Бегимай Токтосунова, 27 жашта: «Кызымды айыктырып алсам дегенде эки көзүм төрт»

«Эки жолу туура эмес операция жасалыптыр»

– Атым Бегимай, 27 жаштамын, Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунун Биринчи Май айылынын тургунумун. 2018-жылы турмушка чыгып, 2019-жылы кызым Айкөл төрөлгөн. Төрөлгөндө эле балдардын шал оорусу менен төрөлдү. Ошондон бери анын ден соолугу үчүн күрөшүп келе жатам. Бутуна 2020-жылы Бишкекте Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда операция жасалган. Ал операция туура эмес жасалып калып, 2021-жылы кайра операция жасатууга туура келди. Кайталанып жасаганда да туура эмес жасалыптыр, ошондон бери сөөк оорусунан жабыркап келебиз. Кызым учурда 5 жашта, бир жыл мурун рентгенге тарттырсак, сөөгү жамбашынан бутунун учуна чейин туура эмес өсүп жатыптыр. Дарыгерлер “канчалык тез операция жасалса, ошончо жакшы, чоңойгон сайын кыйын болуп калышы мүмкүн” дешти. 

«Каражат чогултууга балдарды жалдап иштетип жатабыз»

– Буга чейин Кыргызстанда 2 жолу операция жасалды, экөөндө тең ийгиликтүү болгон жок. Эми чет өлкөдөн операция жасатайын деп аракет кылып жатам. Көзү да кылый. Кайрымдуулук иштерин жасап жүргөн Азамат Байматовго да байланышкам, ал кызымдын абалын көрүп, жардамын берип жатат. Индиядагы дарыгерлер менен сүйлөшүп берди, каражатыбыз чогулса Индияга барабыз, Нью-Делидеги ооруканада жасалат экен операция. Биротоло көзүнө да операция жасатыш керек болууда. Көзү түзөлөт дешти, басып кетерине, көзү түзөлөрүнө да кепилдик берип жатышат. Операцияга жалпы 25 миң доллар кетет экен, учурда анын 15 миңи чогулуп калды. Каражат чогултканга балдарды жалдап иштетип жатабыз, алар айылдарды, базарларды, мечиттерди кыдырып жүрүшөт. Өзүм сулуулук салонунда иштейм, кызымды жакшы кылып алайын деп 1 сомду 2 сом кылып чуркап жүрөм. Эң чоң тилегим – кызымдын басып кетиши. 

Төркүнүмө келип, кайра барсам кайненем үйүнө киргизбей койгон»

– Жолдошум жок, кызым 1 жашка чыга электе ажырашып кеткенбиз. Кызым ал маалда башын жакшы кармай албайт эле, акыл-эси жайыраак өөрчүп жаткан. Башкаларга окшоп жаман-жакшы айтышпай эле, мен үйгө барып келейин деп төркүнүмө келип, кайра барсам кайненем үйүнө киргизбей койгон. “Баламды тынч кой, андай-мындай” деп ар кандай сөздөрдү айтты. Кызым оорукчан төрөлгөндө эле жашатпайм деген ою болгон окшойт, башка олуттуу себеп деле болгон жок ажырашуубузга. Күйөөм да “кандай баксаң ошондой багып ал, жардам бербейм” деген, кызынан оңой эле кечип кетти. Арадан 5 жыл өттү, ушуга чейин бир да жолу кабар алышкан жок. 

«Ар кимден жаман сөз угууга көнүп да бүттүм»

– Атам жок, апам өзү чиедей балдары менен жалгыз бой эле. Такма жалаяк алганга, тамак-ашка акчабыз жок аябай кыйналганбыз. Туугандарыбыз акча чогултуп, аз-аздан тамак-ашыбызды, кийимдерди алып берип жатышты. Кызымдын акыл-эси да артта калып жаткан болчу, ар 6 ай сайын дарылатып жүрүп, буюрса, азыр кыйла жакшы. Мындай оорулуу балдарды 8 жаштан кийин жакшы болуп, басып кетишет дешет экен. Бирок менин кызымдын буту мурун кандай болсо, ошондой эле кайрылып өсүп жатат. Эртерээк айыктырып алсам дегенде эки көзүм төрт. Барбаган жерим калган жок. Адамдардан ар кандай жаман сөздөрдү угуп, көнүп да бүттүм. Жалгызмын, боорукер эл-журттан кызымдын операциясына жардам сурап кайрылууга аргасызмын.

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

Мбанк, Элсом:
996 772921997 (Бегимай Т.) 

Оптима банк:
4169 5853 5410 2450

Элкарт: 9417 3794 4738 9228

Виза: 4177 4901 5744 6743

(Токтосунова Бегимай)

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1132, 15-21-август, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан