(Башы өткөн сандарда)
От жалындап күйүп жатты. Экөө бири–бирине ким экенин билбеген эки адам оттун жалынын тиктеп өз ойлору менен алек. Ата-бала экенин билишпей, тагдырдын тамашасы менен ушунча жылдан кийин жүз көрүшүп маңдайлаш отурушту. Канаттын ойлору Шоола тууралуу эле. “Ал өлүп кала турган болсо, анда мен үчүн жашоонун эмне мааниси калат?” деп ойлонуп жатты. Ал эми каршысындагы адамдын жан дүйнө оорусу аныкынан да терең эле. Уулу Азиретке куюп койгондой окшош жигит маңдайында отурат. Жардам сурап отурат. Бул жигит анын жолунда жөн жерден пайда болбогонун, ушул жигиттин келиши менен өзүнүн жашоосу да өзгөрө турганын тээ тереңден сезип жатты.
– Ооруп жаткан адам сен үчүн маанилүү киши экенин сезип турам, бирок мен “экинчи операция жасабайм” деп убада берип койгом. Дегеле өзүн сактай албаган адамдын башкага эмне жардамы тиймек эле?
– Эмнеге андай убада бердиңиз эле?
– Себеби көп.
Дербиш туюк жооп берди.
– Силер бүгүн чарчап келдиңер, эс алгыла,- деп койду кыска гана.
Эртеси Канат бир башкача сергек ойгонду. Кечинде чөптөн жасалган суусундук ичкенин билет. Бейкапар уктаган экен, жеңил ойгонду. Түндүктөн түшчү күн нуру эми баш багып келе жаткан экен. Денеси бир башкача жеңил болуп калганын байкады. Акыркы күндөрү дайыма чарчоо басып, эмнеден чарчап жатканын өзү деле билбей жүргөн. Иш кылбаса да, уктаса да кетпеген бир чарчоо болчу. Көнүмүш болуп калган ошол чарчоосу басылгандай сезилди. Боз үйдөн чыгып, алыстан отун сүйрөп келе жаткан Дербишти көрдү. Келгенде коомай саламдашты. Ал жылмайып алик алды.
– Тоонун абасы жаккан экен,- деди ал тигини бир карап эле.
– Ооба, жакты.
– Дагы бир аз күн жүрсөң эч нерсең калбайт. Кечээги чөп кайнатманын натыйжасы. Самоор жакканды билесиңби?
– Билем.
Канат самоор жагып, Дербиш дасторконун даярдап чайга отурушту.
– Мындан ылдыйраакта эки үч боз үй турат, байкадыңбы?
– Ооба.
– Нанды, азык-түлүктөрдү ошолор алып келип берип турушат. Азыр жайдын күнү деп бийиктеп чыгып кеткеним бекеринен эмес. Бийиктеген сайын чөптөрдүн сапаты да жогорулай берет.
– А негизи кайсы жакта жашайсыз?
– Төрт мезгил бою ар кайсы жерге орун которуп жашайм. Мени издегендер таппай калышканы ушундан,- деп жылмайып койду Дербиш.
– Колуңуздан көп нерсе келерин билесиз, бирок ушундай жашоо образын тандап алыпсыз. Ар кимдин өз эрки, албетте, бирок эмнеге деген суроо жаралат. Менин колумдан ушунча иш, адамдарга жакшылык кылуу келсе, сиздей болуп жашынбайт элем.
– Жакшылык келген колдон жамандык да келет.
– Кандайча?
– Жашоодо ар дайым ак менен кара, жамандык менен жакшылык, рух менен напсинин талашы жүрүп келет. Бул талаш эч качан токтобойт. Жараткан бизди дал ушундай жараткан. Кээде эгоң ушунчалык асмандап кетет, эмне кылып жатканыңды өзүң аңдабай каласың. Мен да өз жазмышынан жашынгандардын биримин.
– Сиз рухий жолду тандап кеткениңиз анык, бирок професор Султан Казиев болуп туруп деле ошол жолдо болсо болбойт беле? Эмнеге сөзсүз түрдө өзүңүзгө Дербиш деген ат коюп, эч ким таппай кала тургандай жашынуу керек эле?
– Сен таап алдың, демек, укмуш деле жашынган эмес экенмин,- деди ал башын чайкап. – Канат, чындап издеген адам мени сөзсүз табат. Мына, сен таап келдиң. Калп издемиш болгондор, ошол жашынмак оюну менен алек боло беришет.
– Сиздин колуңуздан келген иш менин колумдан келгенде мен эч качан баш тартпайт элем,- деди Канат жанагы сөзүн кайра кайталап.
– Кээде ошондой убакыт болот. Мен Жараткандын жардамы менен көп өмүрдү сактап калдым, бирок айрым өмүрлөрдү тартып да алдым.
Канат тигини таң кала тиктеп калды. Ал жерди караган боюнча сүйлөй берди.
– Текеберлигим көр кылды. 18 гана жашта болчу кыз. Операцияны көтөрө албайт дешти көптөр. Тажрыйбалуу врачтардын баары айтышты. Мен болсо врачтык чеберчилигиме ишендим, көшөрүп, операцияны эрте жасаш керек деп туруп алдым. Организми алсыз эле. Бирок жаштыгы менен жеңет деп ойлодум. Шаштым. Ал кыз операциядан турбай калды. Апасынын чыңырганы, атасынын үмүтү өчкөн көздөрү али да көз алдымда... Мен шаштым. Анткени уулум Азирет мени эс алууда күтүп жаткан эле. Экөөбүз чогуу эс алууну пландаган элек. Ал Америкада окучу, мен ага барам деп убада берген болчумун. Уулума шаштым...
Дербиштин үнү каргылданып кетти. Эми гана башын көтөргөн Канат, анын көз жашы агып жатканын байкады.
– Шашканымдан улам колумдан чырактай кыз каза болду. Чындыкты, убагынан эрте операция жасап койгонумду билип туруп өзүмдү актадым. Бир ата-эненин колундагы чыракты соолуттум да, эч нерсе болбогондой учакка отурдум. Анан, билесиңби, эмне болду?
– Эмне болду?
– Уулума жетишпей калдым. Деңизде чөгүп бараткан бирөөнү куткарам деп жатып өзү толкунга оролуп калыптыр. Аны толкун тартып кетиптир. Бул жаза эмей эмне? Мен аэропортко конуп жаткан маалда ал өмүрү менен кош айтышып жаткан экен.
Канат бир нерсе айтайын деп баратып токтоп калды. Дербиш көз жашын аарчып алды да, сөзүн улады.
– Азирет менин жалгыз уулум. Көп балалуу болууну каалагам, жубайымдын ден соолугунан улам...
– Кызыңыз да бар экенин уктум...
– Кызым жубайымдын биринчи никесинен. Өз кызымдай карадым, бирок канымдан жаралган балам бирөө эле. Мен аны эрте жоготуп аларымды билгендей катуу жакшы көрдүм. Ата уулун менчелик сүйбөшү керек. Ал да кичинесинен мага жакын эле. Жубайым уулумдун өлүмүн көтөрө албады, ар күнү анын көзүндөгү кайгыны көрүү оор болду. Кийин тилине чыкты. Мени каргабаган, мага өлүм тилебеген күнү калбай калды. Жашоо мүмкүн болбой баратты. Ажыраштык. Ал кызынын жанына чет өлкөгө учуп кетти. А мен жалгыз калдым. Депрессиядан улам өзүмө кол салышым мүмкүн эле. Жолумдан бир адамга кезигип калды, ал Түркияда дин аалымы, мен көп жыл ошол жакта иштегем да. Ошол мени жамандыктын чеңгелинен сууруп кетти. Башка жолду тандадым. Айыга баштадым. Султан катары жашагым келбей калды, анын күнөөлөрүн көтөрүп жүрө албай калдым. Жер кезип кеттим. Баарынан баш тарттым. Ошондо гана жашоону уланта тургандай күч таптым.
– Ошентсе да өзүңүздү кечире турган күч таба элек окшойсуз дагы деле...
– Өзүмдү кечирдим, пенде дайым кемчиликтүү экенин эске алганда кечирбей кайда бармак элек. Бирок Дербиш катары калганды туура көрдүм.
Канат да башынан өткөн окуянын баарын Дербишке айтып берди. Эч нерсесин жашырган жок. Шоола ал үчүн кандай кымбат экенин да айтты. Тиги анын сөзүн бир да бөлбөй угуп отурду.
– Менин да күнөөмдүн чоңдугу жанымды жай таптырбайт. Эгерде ал адам менин айымдан бул жашоо менен кош айтышса, андан ары кантип жашайм билбейм,- деди Канат.
– Сени түшүнүп турам, бирок жардам бере албайм, жигит. Менин колумдан келе турган иш эмес.
Дербиштин үнүндөгү чечкиндүүлүктү сезди Канат. Кайрылып сураган жок, сылык коштошуп боз үйгө кирди. Аны коштоп келген өспүрүм дагы деле уктап жаткан эле, аны ойготуп, аттарын минип жөнөп кетишти. Ал эми Дербиш ошол отурган жеринен козголбогон боюнча кала берди...
(Уландысы кийинки санда)