Шоола (Ага-ининин ортосундагы карама-каршылыктар, кыйынчылыктар, эч нерсеге байланбаган сүйүүнү баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Дербиш көзүн жумду, кайрадан Канаттын элеси тартылды. Жылмайганы, баскан-турганы көз алдына келди. Анын бардык кыймылы каза болгон уулуна окшош эле. Жүрөгү сыйрыла түштү.

– Мен ал жигитке кайра бир жолугушум керек. Бул жол мен үчүн эмне даярдап жатканын билбейм. Бирок ички сезимимде бул жигит мени башка бир дүйнөгө чакырып жатат. Мен жүз буруп кеткен дүйнөгө кайрадан барууга мажбур кылууда. Бул Жаратканга гана белгилүү нерсе. Балким, менин бүттү деген сыноом эми башталып жаткандыр. Ким билет...

– Ким билет, балким, сенин адамдарга кыла турган кызматың дагы деле бүтө электир. Сен чекит койдум деген менен, жашооңдогу бул сыноо чекит эмес, үтүр болгонун биз кайдан билебиз. Бир гана Кудай билет, жашообуздун кайсы жерине үтүр, кайсы жерде чекит коюларын. Ошондуктан, досум, кыжалат болбо. Жүрөгүң сага кандай десе, ошону кыл.

– Ал жигитти кайдан табам?

– Азыр табылбай турган эч нерсе жок го, досум. Уулум азыр телефонун чукулап, ал жигит тууралуу толтура маалымат таап берет. Белгилүү адамдар кантип табылбай калсын, белгисизиң деле табылып жаткан заманда...

Өз сөзүн кубаттай борсулдап күлүп койду досу. Чын эле баласы Канат тууралуу көп маалымат таап берди. Интервьюларын окуду. Сүрөттөрүн көпкө карап турду Дербиш. Дагы деле бир түпөйүл кылган ойлор бар. Өзү деле аныгын билбейт, бул кандай сезимдер. Бирок аны бир көргөндө эле жакындык, боор тартуу пайда болду. “Ким бул? Эмнеге менин уулума куюп койгондой окшош?” Дербиш ошентип ойлоп жатты. Эми ал Дербиш атын таштап, кайрадан профессор Султан Казиев болууга, тагдыры менен кайра күрөшүүгө бет алды. Бул жолдо аны тагдырдын белеги да, трагедиясы да күтүп турганынан али кабарсыз эле.

ххх

“Султан Казиев келди!” Кардиология борборунда күбүр-шыбыр желдей тарады. Тиги дүйнөдөн кайтып келген кишидей болуп аны аркасынан узата карап, таң кала тиктегендер толтура. Султан анын баарын көрбөдү, балким, көргүсү келбеди. Анын бир гана максаты – эне менен баланын өмүрүн сактап калуу эле. Канат аны кабинетинде күтүп отурган. Ордунан тура калды, салам айта колун сунду. 

– Отур, отура бер. Азыр абалы кандай эне-баланын? Биздин борборго алып келе аласыңбы?

– Албетте, жолдошу да азыр сыртта күтүп турат. Тез эле келип калышат,- деген Канат дароо телефон чалды.

– Жанат, Шооланы бул жакка алып келе кал. Профессор өзү көрөт экен,- деди кубанычтуу.

– Чын элеби? - Жанат да сүйүнүп кетти.

Аз убакыттан кийин Жанат менен Шоола кирип келди. Султан Шооланы жылмайып тосуп алды. Канат ага тиешелүү бардык окуяны айтып берген эле. Ичинен тына баш ийкеп алды. Дал ушундай аялдар үчүн согуш чыккан, дал ушундай аялдар үчүн далай баатырдыктар жасалган эмеспи. Чын эле өзгөчө аурасы бар, сулуугу да өзгөчө келин экен. Карачы, дарттын жабышканын...

Анализдерин көп убакыт изилдеди. “Операция жасоо керек” деп чечти акыры. Шоола менен жалгыз сүйлөштү.

– Оор, өтө татаал операция болот. Акыркы чечим сенде, тобокел кыласыңбы?

– Эгерде менин эле жашоом болсо, сөзсүз тобокел кылмакмын. Бирок ичимдеги баланын жашоосу да мага байланган. Ошондуктан операцияны тобокел кыла албайм, байке,- деди Шоола.

– Бирок сен баланы тогуз ай көтөрө албай калышың мүмкүн. Баланы сактап калуу үчүн тобокел кылышың керек.

Султан жасала турган операцияны ийне-жибине чейин түшүндүрүп берди. Шоола такыр көнбөдү. Анткени өзүнө бир нерсе болсо, баланын да өмүрү сакталбай калат деп коркуп жатты. Жанат суранды, апасы суранды көз жаш төгүп, Шоола баш чайкай берди. Акыркы Канат келди.

– Сен дагыбы?- деди. Жаштуу көздөрү менен аны күнөөлөй карап. – Жок дегенде сен мени түшүнөт деп ойлогон элем. 

– Шоола, сен жашооңдо эң кымбат көргөн адамыңды элестетип көрчү. Сенин колуңда аны сактап калуу мүмкүнчүлүгү бар. Жанат сени сактап калам деп жандалбастап жатат. Сен  анын үмүтүсүң. Сен же балаң бир нерсе болсо Жанат кандай абалда болот?

– А сенчи?- деди Шоола.

– Мени сен билесиң. Мени сенден жакшы билген киши жок. Сенин аман калышыңды, балаңды кучагыңа алышынды каалайм. Суранам, өжөрлөнбө, тобокелдик бар. Бирок менин көзүм жетип турат, экөөң тең аман каласыңар. Макул бол. Балаң үчүн, Жанат үчүн, өзүң үчүн.

Шоола эрдин тиштеди. Канат “мен үчүн жаныңды сакта” деп айтса деп үмүт кылып жатканын байкады. Бирок ал сөздү айткан жок. Алар бир топко сүйлөштү. Акыры Шоола макул болду.

ххх

– Апа, Султан Казиев келди. Буюрса, Шоола жакшы болот,- деди Канат кубанычтуу.

Апасы анын оозун тиктеген боюнча катып калды. Колундагы чынысы жерге түшүп экиге бөлүнүп кетти.

– Сизге эмне болду? Кубарып кеттиңиз го...

– Сен эмне дедиң?

– Врач дейм. Султан Казиев, мен аны таап сүйлөштүм дебедим беле. Бирок башында операция жасоодон баш тарткан болчу. Кайра ойлонгон экен. Азыр шаарда, бүгүн Жанат экөөбүз тең аны менен жүрдүк. Шооланы дыкат текшерип чыкты. Чындыгында, легендарлуу врач дегендей эле бар экен. Буюрса, Шоола айыгат. Баласы да аман калат. Оор операция болот деди, бирок мен ишенип турам. Баары жакшы болот...

Апасы андан аркысын уккан жок. Эки колу менен дубалды кармап өз бөлмөсүн көздөй басты. Бөлмөсүнө кирип, жаздыкты мыкчый тиштеп алып бакырып ыйлады. Ооба, ал уулунан өз атасына жолукканын уккан. Бирок ошол боюнча кайра көрүшпөсө керек деп ойлогон. Ошону каалаган. Сыры ачылганга аз калды. Мына, эми өзү келген экен. Канатка бардык сыр ачылып калышы мүмкүн. Анда уулу анын бетин карабаса керек. Ушунча жыл бою анын ким экенин, атасы ким экенин жашырганын уулу кечирбесе керек. Уулун жоготуп алуудан коркту. Ал да тобокел кылмай болду.

ххх

Султан кайрадан Шооланын анализдерине үңүлүп, кайра-кайра ойлонуп, жети эмес, жетимиш жолу өлчөп жатты. Түн бир оокумга чейин иштеди. Көздөрү ооруп чыкты. Кофе даярдап ичип, креслого чарчаңкы абалда шалк эте отурду. Сыртта турган күзөт кызматкери ага телефон чалып калды.

– Султан Казиевич, бир адам сизди сөзсүз көрүшүм керек деп болбой жатат. Кеч дедим, бошобойт дедим. Эч укпайт.

– Ким экен?

– Атын да айткан жок. Аял киши экен.

– Ушул сааттабы?

Султан кол саатын карады. Түн бир оокумда мени издеп акылынан айныганбы? Ким бул? Кызык киши го. “Кирсин” деди күзөтчүгө. Кабинетине кирип келген аялды көргөндө теңселе түштү. Кантип ушундай болсун? Өтмүшүндө эч качан эстебейм деп тээ сезимдердин тереңине көмгөн аял маңдайында турду. Дал мурункудай эле сулуу экен. Жаш кезинде каректери күйүп кетчүдөй балбылдып турчу эле. Азыр нуру өчкөн, суз, муздак каректерге айланыптыр. Экөө тең бири-бирин тиктеп туруп калышты.

– Сен... Бул сенби?!- деди апкаарыган Султан.

– Ооба, мен, тааныбай калат деп ойлодум эле. Тааныдың!

Султандын оозуна сөз келбей турду да, калды. Башка башка, бирок алгачкы сүйүүсүн көрөм деп ойлогон эмес. Унуттум деп ойлогон, эстебей деле калган. Эстегенде жүрөгүнө  сайылган тикендей болуп кетчү бул аял. Кийин унутта калган элес болчу. Таң каларлык, куду ошол күлгүн курагындагыдай жүрөк түрсүл кагып, башы дуулдап, кулагы эч нерсе укпаган сезимге кайра чулганып турганын кара. Өлбөйт экен го сезим дегениң... 

 

(Уландысы кийинки санда)

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1131, 8-14-август, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан