Аялдын көркү – чачта. Бирок чач өспөй жатса эмне кылуу керек?

Бул макала чачын узун кылып өстүргүсү келгендерге арналат. Чачын кестирсе деле бат өсүп кеткендерде кеп жок, ал эми кестирбесе да өстүрө албагандардын маселеси башка. Узун чачка жетүүнүн алдында чачтын кургап, морт, сынма болушу, ачакей, көп түшүү сыяктуу маселелер турат. Үй шартында кантип чачтын узун болуп өсүүсүнө жардам берсе болот?

Чачтын жай өсүүсүнүн себептери

1. Генетикага байланыштуу. Үй-бүлөнүн тарыхына кылчайып, кимдир бирөөнүн чачы жай өскөнбү-жокпу, текшерип көрүңүз.

2. Өнөкөт оорулар. Гормоналдык дисбаланс, аутоиммундук оорулар, эндокриндик системдин бузулушу, организмге айрым витамин, минералдардын жетишсиздиги да чачтын жай өсүүсүнө жана түшүүсүнө алып келиши мүмкүн.

3. Уйкунун жетишсиздиги. Стресс. Көп убакытка созулган стресс жана уйкунун жетишсиздиги бүтүндөй организмге терс таасирин тийгизет. Анын ичинде чачтын өсүүсүнө да.

4. Тамак-аштын бир түрдүүлүгү. Рационуңузда фаст-фуд көп болсо, көбүнчө углеводдор менен тамактансаңыз же тескерисинче, катуу диета кармап жатсаңыз да чачка витамин жетпей өсүүсү жайлайт.

5. Туура эмес кам көрүү. Чачты жууп койсо эле болот деген ойдогу адамдар бар. Бирок ага да кам көрүү керек. Туура эмес шампунь, ысык же өтө муздак суу менен жуу, чачка байма-бай колдонулган электр каражаттары (фен, үтүк жана башка), туура эмес тандалган тарак жана башка.

6. Сырткы факторлор. Кир экология, күндүн нурунда же суукта жылаң баш көпкө жүрүү да баштын коргонуу барьерин бузуп, чачтын саламаттыгына катуу сокку урат. 

Статистика

Трихологдор койгон статистика боюнча:

Чач күнүнө – 0,4-0,5 миллиметр

Айына – 1-1,5 сантиметр

Жылына – 12-15 сантиметрге чейин өсүшү керек

Чачтын өсүүсү тууралуу кызыктуу фактылар

1. Чачтын өсүүсү жыл мезгилине да байланыштуу. Жаз жана жай мезгилинде чач жакшы өсөт. Тагыраагы, суук мезгилге караганда жылуу аба ырайында чачтын өсүүсү жакшырат.

2. 40 жаштан кийин организмде зат алмашуу процесси жайлагандыктан, чачтын өсүүсү да жайлайт.

3. “Гиннесстин рекорддор китебине” дүйнөдөгү эң узун чачтуу аял катары украиналык Алия Насырова кирген. Анын чачынын узундугу – 257,33 сантиметр, бою болсо – 165 сантиметр.

4. Күнүнө 50-100 тал чач түшкөнү норма деп эсептелинет. Бирок анын ордуна жаңысы чыгышы керек. Эгер чачыңыз түшүп, бирок башыңызда барпайып балапан чачтардын өскөнү байкалбаса, таз болуп кала электе трихолог-врачка кайрылуу керек.

5. Чачтын курамында 40ка жакын химиялык заттар бар. Ал заттардын саны азайса же нормадан ашыкча болсо, анда чачтын өсүүсү жайлайт, түшөт, какач басат, сынат жана башка.

Үй шартында чачты өстүрүү ыкмалары

Туура кам көрүү. Чачыңызга кандай шампунь туура келерин билишиңиз шарт. Жууганда суунун температурасы 50 градустан ашпасын, муздак сууга да жууганга болбойт. Чачты нымдандыруучу, коргоочу, азыктандыруучу жана башка бальзамдарды алмаштырып колдонгон жакшы. Сөзсүз чачка маска жасап туруңуз, анан да жууп кургаткандан кийин термокоргоо (электр приборлорунан, ультрафиолеттен) чачуу керек. Кургак чачка эле сүйкөлүүчү коргоочу каражаттар, крем, майлар бар, колдонуңуз. Чачыңыздын сапаты жакшырып, жылтырап, өсө баштайт.

 Тазалоо. Ооба, бетти тазалагандай эле чачты да тазалап, катып калган, өлгөн клеткалардан арылтып туруу керек. Айына 1-2 жолу тазаласаңыз жетет. Тазалоодон кийин чачтын фолликулалары керексиз нерселерден бошоп, активдешип, кан айлануу жакшы жүрүп калат. Кантип тазалайбыз: алгач чачты кадимкидей жууп, таза чайкап алабыз. Анан атайын чачка арналган скрабдар бар, деңиз тузу менен дегенин алсаңыз жакшы. Андан сырткары курамында минералдар, майлар кошулган да скрабдарды колдонсоңуз болот. Скрабды чачтын түбүнө тегиз сүйкөп, 3-4 мүнөт башты жумшак укалап туруңуз. Анан жылуу суу менен чайкап саласыз

 Чач жасалга. Чачын узун кылып өстүрөм дегендер көзүн тарттыра катуу байлап же түйүп алган чач жасалгадан алыс болушу керек. Сөзсүз байлаш керек болсо, резинканын жумшагын тандаңыз. Негизи чач жайылган абалда жакшы өсөт. Анан да чач ачакей болсо да өстүрөм деп жүрө бербей, учун кырктырып туруу керек. Антпесе ачакей жогорулап, чач ого бетер жаракат алат.

 Жаман адаттардан арылуу. Алкоголь жана тамеки кан тамырларды ичкертет, натыйжада баш терисине пайдалуу заттардын жетиши жайлайт. Күнүнө керектүү деңгээлде суу ичиңиз – 1,5-2 литр.

 Суу чач менен уктабаңыз. “Башымды жууп эле жатып алгам, эртең менен чачтарым ар тарапты карап калыптыр” дегенди сиз деле айтсаңыз керек. Чачтын өсүүсүнө, дегеле жалпы саламаттыгына терс таасир тийгизген факторлордун бири – суу чач менен уктоо. Суу кезинде чачтар, мындайча айтканда, “алсыз, коргонуусуз” болушат. Жаздыкка жатканда суу чачтар сүрүлүп, тартылып, сынып, айтор, жаракат алышат. Андыктан чачты кургатып, коргоочу каражат сүйкөп алып жатыңыз, өзүңүзгө эле жакшы. Суу кезинде чачты тараган дагы туура эмес. Суу бойдон чекчейте өрүп же байлап да салбаңыз.

 Тамактануу. Чачтын дүркүрөп өсүүсүнө жардам берчү азыктар:

* В тобундагы витаминдер (шпинат, жаңгак, картошка, боор жана башка)

* С витамини (жашылча-жемиштер, цитрустар, болгар калемпири, капуста жана башка)

* А витамини (сабиз, жумуртка, майлуу балыктар жана башка)

* Цинк (деңиз азыктары, буурчак түрлөрү, эт, жасмык жана башка)

* Темир (эт, брокколи, деңиз капустасы, ашкабак данеги жана башка)

* Протеин (канаттуулардын эти, быштак, сыр, жаңгак түрлөрү жана башка)

 Күрөш. Чачка эле эмес, бүт организмге жардам бериңиз. Ал үчүн стресс менен күрөшүү, медитация жасоо, таза абада көп болуу, саякаттоо, сейилдөө, эс алуу, уйкуну кандыра уктоо, йогага баруу керек.

 Укалоо. Укалоонун ырахатын билген бар, билбеген бар. Башты укалаганда кан айлануу тездеп, зат алмашуу процесси жүрүп, пайдалуу минерал, витаминдер менен каныгат. Укалоону башты жууп жаткан маалда жасасаңыз жакшы.

 

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1132, 15-21-август, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан