(Башы өткөн сандарда)
Таң агарып келе жатты. Шооланын операциясы бүгүн болмок, ошондуктан бул таң бардыгы үчүн өзгөчө эле. Баары сүйлөшүп алышкандай үнсүз тунжурашат. Эртең менен Канат инисинин үйүнө келди, Жанат экөө ооруканага жөнөштү. Шоола эки күн мурун операцияга даярдалып, Кардиология борборуна жаткырылган. Ага-ини кирип барганда Шоола апасы менен палатада отурган экен, экөөнү көрүп бактылуу жылмайып алды. Кандай гана окшош, ошол эле учурда таптакыр эки башка ага-ини.
– Баары жакшы болот! – деди аларды кайраттандырмакка.
– Албетте!
– Андан башкача болуш мүмкүн эмес, – дешти экөө бир ооздон. Шооланын жашоосу үчүн болгон күрөштө үчөө бир команда болушканын Шоола азыр сезди. Аңгыча профессор Султан Казиев кирип келди. Жигиттер менен саламдашып жатканда алардын апасын, Жаркынды ойлоп кетти негедир. Бирок азыр ал алдыда жасала турган операцияны гана ойлонушу керек. Башын чулгуп алды да, Шооланын абалын сурап, кайра чыгып кетти. Шоола операция залына кирип баратып колун булгалады. Апасы кызы ичкери кирери менен шалак эте креслого отуруп калды. Канаттын жүрөгү мыкчыла сыртка жөнөдү. Жанат терезени тиктеп үнсүз. Убакыт токтоп калгандай эле. Операциялык блоктун эшигин үмүттүү тиктеген мүнөттөр өтүп жатты. Саттын жебеси жылбагандай учур эле күтүп жаткандар үчүн. Ал эми операция столунда маңдайынан тер төгүлгөн Султан Казиевдин башына түркүн ойлор келип жатты. “Кудайым, ушул эки өмүрдү сактап кал. Мен эч ким эмесмин, болгону себепкермин. Ушул эки жанды аман алып калсам экинчи эч качан операция жасабайм. Болгону ушул келин менен курсагындагы баланын аман-эсен калышына уруксат бер” деп жатты ичинен титирей. Операция оор өттү. Акыры аяктады. Султан Казиевдин чыгып келе жатканын көргөн Канат аны көздөй шашыла басты.
– Кандай болду?
Баш бармагын гана көрсөтүп жылмайгандай болду Султан. Башка сөз айтканга алы келбей чарчаган эле. Канат эки колун көтөрө калып секирип алды, бул кубанычтын эмоциясы эле. Султан селейе түштү. Анткени Канат анын маркум уулу Ариеттин кыймылын кайталады. Ал да сүйүнгөндө дал ушундай кыймыл жасачу. Куду тасмадай көз алдына тартылып туруп алды. Каза болгон уулу алдында тургандай селейди. Ошондо гана түпөйүл божомол мээсине тык этти. “Жаркын Канаттын апасы! Канат Ариетке окшош? Демек! Эмнеге? Ушунчалык окшоштук жөн гана табияттан болушу мүмкүнбү? Оо Кудай, бул эмне деген табышмак?..”
Султан бет капчан болгондуктан анын Канатты тиктеген реакциясын эч ким байкаган жок. Жанат болсо алакандары менен жүзүн жапкан бойдон дубалга сүйөнүп отурду. Анын дир-дир эткен ийининен ыйлап жатканы байкалып турду. Канат инисин кучактай берди.
Тагдырдын табышмагы ушул жерден чечилди. Бүттү деген жерден дайыма жашоонун сюрпризи башталат.
ххх
Шоола наркоздон эсине келди. Тирүүлүктүн жышаанын сезип, кубанычтан көзүнөн жаш куюлуп жатты. Мына ушул учурда гана ал жашоо канчалык кооз, канчалык маанилүү экенин сезди. Тирүүлүк кандай бакыт?! Ички туюму менен ичиндеги баласы да аман-эсен экенин сезди. Ал эми сырткы дүйнөдө бир кыргыз уулу уникалдуу операция жасаганы тууралуу уу-дуу сөз болуп жатканынан али кабарсыз эле.
ххх
Кабинетине кирип куттуктап жаткандардын биринин сөзүн укса, биринин сөзүн укпады Султан Казиев. Көз алдында каза болгон уулу менен Канаттын окшоштугу. Бир кезде Канат менен Жанат кирип келишти, ордунан тура калды Султан.
– Рахмат, сиз легендасыз!
– Кой, Жанат, мен болгону бир пендемин. Кудай колума ушундай курал карматып, адам өмүрүн сактоого себепкер кылып койду. Болгону ушул.
– Шооланын абалы жакшы эле да, ээ?
– Ооба, өзүм көзөмөлдөп жатам. Азыр баары жакшы. Операция ийгиликтүү жасалды. Баланын ден соолугу да жакшы. Азыр дыкат көз салып жатышат, буюрса, баары жакшы болот.
Канат үн каткан жок. Болгону колунан кысты Султандын. Ата-бала бир саамга тиктеше түшүштү. Дал ушул учурда Султанга табышмактын жандырмагы табылды. Божомолу туура экенин сезе калды. Канат аны бир кездеги өзүнүн көздөрү менен тиктеп турган эле. Эмне дээрин билбей дал болду Султан.
ххх
– Сен бүгүн эмне, ооруп турасыңбы? – деди Жусуп аялына. Инсульт алгандан кийин кекечтенип сүйлөчү. Бирок дарылануунун натыйжасында так сүйлөп калганына бир топ убакыт болгон. Жаркын адатынча үн каткысы келбеди, Жусуп аялынын колдорун аяр кармай калды. Көп нерсе айткысы келди. Аны канчалык сүйө турганын, ооруп калганда уулу Канат экөө жанынан чыкпай бакканына ыраазы болгонун айткысы келди. Жашоосундагы эң чоң лотерея Жаркын жана уулдары болгонун айтайын деди. Бирок айта албады. Көрсө, убагында айтылбаган сөздөр кийин эч качан айтылбай калат тура. Өмүр бою ур-токмокко алып келген аялынын көзүн карап азыр да жакшы сөз айта албай арманда турду.
– Сага эмне болду? – деди Жусуп кайра аялына.
– Эч нерсе болгон жок.
– Бир нерсеге капа болуп турасың.
– Балдарды ойлонуп жатам...
– Баары жакшы болот.
Аялы менен күйөөсү бири-бирине төгүлүп-чачылып сүйлөбөй, сезимдерин айтпай суз жашаган, жашы улгайганда деле төгүлө алышпады. Бири-бирине жакшы сөз айта алышпады. Сүйлөшүүлөрү дайыма ушундай кыска диалог менен гана токточу. Жусуп кантсе да аялынын жүрөгүндө бир тынчсыздануу бар экенин сезип жатты.
– Келиниң жакшы болуп калды деп айтышты го балдарың. Ошого кыжалат болуп жатасыңбы?
– Буюрса, жакшы дешти. Жок, баары жакшы. Бир аз башым ооруп турат.
Жаркын күйөөсү кармап турган колун акырын тартып алды. Жусуп бир нерсе дейин деп барып токтоп калды. Ушул учурда дарбаза кагылды. Жаркын эшикти ачып, таң калганынан селейип туруп калды. Алдында Султан Казиев турган эле.
– Сен?
– Ооба, мен. Сүйлөшө турган сөздөр бар.
– Азыркы заманда телефон деген нерсе бар, чалсаң... Үйгө келет деген эмне? – деди корко сүйлөп.
– Жаркын, ким экен ал? – деди күйөөсү ичкериден.
– Кошуна келиптир! – деген Жаркын дарбазадан чыгып Султанга акырын шыбырады.
– Эки-үч сааттан кийин... Жумушуңдан жолугалы.
Дарбазанын эшигин шашылыш жаба берди. Күйөөсүнүн кызганарын жакшы билет, кичине шылтоо табылса эле ачууланып кетчү. Бул коркуу анда өмүр бою калды. Жаркындын жүрөгү тыпырап жатты.
– Ким экен? – деди Жусуп аялын шектүү карап.
– Кошуна дедим го. Амандык келиптир, Канатты сурады.
– Үнү угулбады да...
– Угулуш керек беле?
– Амандык дарылдаганда көчөнүн баш-аягына угулат эле го дейм да.
Күйөөсү мурунку милиция кызматкери да, ар бир нерсени байкап турат. Жаркын үнүн өзгөртпөй жооп берди.
– Тамагы ооруп калган окшойт, акырын эле сүйлөдү.
– Аа, жөнү бар.
ххх
Султан кабинетинде тынчы кетип Жаркынды күтүп жатты. Бир орунга тура албай тыпырайт. Терезени ачты, суу ичти, саатын карады. Мындайда убакыт өтпөй калат эмеспи. Бир маалда ассистенти Жаркын деген айым келгенин кабарлады.
– Кандайсың, аябай күттүм го...
– Ии, баары айланып келет деген ушул экен да. Мен да бир кездерде сени зарыгып күтчүмүн.
– Сенби? Курбуң сенин өз каалооң менен турмушка чыгып бактылуу болгонуңду айтты эле го. Андай болсо мени эмнеге күттүң?
Жаркын жаштуу көздөрү менен аны тиктеп калды. Курбусу! Демек, Султандын издебей, унчукпай кетип калганына курбусу себеп болгон тура. Эрдин кыбыратып бир нерсе дегендей болду. Султан укпай калды.
– Эмне дедиң?
– Койду карышкырга кайтарткан ушундай болсо керек.
– Ал эмне дегениң?..
(Уландысы кийинки санда)