Убакытка баш ийбеген Морган Фримен

Морган Фримен. Бул ысым дүйнөлүк кинематографияга жакшы таанымал. 87 жашка келген актёр убакытка баш ийбей, дагы да мыкты роль жаратсам деп турат. Морган мырза жаш кезинде кандай болгону эсиңизде барбы? Жок, туурабы? Анткени актёрго атактуулук 50 жаштан кийин гана келген. Ошон үчүн баарыбызга ал жашарганы же карыганы билинбей эле жүрө бергендей сезилет. Голливуддун аксакалынын киного келген жолу оңой болгон эмес. Алдыда анын жашоосундагы кызыктуу фактыларга токтолобуз.

 Туулган жери: АКШ, Мемфис

Туулган жылы: 1937-жыл, 1-июнь (87 жашта)

Жылдыз белгиси: эгиздер

Бою: 189 сантиметр

Кесиби: актёр

Тартылган белгилүү тасмалары: “Шоушенктен качуу”, “Кудуреттүү Брюс”, “Миллионго тете айым”, “Бэтмен”, “Калптын иллюзиясы”, “Акыркы рейс” жана башка

Балалыгы

5 баласын бакканга жан далбастаган ата-эне... Ата-эненин көңүл буруусуна, камкордугуна, мээримине муктаж балдар... Мына ушундай көп балалуу үй-бүлөдө төрөлгөн болочок актёр. Атасы чачтарач, апасы медайым болуп иштечү. Бирок экөөнүн тапкан каражаты үй-бүлөнү бакканга жетпей, ар кайсы шаардан ийгилик кушун издеп көчүп-конуп жүрүшөр эле. Морганды таенеси өз колуна алган, бирок бала 6 жашка чыкканда таенеси каза болуп калып, апасына барганга туура келген. Бул убакта апасы менен атасы ажырашып кетишкен.

Тентектиги актёрлукка алып келген

Мектепте тентек окуучулардын тизмесинде болду. Бир жолу жакшы көргөн классташ кызы мугалимге жооп бергени ордунан турганда байкатпай ал отурган отургучту жылдырып коёт. Классташ кызы жерге отуруп калып ызаланып ыйлайт... Анан мугалим Морганга “театралдык спектаклде ойнойсуң” деген жаза катары “өкүм” чыгарган. Кызыгы, мугалимдерди да, өзүн да таң калтырып сахнада мыкты ойнойт. Ошол күндөн 6-класстагы өспүрүмдө “актёр болом” деген кыял жаралган.

Армия

Окууну эмес, армияны тандады. Мектепти бүткөндөн кийин жогорку окуу жайда окуп, кайсы бир кесиптин ээси болуунун ордуна армияга барам деп чыккан. 4 жыл АКШнын Аскер аба күчтөрүндө кызмат кылып келген. “Аба мейкининде карьерамды түптөйм деп ойлогом, бирок ал жакта 4 жыл бою механик болдум. Учкучтукка окуюн десем, кара терилүүлөргө уруксат берилбейт экен. Анан кой дедим да, аскердик кызматты жыйыштырдым” дейт Фримен мырза. Армиядан келгенден кийин актёрлук чеберчилик боюнча, болгондо да бийге басым жасаган ийримдерге бара баштаган.

Театр жана кино

30 жаш. Дал ушул куракта Морган Фримен алгачкы жолу чоң сахнага чыккан. Жалаң афроамерикалык актёр-актрисалар катышкан “Салам, Долли!” мюзиклинде болду дебюту. Театрда жакшы кабыл алынганы менен, кинонун эшиги дале жабык эле. Тартылса да, элге кабыл алынбай жатты. “Менин жашоомдо эч нерсе оңой болгон эмес. Андыктан кинодо ийгилик жарата албаганыма өкүнчү эмесмин. Анткени, биринчиден, мен кеч баштадым. Анын үстүнө келбетиме, расалык өзгөчөлүгүмө байланыштуу да мага ылайык роль табуу кыйын болчу. Ошентседа бир күнү мага гана ылайыктуу роль чыгарына ишенчүмүн” деген актёрдун кыялы 50 жашында гана ишке ашты. 1987-жылы экранга чыккан “Көчө баласы” фильми үчүн “Экинчи пландагы актёр” номинациясында “Оскарга” талапкер болгон.

“Оскарга” 5 ирет талапкер...

5 жолу талапкер болуп, 1 гана “Оскар” статуэткасына ээ болгон актёр. “Кинодогу карьерам кеч башталганына өкүнөм. Жаш кезимден актёр болсом, мындан көп ийгилик жаратмакмын” дегени менен, көпчүлүккө караганда аркасына жакшы эле из салган десек болот. “Көчө баласы”, “Мисс Дейзинин айдоочусу”, “Шоушенктен качуу”, “Миллионго тете айым” (“Малышка на миллион”), “Жеңилбес”. Фримен мына ушул 5 тасмадагы ролу үчүн “Оскарга” талапкерлиги коюлуп, “Миллионго тете айым” тасмасында гана “Экинчи пландагы актёр” номинациясында жеңүүчү аталган. “Оскар” алган убакта актёр 68 жашта болчу. 

150дөн ашык роль

“Карыган адамдарга ылайык ролдор аз. Боевиктерге чакыруу албайсың, анткени буту-колуң ооруйт, согуша албайсың... Ошентсе да жаштар аткара албаган толтура кызматтар бар. Андыктан карысам эле кетишим керек дебейм. Актёрлук – менин жашоом” деген актёр карьерасын кеч баштаганы менен 150дөн ашык тасмада роль жараткан. Анан да 2 жолу Кудайдын образын аткарган. Кайсы актёр эле Кудайдын ролун ойноп жатыптыр, чынбы?.. Комедия жанрындагы “Кудуреттүү Брюс”, “Кудуреттүү Эван” тасмаларында башкы каарман актёр Жим Керри болсо, экөөндө тең Кудайды Морган фримен келиштире аткарган.

Кызыктуу фактылар

Актёрдун чоң аталары кулчулук өкүм сүрүп турган коомдо жашашкан. Кулчулуктан бошогон бир чоң атасынын документине Фримен (эркин адам деп которулат) деп жазылган. Кийинки урпактары дал ушул фамилияны алып жүрүшөт.

Фримен – балчы. Актёрдун камерадан сырткаркы жашоосу да кызык. Ал кызыккан хоббилердин бири – балчылык. 50 гектар жерди камтыган ранчосуна ондогон бал челектерди жайгаштырган, аарыларга өзү камкордук кылып, бал өндүрөт.

Жаш кезинен келбеттүү, бою узун, анан да мыкты бийлеген Морган Фримен айымдардын суроо-талабындагы мырза болду. Расмий түрдө 4 жолу үйлөнүп ажырашкан, 2 уулу, 2 кызы бар (1 кызын багып алган).

Коңур үндүү, тасмаларда көбүнчө илим-билимдүү, акылман адамдардын ролун ойногон Фримендин аброюна көлөкө түшүргөн учурлар жок эмес. 2018-жылы журналист актёрду харрасментке күнөөлөп чыккан. Ага улай дагы 8 айымдан арыз түшкөн. Буга чейин да Морган мырзаны багып алган кызы менен жүрөт деген ызы-чуу чыккан эле. Актёрдун жаш кезиндеги тентектиги калган эмес окшобойбу, айтор, “мен жанымда жүргөн адамдар менен эркин баарлашкым келет. Сөздөрүм, кыймыл-аракетим кимге туура эмес сезилсе кечирим сурайм” деген актёр эптеп кутулуп чыккан. Болбосо ошол жылдары Голливуддун бир топ актёр зордук-зомбулукка күнөөлөнүп, карьерасынан кол жууган эле.

 

Асыл Орозбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1130, 1-7-август, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан