14-февраль ислам дининде майрам катары белгиленбесе да, жаштар арасында бул күндү кубаныч менен күткөндөр көп. “Супер-Инфо” гезити Супер-Форумдун активдүү колдонуучулары менен биригип Махабат күнүнө карата майрамдык акция өткөрдү.
Алгачкы флешмобду Нургазы аттуу активдүү форумчубуз ишке ашырган эле. Бул ирет окурмандарыбыз да биздин катарга кошулушуп, “Ала-Тоо” аянтында жуп-жубунан жетелеше баскан жаштар биздин акцияга күбө болушту. Алгач жаш түгөйлөр менен сүйлөшүп, баары окшош бир кыймыл жасашмай болушту. 10 чакты кыз-жигиттер бири-бирине каршылаш тарапка туруп, баары бир учурда эки жактан басып келип, өз кызы же жигитине барып учурашып турган жеринен катып калышты. Ким кандай саламдашып, кайсы маалда туруп калат, аны жаштар өз ара чечишип алышкан. Колуна гезит жана “Супер-Инфонун” календарь-плакатын кармап 2 мүнөткө катып турган жаштарды айланадагылар кызыгуу менен карап өтүп жатышты. Аз гана убакытка созулган биздин акциябыз жаштарга да, аянттагы көрүүчүлөргө да жагымдуу маанай тартуулады деп ишенебиз.
Акциянын катышуучусу Нургазы,
3-курстун студенти:
– Мен WWW.SUPER.KG сайтынын акциясына экинчи жолу катышып жатам. Негизи эле жаштар арасында мындай акцияларды бат-баттан уюштуруп туруш керек. Майрамдык флешмоб жөнүндө уюштуруучулардан угуп, сүйүндүм. Махабат күнү болуп жаткандыктан, сүйгөн кызым менен келип, акцияга катышып калдым.
Чыңгыз,
3-курстун студенти:
– “Супер-Инфо” гезити уюштурган акцияларды угуп жүрөм жана ар дайым колдойм. Биринчи флешмобдо катышпай калып өкүндүм эле. Эми досум Нургазыдан угуп, келип отурам. Мындай акциялар көп-көп уюштурула берсин. Биздей жаштар ар дайым колдойт деп ишенем.
Мээрим,
1-курстун студенти:
– Бүгүнкү күндү мен бир гана эки жаш ортосундагы сүйүү деп эсептебейм. Аянтка дос, курбуларым менен жолугушуу максатында келип, сиздердин акция уюштуруп жатканыңыздарды көрүп, элге кошулдум. Мен “Супер-Инфону” калтырбай окуйм. Окурмандарга да айтар элем. Дайыма “Супер-Инфо” менен бирге болуңуздар!
Гүлжамал Бөрүкулова
koom@super.kg