менен бактылуу боло албайт. Менин энелик жүрөгүм сезип жатат. Мага жардам кыл.

Канат тунжурап ойлонуп турду да, чечкиндүү үн катты.

– Аман калсынчы, кийин Шооланын бактысы үчүн колумдан келгенин кылам.

– Рахмат сага, уулум!

ххх

Канат болжол менен айтылган даректи таап барды. Тоо түбүндөгү бир айыл экен. Кимден сураса да “билбейбиз” деп баш чайкагандан башка эч нерсе айтышпады. Акыры чарчады. Үмүтү үзүлө баштады. Акыркы үмүт менен мечит деп аталган эски имаратка баш бакты. Андан жүзү нурлуу топучан бир адам утурлай чыкты.

– Ассалом алейкум. Мен Султан деген адамды издеп жүрдүм эле. Сиз тааныбайсызбы?

– Алейкум ассалом, баатыр. Ким билет, балким, тааныйттырмын,- деди ал күлүмсүрөп.

Канат кубанып кетти.

– Профессор Султан Казиев деген киши. Азыр эл аны Дербиш деп таанышат имиш.

– Аа, биздин Дербишпи? Ооба, аны тааныйм.

Канат тиги кишинин колун кыса кармады.

– Сизге чоң рахмат. Мен ал кишини көптөн бери сураштырып издеп келе жаткам.

– Мен тааныйм дедим, баатыр. Бирок аны менен жолуктура алам дебедим,- деди тиги табышмактуу күлүмсүрөгөн адам.

– Кандайча?

– Кел, отур, демиңди бас. Эмнеге издеп жүрөсүң, ошону айт. Анан көрө жатарбыз калганын.

Канат эмнеге издеп жүргөнүн айтып берди. Тиги киши бир топко ойлонуп калды.

– Ал хирургдук ишин таштап койгонун билесиңби? “Эми эч качан колума бычак кармап операцияга кирбейм” деп өзүнө шерт койгон адамды кантип макул кыласың?

– Абалды түшүндүрсөм, балким, макул болор...

– Ким билет, балким, болор. Баса, жардамга муктаж адам кимиң болот?

Суроосу жоопсуз калды. Тиги киши башын ийкеп койду.

– Мейли, мен жардам берейин. Бирок ал жакка машине менен бара албайсың. Бул машинең биздин тоолордун арасына жүрбөйт. Сени ат менен жиберем, жаныңа уулумду кошуп берем. Бирок бир шарт менен...

– Мен баарын аткарам.

– Башка эч кимге Дербиштин кайда экенин айтпайсың. Аны издеген адам көп. Бирок сенин жагдайың оор экен. Ошого ага жолугууңа уруксат бердим. Болбосо эчен адам издеп келди.

– Мен макулмун!

ххх

Канатка ат мингизип, уулун кошуп берди тиги киши. Тоо арасында узак жол жүрүп араң дегенде жетишти. Канат дүйнө жүзүн көп эле кыдырдым деп ойлогон. Бирок Кыргызстандын мындай ажайып кооз жерин эч көрбөгөн экен. Бийик дөңсөөдө боз үй туруптур. Өспүрүм бала тигиге “келдик” дегендей белги берип, өзү аттарды карап калып калды. Боз үй тарапка Канат апкаарый кадам таштады. Алдынан чыккан адам жашы 60тардан ашып калган эле. Сакал өстүргөн, шыңга бойлуу экен.

– Азирет?!- деди ал эриндери дирилдей.

– Жок, мен Канатмын,- деди. Ал өзүнүн каза болгон уулуна окшоштуруп жатканын билди. Баягыда үйүнө издеп барганда да бакчасын караган кароолчу чал аны арбак көргөндөй таң кала карабады беле. Ошону эстей калды.

Дербиш жаш толгон көздөрүн ирмегилеп токтой калды. Үнү башка экен. Жакшылап карап гана уулу эмес, ага куюп койгондой окшош жигит турганын билди.

– Са-саламатсыз...- деди сүрдөгөн Канат эмне дээрин билбей. Тиги киши шалак эте отуруп калып, бир топто өзүнө келди.

– Саламат, атың ким, жигит?

– Канат.

– Канат?

Дагы деле уулу менен бул жигиттин окшоштугуна таң кала тиктеп жатты. Үнү, кийинүү стили, бой келбети башка экени анык. Бирок жүзү эчак каза болгон уулуна абдан окшош экен.

– Жол болсун?- деди.

Канат сөздү эмнеден баштаарын билбей калды. Эмнегедир сүрдөп буйдала түштү. Эч кимдин алдында мындай сүрдөп көргөн эмес. Бул адамда башкача энергия бар экен.

– Жүрү, алгач үйгө кирели. Узак жолдон келдиңер, тамактаналы.

Боз үйдүн ортосунда кемеге туруптур, ага асылган казанда кандайдыр бир чөп кайнап жаткандай.

– Мен дары чөптөрдү жасайм. Мурун ылдыйраакта жашачу элек, кийин ушул жер ыңгайлуу болду.

Дербиш ага чыныдан бир суусундук куюп сунду. Эмне экенин байкабай эле суусап турган Канат тартып жиберди. Суунун жагымдуулугун сураба, даамы таңдайында калгандай болду.

– Жактыбы?- деп койду жылмайган тиги адам. – Бирок бир күнгө ушунча эле ичилет.

Даам сызып отурушту. Кеч кирип бара жатты. Канатты жандап келген өспүрүм чарчаса керек, уктап калды. От башында Дербиш менен Канат.

– Ии, мени эмнеге издеп келдиң?

– Сиздин жардамыңыз керек. Бир аял жана анын ичиндеги наристенин өмүрү коркунучта. Бирин сактап калса, экинчиси өлөт деп тыянак чыгарышты врачтар. Энеси баладан баш тартпасын айтып жатат. Ал эми врачтар баланын өмүрүнө да кепилдик бере албайбыз деп жатышат. Эки өмүр бар, Султан ага. Сиз сактап кала ала турган эки өмүр бар.

– Хм, мен өзүмдү өзүм сактай албаган бир бечарамын, жигит. Менин колумдан эч бир жардам келбейт.

– Сиз далай өмүрдү сактап калыпсыз...

– Далай өмүрдүн соолушуна да себепчи болдум.

Бул адамдын үнүндөгү оор кайгыны, өкүнүчтү Канат жүрөгү менен сезди. Ооз ача албай отуруп калды...

 (Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1128, 18-24-июль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан