Апамды кичинемден эне деп чоңойдук. Жарыктык энем 14 бала төрөп, анын тогузу гана бутуна турган экен. “Мен жаш кезде жакын жерде төрөткана деген жок болчу. Райондун борборуна 2-3 күндөп ат менен араң жетчүбүз. Балдарымдын бирин үйдөн, бирин тоодон төрөдүм. Акыркыларында гана айылга оорукана салынып, ошол жакта төрөлгөнсүңөр. Сенден улуу агаңды көтөрүп жүргөнүмдө толгоом келип калды. Үйдө кайнатам эле бар болчу, ага ичим ооруп жатат деп айткандан уялып сарайга жөнөдүм, астыма саман төшөп алып кыйналып жатсам кайненем келип калып жардам берген. Атын тамашалап Саманбек коёлу дегенбиз, бирок атаң “баламды башкалар шылдыңдайт” деп Бекболсун деп койгон” деп борсулдап күлүп айтып берер эле. Ал күлүп айтып берип жаткан окуяларды азыр уксаң төбө чачың тик турат. Ошон үчүн да 14 баласынын баары аман калган жок да, 9у аман экенине шүгүр дейсиң.
Мүнөзү жоош, эч ким менен иши жок жумушун кыла берген, жөнөкөй адам болгону менен, сөзгө чечен, санжыра дегенди катыра билген адам болчу. Энем айтып берген жомокторду бир да китептен, бир да жомокчумун деген адамдан уккан жокмун. Укмуш көркөм окуяларды айтып берчү. Кийин биз чоңоюп, неберелерине жомок айтып берип жатканда да кызыгып жанынан кетким келбей айланчыктай берер элем. Кайра башка, жаңы жомокторду айтчу да, анын баарын кайдан билет, же өзү ойлоп чыгарчубу азыр деле билбейм. Карыганга чейин эле китеп окуду, көзүнүн курчтугун айт, таң эрте туруп алып терезенин жарыгына барып гезит окучу. “Шайыр Шаршен”, “Жапалактын жоруктары” дагы башка күлкүлүү окуялар жазылган китептерди окуп отурганда ордунан борсулдап күлө берчү. “Эне, эмне болду?” десең “ай, бул кургур Шаршен минтип жатпайбы...” деп адамды кызыктырып айтып берер эле. Энемдин аркасы менен биз да китепке жакын болуп өстүк. Үйдө ата-эне эмнени кармасы бала үлгү алат деген чын окшойт.
Кичүү бала болгондуктан энем менин колумда жашады. Токсондун кырынан ашса да өзүнө тың кемпир болду. Кулагы гана укпайт, жаш кезинде суукка алдырып, аны дарылабай жүрө берип бара-бара укпай калыптыр. Мен да очор-бачар бала-чакалуу болуп, энем неберелерин карашып, айтор, чакан мамлекетимди түптөп алып жашап калдык. Бир күнү уктап жатсам эле “дүң” деген үндөн чочуп ойгондум. Байкасам жер титиреп, шыпта илинип турган узун асма чырак катуу термелип жатат. Үйүбүз эски эле, качан там басып калат деп жаным чыгып кетти. Жубайым экөөбүз тең алактап калдык. Ал бешиктеги баланы көтөрсө, мен аркы бөлмөгө чуркап кирип эки баламды эки колтугума кыскан бойдон эшикке атып чыктык. Жер титирөө деле көпкө созулган жок, биз ызы-чуу болгуча басылып калды. Ошондо эсиме келип карасам, энем жок... Энемди унутуптурмун! Өз баламдын жанын сактап калганга шашып, энемди унутуп баса бериптирмин. Энем жер титирөөнү сезсе баласына – мага карай чуркамак... Ушунчалык уялып кеттим. Үйгө чуркап кирип энем жаткан бөлмөгө кирсем, “балам, эмне эле топурап жатасыңар?” дейт байкушум. Кулагы укпай, уйкуга алдырып эмне болуп жатканын деле сезген эмес экен. “Тынч эле, эне, жата бер. Кечээ Нурбек өрүктөн көп жеп койгон окшойт, ичи ооруп эшикке чыгып жатат” деп койдум. Энемдин чекесинен өөп, ичимден кечирим сурап коём.
Энемдин көзү өткөнүнө 4-5 жыл болуп калды. Баягы эски үйдү бузуп, жаңысын салгам. Өткөндө катуу жер титиреди го. Ошондо эскини эске салып шыптагы асма чырак дагы термелип жатпайбы. Дароо энемди эстедим...
Улар