АЙДАЙ

(Башы өткөн сандарыбызда)

– Чын айтам, Арстан, андан ашыкчаны талап кылбайм. Тийишпейм дагы.
Тимеле азыр бирөө оозумдан сөзүмдү жулуп алып, бир өмүр бул жигитке сүйлөтпөй койчудай шыбырап жаттым.
– А менин тийишким келсечи?
– Сен андай кылбайсың. Мен сени жакшы билем.
– Болду, кеч болуп кетти, барып укта, эс ал. Күйөө бала да күтүп калгандыр. Чёрт! Сенин күйөөңдү күйөө бала деп атоо түшүмө да кирген эмес эле!
Мени желкеден түртүп чыгарып, эшигин жаап алды. Демек, чечилди. Арстан Элдардын сунушун кабыл алат. Бул эмне? Ал Арстан дайыма жаныңда болот деген кеп!
Кээде Элдардын кең пейилдигине таң калып бүтпөй кетем. Жок, кең пейилдигине эмес, анын оюнун тазалыгына. Менин бирөөнү ойлоп эзилип жүргөнүмдү жакшы билсе да, аны ашыкча ирет эске салып кыйнабайт. Мына азыр Арстан менен жарым сааттай сүйлөшүп, көзүм жашылдана, кабагыма кар жаап кирдим. Ичимден “суроолорду жаадыра баштаса не дейм?” деп кыжалат болуп алгам. Ал болсо жыргап баласын жыттап отурат. Мени да жылмая кучагына кошуп алды. Искеним анда-санда оозун бүлкүлдөтүп коюп мемиреп уктап жатат. Чыдабай кетип искеп-искеп алдым. Жыты тимеле сонун!
– Сонун, ээ, жыты? Бирок сеникине жетпейт.
– Койчу, антип калп айтпасаң деле капа болмок эмесмин. Баланын жытына не жетсин?
– Айдайым, алтыным, сенин жытың керемет...
Мына ушундай, көңүлүндө кылдай кири жок. Же сүйгөн адамдын көзү, кулагы такыр эле тунарып калабы?
Арстан туура айтат. Мен өзүмчүлмүн. Аны моюнга алам. Апам эрте күндө каза таап, атам мени өзүнөн оолак кармап жүрүп, анан үйдө Ажар пайда болду. Ошентип жүрүп жашоодо өзүм менен өзүм болуп унутта кала берген элем да. Өзүмчүлдүгүм ошол маалда калыптанса керек. Бирок ушул мүнөз өзүмө деле зыянын көп тийгизет. Арстан мени, менин жалынып-жалбарганымды кыя албай Элдар менен иштешип калды. “Жанымда жүрсөң болгону” дегеним менен, жүрөк жараатымдын ырбаганы болбосо, мурдагыдан бөксөргөн жок. Эң кооптуусу сүйүү менен бир туугандыктын чегин ажырата албай калып жаттым. Элдар байкабаганы менен, үйдөгүлөрдө анча-мынча суроолор жаралып жатты. Мисалы, Разияда.
Баарыбыз кино көргөнү “Ала-Тоодогу” жаңы премьерага жөнөп жатканбыз. Кыздардыкы мындайда түшүнүктүү го. Разия экөөбүз килейген күзгүдөн кетпей бир топко эрмектедик. Көпкө тигилип турган ал мен такыр күтпөгөн суроону узатып калды.
– Айдай, табитиң сонун, дайыма жарашыктуу кийинесиң. Бирок неге бул чынжырчаны моюнуңдан такыр чечпейсиң?
– Кайсы чынжыр? Аа, моону айтасыңбы? Чын эле, алтын менен күмүш жакшы жарашпайт, ээ? Туура эскерттиң.
Шаша-буша шакек-сөйкөмдү чечип, күмүш тагынып алдым.
– Мен аларды чечип салсын деген жокмун. Сөйкөң жакшы жарашып турган. Башка чынжырча таксаң болбойбу дегим келген. Просто...
– О, Элдар келди. Жүрү, кечигебиз.
Анын жообун күтпөстөн жүгүрүп астыңкы кабатка түшүп кеттим.
– Оо, Айдай кыз улактай так секирип калган го. Ушунун уулу бар дегенге ким ишенет, Элдар мырза?
Алдымдан кучагын жая, дайымкысындай күлүмсүрөп Арстан тосуп алды. Ал да биз менен чогуу бармак.
Охх, жүрөгүм, не мынча сулуу, не мынча жылуу?!
– Саламатсыз, Арстан байке?
Атайы жинине тийиш үчүн байкеге өзгөчө басым жасап айттым.
– Жүрөбүз аман-эсен, карындаш. Сиздин көлөкөңүздө...
Бул да менден калышпайт.
Унчукпай тилди тиштей машинаны көздөй жөнөдүм. Ошол күнү Разия мага башкача көрүндү. Бирде Арстанга, бирде мага суроолуу көз карашта тигилет. Бир ирет тиктей калсам, Арстандын моюнундагы меникиндей чынжырчаны тикирейе тиктеп туруптур. Ичиркене көзүмдү ала качтым. Өзүм да байкабай моюнумдагы чынжырчаны кармалап жибериптирмин. Кыздын суроолуу көздөрүнө бул жоругум да илинди. Бул кыз бирдемеден шек алып калганбы? Айдай, сен да кызыксың. Шек алды деп чочулачудай бир кылмыш кылып жаттың беле? Ушинтип өзүмдү жооткотсом да, жанагы көз караш көз алдымдан кетпей, чийки май жегенсип көңүлүмдү бузуп жатты.
Искеним бир жашка чукулдап, момпойгон сонун бала болуп чоңойду. Кыйылганыма карабай, Элдар бала багуучу жалдап, “окууңду улантасың” деп бүтүм чыгарып койду. Ошентип, сентябрда окууга бардым. Бир курс ылдый калып калбадымбы. Эми жаңыларга көнүү керек. Группалаштар менен учурашып койгону киргем. Куратор агайыбыз менен чогуу отурушкан экен. Булар да мага суроолуу тигилип калышты. Карашпаганда анан, чекисттерден бетер бала төрөгүчө үй-бүлөлүү экенимди айтпай, билдирбей жүрбөдүмбү. Балдар-кыздар түгүл, агайым да таң калган экен, суроолорун жаадырып кирди.
– Сулуунун суз болгону жакшы дешет. Бирок сен ашыкча суз болчусуң. Көрсө, үй-бүлөлүү турбайсыңбы? Болгондо да Элдар мырзанын көрөр көзү!
– Эмне экен?
Кандай иши бар деп ичимден териге түштүм.
– Жакшы дегеним го. Андай эркектерден тукум алып калуу керек. Туура кылгансың.
Бул эмне деп турат?
– Кеңешиңизге рахмат.
– А Элдар дегени ким эле?
Мени талкуулоону токтотуп коюунун ордуна, группалаштар такып сурап киришти.
– Кыргызстандын саналуу байларынын бири.
– Оо, ошо дейм да. А биз болсо “Айдай неге бизди тоготпойт?” дей бериптирбиз.
– Менин билишимче, ал улуу киши болсо керек эле?..
Дагы бир группалашым кепке аралашып, мага суроолуу тигилип калды.
– Сенден бир топ улуу, ээ?
А мен эч нерсе болбогондой жылмайып туруп алдым.
– Ооба, бир топ жашка улуу. Бирок мага жаш айырмабыз байкалбай деле калган. Чогуу жашап жаткан соң бара-бара айырмалар деле билинбей кетет экен.
Бир кезде Ажар мага ушул сөздөрдү айтканда аябай ачууланган болчумун. Эми көзүмдү ирмеп да койбой, ошол сөздөрдү кайталап жатам. Менин тагдырымдын кезектеги мазагы! Башкача деш кыйын.
Жыргал аттуу группалашым мени өзгөчө жакшы көрөр эле. Ошол теригип кетти.
– Түшүнүктүү. Кыздар, калп эле “акчага-байлыкка карабаш керек. Сүйүү маанилүү” дей бересиңер. Иш жүзүнө келгенде...
Мунун да үмүтүн биротоло өчүрүп салуу керек.
– Туура айтасың. Иш жүзүнө келгенде байлык баары бир биринчи планга чыгып кетет. Мына кыздар азыр “Айдай улуу киши менен кантип жашап жатат?” деп отурушат да, ээ? Азыр бирөө келип “үстүңө особняк, астыңа Жип Лексус алып берем” десинчи, биринчи эле мүмкүнчүлүктөн пайдаланып ээрчип кетишет.
– Айдай, элдин баары эле сен дейсиңби?
Кыздар чычалап киришти.
– Тамаша! Бирок мен ошенткем. Машина, үй алып берем десе эле макул болуп ээрчип кеткем. Мектепти бүтөрүм менен! Өңүнө да, жашына да караган эмесмин. Мына ушундай, досум!
Өзүмдү өзүм мазактап жатканымды баары түшүнүп, дым болуп эле отуруп калышты. Көздөрүм тунара түшкөндө гана ыйлап жатканымды түшүндүм. Кашайгырдыкы десе! Дайыма кереги жок маалда пайда болот да, ушул көз жаш дегениң. Көрсө, баары ошон үчүн жымжырт боло түшүшкөн тура.

Жазгүл Калыева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
operaledi
2011-02-18 19:57:22
Баласын мен да жыттагым келип кетти. Элдар менен эле калсанчы.....
+1
Kylym
2011-02-18 22:20:43
Бул серия мени аябай ойлондурду го качан буттот?
+1
aminali
2011-02-18 22:31:16
Superdi a4kanda en birin4i uwul serialdi okuim,sonun.
+1
Melis-Aruuke
2011-02-19 00:15:01
Санта барбарага айланып баражатат.
+1
altynjan
2011-02-19 10:56:38
эми эмне болот баарынан ажырайт го арстан деп журуп
+1
kyrgyzman
2011-02-19 15:17:07
деги ушул кыздан бир косяк кетип калбаса деп кыжаалат болдум да. же тиги баласы да кошулуп иштешип алдыго ал ансайын.экоо суйуу деп бир чон уйбулону сыздата турган болду го.
+1
Jazgulya
2011-02-20 01:58:43
ka4an ayagyna jetet eken emi, Arstan menen ele kalsa jakwy bolot ele, birok Eldar menen balasy4y....
+1
alzaxida
2011-02-21 09:32:05
Элдар менен эле калса экен деп жатам сен суйгонду эмес сени суйгонду танда деген соз бар го!
+1
kansuluu
2011-02-21 10:40:04
Эльдар менен эле кал дейин десем, суйбосон да кыйын да, Арстан менен кал дейин десе,баласычы,а Арстандын апасы Айдайды тытып жейт, анан да Айдайдын атасы эмне болот?Тимеле чатташып кетишти!Тагдырга баш ийип, башка тушкон кунго канаат кылып эле жашаш керек эми, тагыдыр менен курошууго таккыр болбойт, баариби ал сени женет, озунун жолуна салат! Учоонун тагдырына тан бериш керек, жашоо ушунусу менен кызык да!
+1
SHTRLIZ
2011-02-24 17:44:28
menin da atym aidai. bul angemenin kitebin satyp alain dep jatam. birok kantip.
+2
№ 433, 18-24-февраль, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан