Назима Радбекова, ырчы: «Сынды жүрөккө жакын кабыл алам»

Белгилүү ырчы Бек Борбиев менен дуэт ырдап, үнү, аткаруучулук таланты менен күйөрмандардын көңүлүн бура алды каарманым. Таанышалы, жаш ырчы Назима Радбекованын маегин сунуштайбыз. 

Назима тууралуу

Туулган жылы, күнү – 2002-жыл, 1-май

Туулган жери – Жети-Өгүз району, Кызыл-Суу айылы

Билими – Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайды бүтүргөн. Учурда Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерваторияда студент

Хоббиси – волейбол ойноо, бийлөө, дзюдо

Жактырган гүлү – майда розалар, пион

Репертуарындагы ырлары – “Мен эмес”, “Айлуу түн”, "Сен деп жашабайм",  Бек Борбиев менен бирге ырдаган “Мен сени сүйөм”, “Сен жүрөсүң келе албай” ырлары 

Назима, кеңсебизге кош келипсиз. Окурмандарга алгач ырчы кызды тааныштыралы...

– Мен Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында төрөлүп, Бишкек шаарында чоңойгом. Учурда 22 жаштамын. 6 жашымдан баштап Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте фортепиано бөлүмүндө окудум. 9-класстан кийин Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырдым. Ал жакта Каныкей Эралиева эжекебиздин колунда 5 жыл окудум. Каныкей эжени чоң энеме окшоштуруп, аябай жакшы көрчүмүн. Учурда Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын эстрадалык бөлүмүндө окуп жатам, быйыл 1-курсту аяктадым. Кичинекей кезимден эле ырдап келатам. Мектепте ар кандай иш-чараларда ырдап, хорго катышчумун.

– Бек Борбиев менен кантип дуэт ырдап калдыңыз?

– Бек агайдан сунуш түштү, мен макул болдум. Бир жыл мурда Бек байкенин “Кете албай жүрөм” деген ырын кавер ырдап социалдык желедеги баракчама жүктөгөн элем. Балким, ошондо көрсө керек. Инстаграмдан жазып сунуштады. Негизи Күрөңкеевде окуп жүргөндө сахнага ырдап чыккым келип Бек байкеге “сиз менен ырдагым келет, ырдасак болобу?” деп жазган болчумун. Ырчылардын көбүн Бек Борбиев чыгарган дешет го. Анда 16 жашта элем, Бек байке “азыр окууңду жакшы окуп, вокалдан такшала бер, 18ге чыгып анан мага жаз” деген. Ошол бойдон унутуп коюптурмун. Азырынча Бек байке менен 2 дуэт ырдадык. Мага өзүмө жеке 2 ыр жазып берди, анын бирине клип тарттык.

– Социалдык желеде дуэтиңиздерге ар кандай комментарийлер жазылып жатканын да окуп жатсаңыз керек?.. 

– Башында комментарийлерди окуп абдан жаман болдум, депрессияга түштүм. Баарын жүрөккө жакын кабыл алат экенмин. Жаман сөздөрдү жазышты. Азыр комментарий окубай калдым, окусам эле депрессияга түшөм. Үйдөгүлөр да окуп жаман болушту. Чогуу ырдап койсо эле жабыштырып жатып калышат тура.

– Андай учурда дуэт ырдоону токтотуу тууралуу ой жаралган жокпу?

– Ыйлап, жаман болгонум менен ырчылык менин чоң кыялым болчу да, баш тарткан жокмун. Бек байке дагы “боло берет мындайлар, мындан жамандары да болуп келген, капа болбо” деди. Ошолордун баарын ойлонуп, “максатыма жетишим керек” деп өзүмдү сооротуп, өзүмө-өзүм мотивация берип жатам.

– Чыгармачылыкта кандай пландар бар?

– Азырынча Бек агай менен дуэт ырдайм, ортодогу келишимдин мөөнөтү бир жыл деп жатышат. Ушул аралыкта такшалып, жакшы чыга алсам, жеке ырчы катары аракет кылам. Дагы жакшы ырларды жазып Бек байке да абдан аракет кылып жатат. Учурдан пайдаланып, ага ыраазычылык билдирем.

– Мүнөзүңүздү кантип сүрөттөйүз?

– Абдан ишенчээкмин. Мүнөзүм бир аз оорураак. Анан бирөө кичине эле катуу сүйлөп койсо ыйлап жиберем.

– Сүйлөшкөн же жактырган мырзаңыз барбы?

– Сүйлөшкөн жигитим жок.

– Кандай жигиттер жагат?

– Чечкиндүү, туруктуу, айтканын так кылган. Балким, мындай-мындай деп айтсам туура эмес болуп калат. Эгер мага жагып калса, кээ бир кемчиликтерине көз жума алсам керек, атайын чектерди коё албайм. Эң негизгиси, адамгерчиликтүү болушу керек.

– Ырчылык үчүн кандай тобокелдиктерге коркпой бара аласыз?

– Бардык нерсеге даярмын деп так, кесе айта албайм. Бирок максаттарга жетиш үчүн тобокелдиктерге да баруу керек болот. Албетте, чеги менен. 6 жашымдан бери окуп, жетем деп максат коюп келе жаткан чоң кыялым ырчылык болгондон кийин кыялыма жеткенге аракет кылам. 

– Клиптерге да тартылып жүрөт экенсиз?..

– Ооба, Элдар Замиров аттуу ырчынын "Жомоктой сулуу" деген ырынын клибине тартылгам. Анан Жакшылык Ээрчипкеловдун "Жүрөктөн чыгарбадым" деген ырынын клибине тартылдым. Киного да тартылдым, “Апам кайра студент” деген. “Дуэт ырдайлы” дегенге караганда клиптерге көбүрөөк сунуш түшөт. Анан ар кандай жарнамалык роликтерге тартылууга сунуштар келет. Актрисалыкка да кызыгам, кинодон өзүмдү сынап көргүм келет. Бирок абдан уялчаакмын. Тартынсаң көп нерседен артта калат экенсиң, азыр ушул сапатымды жоюунун үстүнөн иштеп жатам.

– Канча бир туугансыз? Арасынан музыкага жакындары барбы?

– 3 бир тууганбыз, иним, эжем бар. Эжем музыкалык билим алган, бирок азыр ырдабайт. Иним сүрөттү жакшы тартат. Үй-бүлөбүздө апам жакшы ырдайт, комуз чертет. Таенем опера ырдачу экен, Абдылас Малдыбаевдин окуучусу болуптур. Таякелеримдин баары комуз чертип, ырдашат. Атам жакта ырчылыкка шыктуулар жок. Апам жактан өтсө керек мага талант.

– Атаңыз тууралуу айтып берсеңиз...

– Атам Радбек каза болуп калган (ыйлап)... Мен музыкалык окуу жайга тапшырарга бир ай калганда каза болуп калды. Атамды абдан жакшы көрчүмүн, арадан бир жыл өтпөй чоң энемдин көзү өтүп кетти. Чоң энеме да жакын элем. Экөө тең “окууга тапшыр, ырда, сен ырдап чыгышың керек” деп айтышчу, ырдап чыгышымды абдан күтүп жүрүшчү. Экөө тең окуганымды, ырдаганымды көрбөй кетти (ыйлап)... Азыр апам менен чогуу жашайм. Буюрса, мен багындыра турган ийгиликтерди апам көрөт.

КЫСКА СУРООГО КЫСКА ЖООП...

– Байлыкпы же карьерабы?

– Карьера.

– Үй-бүлөбү же ырчылыкпы?

– Үй-бүлө.

– Акчабы же доспу?

– Дос.

– Доспу же сүйгөн жигитпи?

– Билбейм, дос го.

– Узун көйнөкпү же кыскабы?

– Кыска.

 – Косметика же косметикасы жок?

– Экөө тең боло берет.

– Кыргыз ырларыбы же чет тилдеги ырларбы?

– Кыргыз ырлары.

Гулийпа Маметосмон кызы

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1128, 18-24-июль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан