Саясат жана коом

Кыргыз-Тажик чек арасынын 94 пайызы такталганы айтылды

Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасынын 94 пайызы такталып бүттү. Маалыматты 29-июлда Тажикстандын Жер башкаруу жана геодезия боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчиси Ориф Хожазода билдирди. Азыркы тапта калган 6 пайыз боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтат чиновник.

Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык топтору 2024-жылдын алгачкы 6 айында 12 жолу жолугушкан. Жыйынтыгында 82 чакырымдан ашык тилке такталган. “Бир катар талаштуу тилкелер калды, алар боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатат. Эки тарап тең маселени консенсуска жетишүү жолу менен чечүүгө аракет кылууда”,- дейт Тажик чиновниги.

Сүйлөшүүлөрдүн жагдайы боюнча маалыматтар ачыкка чыгарылбайт, бул коопсуздук жана чек ара талашын ийгиликтүү чечүү үчүн зарыл дейт Хожазода.

Кыргыз-Тажик чек ара тилкесинин жалпы узундугу 984 чакырымды түзөт. Бүгүнкү күндө анын 928 чакырымы макулдашылды деп жарыяланды. Калган 56 чакырымы боюнча августта сүйлөшүүлөр баштала турганы да кабарланды. Тактала элек тилкелер кайсы жерде экени, такталган тилкелер боюнча макулдашуулар кандай шарттар менен ишке ашырылганы, Баткендеги талаштуу жерлердин тагдыры кантип чечилип жатканы айтылган жок.

Айылдардын 66 пайызы таза сууга жете элек

Кыргызстанда 1906 айыл болсо, учурда анын 637си гана таза суу менен камсыз. Калган 1269 айылда ичүүчү сууга муктаждык бар экени 30-июлда Айыл чарба министрлигинде өткөн жыйында маалымдалды. Учурда атайын программанын алкагында 260 айылга таза суу жеткирүү иши жүрүп жатканы айтылат. Жалал-Абад облусунда 24 айыл, Баткенде 72, Ошто 42, Таласта 17, Чүйдө 42, Ысык-Көлдө 20, Нарында 43 айыл жакынкы мезгилде таза сууга жетиши күтүлөт. Ошондо дагы элеттин 47 пайызы же жарымына жакыны таза сууга толук жетпеген бойдон калат. Бул – таза сууга бай деген Кыргызстандагы реалдуулук. Расмий маалыматтар боюнча, 2012-жылы өлкөдө айылдардын 70 пайызы таза сууга толук жете элек деп айтылган, демек, акыркы 12 жылда бул жаатта сезилерлик жылыш болгон эмес деген жыйынтык чыгат.

Кыргызстан жыл сайын таза суу жеткирүү системин жаңылоо үчүн эл аралык каржы уюмдарынан грант, насыяларды алат. Адистер совет мезгилинде курулган канал, түтүктөр жаңылоого муктаж, таза суунун жеткиликтүү болбой жатышынын бир себеби ушул деп айтып келишет.

Президент кезинде Сооронбай Жээнбеков “2023-жылга чейин таза суу көйгөйү толук чечилет” деген. Азыркы бийлик бул маселени 2026-жылга чейин чечүүнү айтып жатат.

БУУ: Жакынкы Чыгышта кырдаал курчуп баратат

Тегеран жана Бейруттагы террордук актылардан кийин Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш билдирүү жасап, тараптарды жана эл аралык коомчулукту кескин аракеттерге баруудан карманууга чакырды.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Жакынкы Чыгышта аймактык ири согуш тутанып кетпеши үчүн эл аралык коомчулук чыңалган кырдаалды басаңдатууга көмөктөшүүсү керектигин эскертти. Газа тилкесиндеги ок атышууну токтотуу аракеттерин жогорудагы эки теракт жокко чыгарганын айтат Гутерриш. Эгер согуш тутанып кетсе, анын кесепети жарандар үчүн абдан оор болорун, андыктан чыңалган кырдаалды дипломатиялык жол менен басаңдатуу зарыл экенин баса белгиледи өз билдирүүсүндө саясатчы.

Эскертке кетсек, 30-июлда Израил өлкөсү “Хезболла” кыймылынын командирин өлтүрүү үчүн кыймылдын Бейруттагы штабына абадан сокку урган. Ал эми 31-июлда ХАМАС кыймылынын лидери Исмаил Хания Тегеранда, өзүнүн резиденциясына жасалган чабуулдан каза тапты. Ал Тегеранга Ирандын жаңы шайланган президенти Масуд Пезешкиандын инаугурациясына катышууга барган. ХАМАС жана дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү анын өлүмүнө Израилди айыптады. Ирандын руханий лидери Али Хаменеи Ханияны өлтүрүүгө жооп катары Израилге түз сокку урууга буйрук бергенин 1-августта чет элдик ЖМКлар жарыялашты.

Жакында аймактардагы аэропорттор ишке кирет

Жакын арада Нарын, Кербен, Казарман аэропорттору ачылат. Бул тууралуу 31-июлда эл аралык “Манас” аэропортунун жетекчиси Манасбек Самидинов Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Айтымында, Нарын аэропорту 1 айдын ичинде ачылат. Андан кийин Кербен, Казарман аэропорттору толук ачылары айтылды. Ал эми Каракол аэропорту быйыл күзүндө ишке кирмекчи.

2025-жылы Жалал-Абадга жаңы эл аралык аэропорт курулат. Самидинов билдиргендей, курулуш үчүн 300 гектар жер тилкеси бөлүндү. Ал эми эски аэропорттун ордуна жаңы кичи район курулушу мүмкүн экени маалымдалды. “Курулуш үчүн керектүү бардык корутундуларды алдык. Азыркы тапта долбоорду даярдоо иши жүрүүдө, кийинки жылы курулушту баштайбыз”,- деди аэропорт жетекчиси.

Ошондой эле Кыргызстандан АКШга түз аба каттамын ачуу пландалып жатканы айтылды.

– Кыргызстандын авиакомпаниялары Европа биримдигинин “кара тизмесинде”. Биз бул каттам боюнча америкалык компанияларды кызмат көрсөтүп берүүгө чакырдык. Алар аэропорттун иши менен таанышууга жыл аягына чейин келишет. Түз каттам Нью-Йорк же Чикаго шаарына ачылат,- деди Самидинов.

Айта кетсек, Кыргызстандын авиакомпаниялары 2006-жылдан бери Евробиримдиктин “кара тизмесинде” турат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1130, 1-7-август, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан