САГЫНДЫРГАН ЖАЗ

(Башы өткөн саныбызда)

Мектептин жанында аны дагы бир күтүүсүз сюрприз күтүп турган. Колуна гүл кармап, мээримдүү жылмайган апасын көрүп бир жагы чексиз сүйүнсө, бир жагы таң калып турду. 11 жыл ичинде апасынын мектепке келгенин биринчи көрүшү. Мектепке келүү, балдарын сабак жактан көзөмөлдөө атасынан артчу эмес. Апасы негедир Адилетке өзгөчө сулуу, бактылуу көрүндү. Жетип барып бекем кучактап алгысы келди. Бирок айланадагы окуучулардан уялды. Апасынын оор күндөрдөн да бактылуу мүнөттөрдү бөлүп алып балдарына тартуулай алган касиетине ичинен таазим кылып, эненин касиетине табынып турду.
– Апа, рахмат келгениңизге!!! Мен аябай кубанычтамын,- деп апасынын колунан гүлдү алып, Бурулайга карматты. Карегинен айланган кубанычтын жашын күлкү менен жашырып, жылмайып алып:
– Шайыр энемдин үйүндө гүл калтырдыңарбы өзү?
– Шайыр энең күзгө чейин гүлдөрдүн түрүн өстүрүп алат кайра,- деди апасы да жылмая.
– Аке, окуучулар тизиле баштады. Жүрүгүлө, мектеп жакка баралы.
Баары чогула мектеп тарапты көздөй басышты. Адилеттин эсине бала чагы түштү. Биринчи класска келгенде ыйлап, атасына жабышып “мектепте калбайм” деген күндөрү кечээ эле болгондой. Атасын сагынганын бүгүн туйду. Мектептен чыккан музыканын үнү Адилеттин кусалуу оюн бөлүп кетти. “Оо, клубдан музыканттар келишиптир да. Былтыр Чолпонбайлар мектепти бүтүп жатканда свет өчүп, линейка суз өткөн. Алардын бешенесинен да. Биздин балдарга күн көрсөтпөй күнүгө сабашчу. Сооп аларга” деп жылмайып алды.
Аңгыча мектептин экинчи кабатындагы терезеден:
– Ай, Адилет, кайда жүрө­сүң? Балдар бийге даярданып жатпайбы,- деген эжекесинин үнү угулду.
– Эжеке, мен бийлебей турган болгом. Мадамин агай “кыймылдарың туура келбейт экен” деп чыгарып салган.
– Кыйратты ошол агайың. Өзүнүн кыймылын билип алсын. Сопсонун эле бийлеп жүрбөдүң беле?..
– Эжеке, эми кеч болду бийлегенге. 10 жылдыкта тытып бийлеп берем,-деп баратып бир нерсени эстегендей мектептин ичин көздөй чуркады. Оюнда Бермет кайсы бала менен бийлеп жатты болду экен деген тымызын кызганыч бар эле. Музыка классына чуркап кирсе, Бермет Тынар классташы менен бийлеп жатыптыр. Түз эле тигилерге басып барды да:
– Эй, Тынар, белинен бош эле кармачы, тим эле кучактап албай. Уктуңбу?!- деп өкүм сүйлөдү.
– Бош эле кармап жатам.
– Бош дагы кармаба! Колуң­ду алыс коюп эле бийлей бер. Эч нерсе болбойт.
Бермет болсо Адилетти биринчи көргөндөй таң калып карап “жүрсөң эшикке” деп жетелеп сыртка алып чыкты.
– Сага не болду?
– Эч нерсе. Уйгактай жабышып албай, нормально эле бийлесин да.
– Ой, Кудай, ал өзү уялып араң бийлеп жатса... Адилет, мен сени гана жакшы көрөрүмдү билесиң го.
– Уялса бийлебей эле койсун. Мейли, жакшы даярдангыла. Мен балдарга кеттим.
Берметтин бетинен өөп, сыртка чыгып кетти.
Балдардын бою кичинеси болсо да, баарын башкарчу. Жаштайынан күрөш менен машыгып, өзү курактуу балдардын атаманы да эле. Классташ балдарынын кайда экенин ойлонбой туруп, мектептин артындагы бакты көздөй бет алды.
– Өпкөңөрдү ыштап жата­сыңар анан?- деп теңтуштарына тийише кетти.
– Ээ, сен кайда жүрөсүң, Адилет? Биз жетиден бери ушул жердебиз. Санжар менен Аскат мас болуп калды. Экөөнү Аскаттын үйүнө зорго жеткирдик,- деди Жумаш.
– Линейка бүткүчө чыдап тура албадыңарбы? Санжардын апасы мектепте жүрөт го. Эмне дейбиз азыр апасына? Пивону ким алып келди?
– 10-класстар.
– Мага тез таап келчи ошолорду.
Сапар отурган жеринен ыргып туруп, чуркап жөнөдү. Адилет бул көрүнүшкө аябай жини келип турду.
– Бардыгың линейкага жөнө, тез!
Баары ордунан козголуп, мектепти көздөй жөнөштү. Нуртилек менен Азамат гана ордунан козголбой отурушту.
– Досум, майрамың менен, а так! Бүгүн маанайың жок го.
– Маанай жакшы эле. Тигилерге жиним келип жатат. Акыркы коңгуроо болуп жатса, мас болушуп...
Аңгыча 10-класстын балдары чуркап келип калышты. Адилет аларга каардуу карай:
– Ким силерди таң атпай пиво алып кел деди?
– Кечинде Санжар клубдан жолугуп калып, “эртең менен эрте 5 литр пиво алып келип калгыла” деген.
– Мас бекен? Ал эмне кылып жүрүптүр клуб жакта?
– Ооба, кичине ичип алыптыр. Биз өзүбүз деле бүгүн сыйлап коёлу деп жаттык эле.
– Сыйлайт десе, таң атпай пивого тойгузуп коёсуңарбы? Азыр Аскаттын үйүнө барып, Санжарды сопсоо кылып линейкага алып келесиңер! Анын апасы мектепте жүрөт. Аскатка тийишпегиле. Анын кыялын билесиңер. Силерге жарым саат убакыт. Уктуңарбы?!
– Уктук.
– Убакыт кетти. Чуркагыла!
Балдар Адилеттин ачуусун жакшы билгендиктен, чуркаган бойдон кетишти. Мына ушинтип Адилет мектеп окуучуларын ийге келтирип, тартип орнотуп турчу.
– Доскелер, кеттикпи? Линейка башталып калбасын...
– Кеттик. Бүгүн мектепти бүтүп жатабыз. Айтмакчы, Адилет, Бермет менен жараштыңбы? Таарынышып жүрөт элең го. Аның тиги Тынар менен бийлеп жүрөт,- деди Нуртилек.
– Жарашканбыз. Баары сонун. Билесиңер го, көпкө таарынышпайбыз. Сүйөм да Берметти аябай.
– Нуртилек, сүйүү да буларда. Сен эмнени түшүнөсүң өзү? Сүйүү чоң энеңдин кара чайнеги беле, кырып-кырып жууп койсоң кетип калчудай. Кетпейт ал,- деп каткырып алды Азамат.
– Туй ата, сен мени эч нерсени түшүнбөгөн торпок кылып койдуң го, досум.
– Торпок болсоң торпок дейбиз да, доске,- деп Адилет Нуртилектин башынан матек алып алды.
Ошентип, там-туң баскан кезден чогуу чоңойгон достор куушуп мектепти көздөй жөнөштү.
Келген коноктор, мектеп башчылары сүйлөп жатышты. “Спорт тармагында жетишкен ийгиликтери үчүн Адилет Тилегенов Ардак баракчасы менен сыйланат” деген директордун үнү Адилетти катуу уйкудан ойготкондой болду. Мени айтып жатабы деп таң калгандай, бир аз кечигүү менен ортого чыкты. Ардак баракчаны алары менен карындаштарынын баары келип, гүл карматышты. Толкунданган Адилет шашып өз ордуна барып, гүлүнүн баарын Берметке карматып:
– Бул гүлдөр сага,- деп жылмайып койду.
Акыркы коңгуроо 11-класстын бийи менен аяктады.
Гүлсара кыздарынын баарын чогулта албай убара болуп жатканда Адилет апасынын жанына жетип келди. Баары биргеликте бул күндөрдөн эстелик калсын деп сүрөткө түшүштү. Апасы уулуна:
– Балам, мен кеттим үйгө. Жакшы майрамда,- деп акча сунду.
– Акчам бар, апа. Терминатор абам берген эртең менен.
– Ал берсе алып, мен берсем албай коёсуңбу эми?
– Макул, апа. Рахмат чоң. Карачаңды аркандатып, торпокту үйгө алдырып коёсузбу?
– Ай, балам, сени айттырбай эле баарын жасатып койгом, Сагынга айтып. Кабатыр боло бербесең.
Сүйүнгөн Адилет акчаны алып кудуңдап жөнөп калды.

Залкарбек Карабалаев

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
aku
2011-02-18 21:17:21
en sonun chygarma okuganda kadimkidei es alam.
0
FIANIT
2011-02-19 16:49:08
Мага да жагат, окуп жатып биздин акыркы конгуроо болгон кунду эстей берем... Жагымдуу жазылган.
0
Arstan
2011-02-19 17:43:46
Айылдын жашоосу сонун ээ,озунчо керемет да .
0
jalbyrak
2011-12-10 19:25:16
akchasyn kyzyna,dostoruna emes birinchi bir tuugandaryna korotkonu ayabai yraazy kyldy.
0
№ 433, 18-24-февраль, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан