Закирбек Дүйшөнбек уулу, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “Ырдабайм, бийлебейм, бул мен үчүн принцип”

Маңдайымда оор басырыктуу, эмоциясын карманган, ашыкча жылмайбаган, тыкан мырза отурду. Улуттук өнөрдү алып жүрүүчүлөрдүн бири, белгилүү комузчу, кыргыз күүлөрүн эл аралык деңгээлде даңазалап жүргөн талант Закирбек Дүйшөнбек уулу менен пикир алыштык. 

– Закирбек мырза, жакында Өзбекстанда өткөн Кыргызстандын маданият күндөрүнө катышып келдиңиз, кандай өттү?

– Өзбекстанга баргыча Бишкекте 1 жумадан ашык даярдандык. Кыргыз кайрыктары менен өзбек кайрыктарын бирге ойноо идеясы 3-4 жыл мурун пайда болгон. Маданият министрлигине караштуу улуттук маданий борбордун директору Жумакадыр Курмангалиев сунуштаган эле. Алгач Оштогу Бабур театрында иштеген Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Хамидулла байке менен ойногонбуз. Кечээги Маданият күндөрүнө да ошол ага менен бирге даярданган элек. Тилекке каршы, Өзбекстан тарап өздөрүнүн музыканты менен ойноону суранышты. Ташкентке 2 күн мурун учуп барып, даярдандык. Даярдык абдан аз болду, 2-3 музыкант алмашты. Өзбек тарап улам музыкант алмаштырып отуруп, концертке жарым күн калганда Фарангиз Махмудова деген дутарчы кызды чакырышты. Ошентип Фарангиз экөөбүз “Андижан полькасы” менен кыргыздын “Беш ыргай” ырын шайкеш келтирип ушундай чакан күү даярдадык.

Жалпысынан Маданият күндөрү өтө жогорку деңгээлде өттү. Эки тарап достукту даңазалап, бири-бирибиздин музыкаларыбызды ойноп, жакшы концерт тартууланды. Театрларда спектаклдер коюлуп, кинолор көрсөтүлүп жатты. Кыргыздын маданиятына эмнелер кирсе, анын баары Өзбек жергесинде чагылдырылды. Ошондой эле Өзбекстандын “Голубые купола” деген сейил багында “Кыргыз айылынын” ачылышы болду. Ал жерде да 2-3 күн кыргызстандыктар концерт бердик.

– Атай Огонбаев тууралуу документалдык фильмде Атайдын ролунда комузду бычак менен черткениңиз бар. Бычак менен черткенди качан үйрөнгөнсүз?

– Түгөлбай Казаков агабыз маданият министри болуп турган кезде Атай атабыз тууралуу документалдык тасма тартуу демилгеси көтөрүлүп, мени Атайдын ролуна чакырышты. Ага чейин комузду бычак менен чертип көргөн эмесмин, билген эмесмин. Түгөлбай агабыз “бычак менен ойноо өнөрүн дагы көрсөтсөк жакшы болмок” деди эле, үйгө келип ашкана бычагын алып ойноп көрсөм, окшошту. 5-10 мүнөт даярдангам, ошол боюнча башка даярданган жокмун. Фильм тартылып жатканда ороюраак бычак туш келип калган экен, тартып жатканда кылдарын үзүп кетип кичине тоскоолдук жаратты. Ага карабастан бир жарым сааттын ичинде ал эпизодду тартып алдык. Эч кандай жасалмасыз, фонограммасыз, чыныгы бычак менен чертилгени көрсөтүлгөн. Мына, азыр колумда турган комузда да бычактын издери бар. Бир ай мурун Астанада домбра күнүнө карата уюштурулган чоң концертке барып, Атайдын “Ак тамак, көк тамак” күүсүн бычак менен чертип келгенбиз. Анча-мынча из калбай койбойт, бычак деген баары бир бычак да.

Канча комузуңуз бар? Аларды абдан кастарлап сактасаңыз керек?

– Азыраак эле комузум бар. Чындыгында, комузду сактоонун атайын эрежелери бар, бирок анын баарын туура сактап жүрөм деп айта албайм. Биз ар кайсы учурда ар кандай жерде болуп калабыз, машинеде жүрөт, кеңсемде туруп калат. Муздактан жылуу жерге киргенде жыгачта нымдуулук пайда болуп, комуз тердеп кетет. Ал нымдуулукту өзүнө сиңирип, кайра кургаганда жыгач ийилип, кыйшыйып-мыйшыйып кургайт. Андыктан комузду тердетпей, тердесе кургак кагаз, кебез менен дароо аарчып кургатып коюш керек. Нымдуулук жок жерде сактаган жакшы. Андан сырткары дубалга жөлөп коюу, кылдарын катуу тарткан боюнча калтырып коюу да комуздун формасын бузат. Акырындык менен ийиле берет. Үнү да өзгөрүп кетет.

– Комузду булбулдай сайратып, керек болсо бийлетип да жүрөсүз. А өзүңүзчү, ырдап-бийлейсизби?

– Эми, шыгым бар. Бирок принципиалдуу түрдө ырдабайм дагы, бийлебейм дагы. Мен тек күү чертем. Мен кумир туткан күүчүлөр – илгерки залкар комузчулар, алар ырчылык өнөрдү аркалашкан эмес, күү гана чертишкен.

– Тар чөйрөдө, достордун арасында деле ырдабайсызбы?

– Достордун арасында деле ырдап-бийлебейм.

– Сахнада, маектешүүлөрдө олуттуу отурасыз. Жашоодо мүнөзүңүз кандай?

– Адамдын образы адамдын ыйманына жараша өзгөрүп турат. Акыл жаман-жакшыны, ак-караны ажыратып бере турган болсо, экөөнүн бирөөсүн тандоодо ыймандын ролу чоң. Ыйманың төмөндөп кетсе, жагымсыз сапаттарың сыртка чыгып калат. Адам дайыма бир калыпта болбойт. Мен ошол ыйманга кам көргөнгө болушунча аракет кылам. Мүнөзүм ар кандай. “Мүнөзүм чатак, мүнөзүм орой” деп эле оройлонуп жүрө бериш болбойт. “Мүнөзүм жумшак” деп керектүү жерде унчукпай отуруп алган да болбойт. Мен көп учурда карманганга аракет кылам, андыктан мүнөзүм жумшагыраак деп ойлойм.

– Өткөөл куракта кандай болуп өзгөрдүңүз эле, эсиңиздеби? 

– 6-7-класстан тарта 17 жашка чейин кызып турган учуруң болот экен. 7-класста үнүм жоон болуп өзгөрдү. Андан бери өзгөрүүлөр болуп эле келе жатат, өзгөрүүдө чек жок, адам баласы өмүр өткөнгө чейин ар кандай өзгөрүү менен жашайт.

– Тентектик кылчу белеңиз?

– Ооба, тентектик кылчубуз. Мукаш Абдраев атындагы атайын музыкалык мектеп-интернатында 1-класстан 10-класска чейин окудум. Интернатта чоңойдук. Интернаттын эң эле тентек балдарынан болгонбуз. Балабыз да. Бирок чектен ашып өтө жаман иштерди кылган жокпуз.

– Мындан 3 жыл мурунку маегиңизде бойдокмун деген экенсиз. Үйлөнө элек окшойсуз...  

– Ооба. Балдарым чоңоюп калды, буюрса. Кызым 7-класска, ортончу балам 5-класска көчтү, кичинекейим 2-класста. Үчөө менен жашоо абдан сонун. Ата-энем бар. Кудайдын үйлөнтө турган убакыт-сааты бар болсо, насип кылган болсо, үйлөнөрбүз. Бирок өзүм үйлөнүүгө аракет кылбадым. Кыздар менен сүйлөшүүдөн да алысмын. Билбейм, Кудайдын бир жакшылыгын күтүп жүрсөк керек.

– Сиздин табитиңиздеги кыздардын сын-сыпаты кандай?

– Мен үчүн эң башкысы – жүрөгүндөгү ыйманы. Анан бир көргөндө көзүң кубанып турарлык чырайы болуш керек. Албетте, ар бир адамдын өзүнүн табити бар. Бирөөгө сулуу көрүнгөн, бирөөгө анча эмес көрүнүшү мүмкүн. Өзүмдүн табитимдеги кызда, бир карганда көзүм кубана турган чырайы, анан, албетте, жүрөгүндө ыйманы болсо дейм.

– Алма сабагынан алыс түшпөйт дейт го, балдарыңыз да комуз чертишеби?

– Балдарым да комуз чертишет. Улуу кызым эч нерсеге кызыкпай койду. Ал мектепте жакшы окуйт, жыл сайын грамота, дипломдор менен аяктайт, мугалимдердин алкыштарын угуп турабыз. Ортончу балам кичине жалкоолук кылабы, билбейм, бирок абдан таланттуу. Кичине эле машыгып аракет кыла турган болсо окуусун да, комузду да алып кете турган. Комузду оң колу менен да, сол колу менен да чертет. Эки баламдын мүнөзү эки башка. Кичүүсү шок, ортончум оор басырыктуураак. Кичүү балам 1-классты бүттү да, бирок 1-класстын программасын качан эле окуп бүтүрүп салган, чоң кишилердей эле шар окуйт, кол жазмасы да сулуу. Кудайга шүгүр, мыкты балдарым бар.

– Комуздан балдарга сабак бересизби? Шакирттериңиз барбы?

– 10 жылдан бери кызыккандарга комуз үйрөтүп жүрөм. Окуучуларым бар, арасынан келечектин мыкты-мыкты таланттары чыгат деп үмүт кылам.

– Сизге ийгилик каалайбыз!

Гулийпа Маметосмон кызы

 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1129, 25-31-июль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан