Кырчындай жапжаш жигит турмуштун оор сыноосуна кабылган. Анын тагдырын 19 жаштагы иниси айтып берип, элдин жардамына муктаж экенин билдирди. Орусияда миграцияда жүрүп оору таап келген каарманыбыздын азыркы жашоосуна назар салсак.
«Ата-энебизден эрте ажырап калганбыз»
– Аты-жөнүм Азат Бодонов, жашым 19да. Сиздерге кайрылып жатканымдын себеби – жалгыз бир тууган агам Жанат Бодонов оор дартка кабылып, аны дарылатуу үчүн көп суммада каражат керек болууда. Агам 2001-жылы туулган, учурда 22 гана жашта. Биз Ысык-Көлдүн Ак-Суу районуна караштуу Теплоключенко айылында чоңойгонбуз. Тилекке каршы, ата-энебизден эрте ажырап калганбыз. Атам 2012-жылы 35 жашында жол кырсыгынан каза болуп калган, апам 2017-жылы оорунун айынан көз жумду. Биз таенебиздин колунда чоңойдук, таенем учурда 72 жашта. Мектепти бүткөндөн кийин агам Бишкектеги Архитектура, курулуш жана менеджмент колледжине тапшырып, окууну бүтүрдү. Мен азыркы тапта Бишкектеги Кыргыз тоо-кен металлургиялык институтунда 2-курста окуп жатам. Окуудан сырткары жеткирүү кызматында иштеп акча табам. Мен окууга тапшырган кезде агам 20 жашта эле, мени материалдык жактан камсыз кылуу үчүн Орусиянын Норильск шаарына иштегени кеткен эле.
«Орусиядан буту ооруп келди»
– Орусияда иштеп жүргөн, быйыл май айында буту ооруп баштаптыр. Башында маани бербей жүрүп, катуу ооруй баштаганда, июнь айында Бишкекке келди. Ооруканага көрүнүп, анализ тапшырса, дарыгерлер “остеогендик саркома, залалдуу шишик” деп диагноз коюшту. Ошондон бери санаабыз санга бөлүндү. Бишкектеги дарыгерлер “бутун кесип салышыбыз керек, бутун сактай албасак, өзү бир жыл эле жашайт” дешти, бизге үмүт беришкен жок. Анан башка дарыгерлерди, чет жерден дарылануу жолдорун издей баштадык.
Атамдын эжеси биринчи Түркиянын Стамбул шаарындагы жеке поликлинка менен сүйлөштү. Алар “бутуна протез коюлбайт, операция жасаса болот” деп бизге үмүт беришти. Күтүлгөндөй эле ал үчүн көп суммадагы акча керек экен. Ошентип дарыгер издеп жүргөндө Бишкектен бир тааныш эжеге жолугуп калдык. Ал эженин баласы да ушундай диагноз менен дарыланып жатыптыр. Аныкы оң буту экен, агамдыкы сол буту. Ал эже баласынын диагнозун, кантип дарылап жатканын баарын айтып, Түркиянын Анкара шаарында эжеси бар экенин, ал бизге жардам берерин билдирди.
«Анализдери жакшы чыкса эле дароо операция жасашат»
– Ошентип ал эже аркылуу Анкарага келдик. Азыр бул жакта шаардык ооруканасында жатабыз. Анкарадагы врачтар агамды кайра башынан текшерип, анализден өткөрүштү. Агам 14-августта экинчи химиотерапиясын алып жатат. “Ушул терапиядан кийин анализдери жакшы чыкса, дароо операция жасайбыз. Болбосо үчүнчү жолу химиотерапия берип, андан кийин жасайбыз. Протездин кереги жок болушу мүмкүн, болгону шыйрактагы кичине ичке сөөктү алып салабыз” дешти. Эки жолу операция жасалышы мүмкүн экен. Ушул себептүү бизге каражат абдан керек болуп жатат. Дарыланууга, операцияга жалпы 60 миң доллардай кетет экен, ал да так эмес. Атамдын, апамдын туугандары каралашып турушат, туугандарыбыздын, досторубуздун, кайрымдуу инсандардын жардамы менен азыркы учурда жалпы 25 миң доллар чогулттук. Элдин жардамы менен калган сумманы да таба алсак агамдын бутун сактап калат элек.
«агам менен жакшы күндөрдү бирге кечиргим келет»
– Агамдын абалы азыр оор, буту чыдатпай оорутуп жатат. Канчалык ооруну басаңдатуучу күчтүү дарыларды сайса дагы буту оорутууну сезип, кыйналууда. Агамдын кыйналганын көрүү мен үчүн да азап болууда. Жалгыз бир тууганым, ата-энемден айрылгандан кийин экөөбүз бири-бирибизге жөлөк-таяк болуп келе жатабыз. Мындан ары да бири-бирибизге тирек болуп, агам менен жакшы күндөрдү бирге кечиргим келет. Ата-энемден калган жалгыз агамдын өмүрүн сактап калуу үчүн кайрымдуу элден жардам сурап кайрылууга аргасызмын.
Жардам берүү үчүн реквизиттер:
Мбанк, О! Деньги:
996 500 220 905 (Азат Б.)
Оптима банк:
4169 5853 5839 9250 (Азат Б.)
Бирдик катары: +996 995 220 905
Сбербанк: +79680698523 (Бурул И.)
Каспий банк: 4400430210992084 (Dinara Abysheva, телефон номери: +77026732622)
Гулийпа Маметосмон кызы