Мыктыбек Арстанбек: «Апама жок деген сөздү өмүр бою айтпадым»

“Эркекти эне тарбиялап калыптандырат” дейт маектешим. Белгилүү коомдук ишмер, устат Мыктыбек Арстанбек аялдын табияты, анын коомдогу жана үй-бүлөдөгү орду тууралуу бекем пикири бар инсан. Бул жолу ал апасы тууралуу баян кылат.   

«Ата-энемдин жанында 15 күн эле жашагам»

– Апам учурда 83 жашта, аты Айбарча. Кесиби мугалим, учурда айылда инимдин колунда турат. Атам менен апам азыркы Бишкекте окуп жүргөндө таанышып, 1964-жылы баш кошушкан экен. Эң биринчи баласы менмин. Ал кезде экөө тең студент болгондуктан ата-энемдин жанында 15 күн эле жашаптырмын, чоң энем шаардан айылга алып кетип калыптыр. Ал энемдин аты Саламат. “Кемпирдин баласы” болуп айылда чоңоюп, чыныгы айылдык болуп калыптанып калыптырмын, ушуга чейин эч эле шаардык боло албадым (күлүп).

«Атам менен эмчектешмин деп тамашалап калам»

– Эне тууралуу рубрика болуп жатпайбы, чоң энем тууралуу да айта кетейин. Ал киши болуштун кызы, чоң атам болуштун уулу болуп эки болуш куда болушуптур. Эл башкарган кишинин кызы, нарктуу аял болгон. Азыр андай аялдар, энелер жокко эсе да. Күйөөсү согушка кетип, төрт баласын өзү багып тылда иштейт. Тумшугу менен жер казып жүрүп балдарын багат. Согуш учурундагы катаал жылдарда бир уул, бир кызы каза болуп, менин атам бир тууган агасы экөө аман калыптыр. Чоң энем ошол кезде 50 жаштын тегерегинде болсо керек. Мага ушунчалык мээрими түшкөндүктөн, эмчегинен сүт чыгып кетиптир. Чоң энемди да эмгендиктен “атам менен эмчектешмин” деп тамашалап калам. Айылдагы кемпирлер 50 жаштагы аялдан сүт чыкканына ишенбей коюшкан окшойт, эмизип далилдеп берген экен.

«Апам башка балдарын менден жакын көрөрү билинип калат»

– Мени өз апам таяктамак тургай, катуу сүйлөгөнү эсимде жок. Анткени кемпирге айтып коёт деп ыйбаа кылып турчу го. Адатта, чоң энеси чоңойткон балдар апасына бой салбай коюшат эмеспи. Мен тараптан анча сезилбеди, тескерисинче, апамдын мага көнүшү бир аз кыйын болду окшойт деп калам. Анткени азыр деле мага караганда бир аз тиги балдарын жакын көрөрү билинип калат (күлүп). “Аа, мени бөлүп жатасызбы?” деп калам тамашалап. Кээде чоң энемди эскерип сөз кылып калсам, “апаңды эле айта бересиң” деп калат.

«Атаңа жетпейсиң деди»

– Апамдын мүнөзү көркөм. Тоолук мүнөз деп коём, көп сүйлөбөгөн, оор басырыктуу, адамдын ким экенин сыртынан карап туруп эле билип койгон адам. Апамдын мен билген мыкты  сапаты – чыдамкайлыгы. Түндө зарлап ыйлап чыкканын көрүп турсак деле, эртеси “жакшы элемин” деп койчу. Быйыл гана “бир аз карып калганмынбы” деп калды, карылыкка эми моюн сунду окшойт.

Апамды белексиз калтырбайм, элдин балдары эмне кылса ошонун баарын эле жасадым. Бир учур эсиме түшүп кетти. Бир күнү үйгө келсем ыйлап отуруптур, “эмне болду?” десем, “эй, атаңа жетпейсиң, ал тирүү болсо аны кылмак, муну кылмак” дейт. “Андан да артык кылып жатам го” десем, “сен анын богуна да жарабайсың” деди (күлүп). Атам апамды өтө эркелетип баккан да, анын үстүнө кемпир чалын сагынат экен.

«20 бала тууп берсең да, апамды сыйлабасаң ажырашам дейм»

– Азыр апамдын айтканы айткан, дегени деген. Жубайыма “мен бардык  кылыгыңарга чыдайм, бирок апама көз менен, каш менен же ишарат менен туура эмес мамиле жасасаң ажырашабыз. Жыйырма бала тууп берсең да ушундай, шартым ушул” деп айтам. Апама отуруп эмес, тик туруп кызмат кылынышы керек. Ошол талабым орундалганы үчүн үй-бүлөмдү жерге-сууга койбой, алаканыма салып багам. Лексиконумда апама “жок” деген сөз жок, ага өмүр бою ушул сөздү айткан жокмун. Мунун эки себеби бар. Биринчиси – апам болбогон кепти тыйтаңдап сүйлөй бербейт, боло турган гана кепти айтат. Экинчиси – апам айтып жатса, ал мен үчүн туптуура. Эми элестет, ата-энем менден бир муун мурунку адамдар. Акылы, тажрыйбасы баары бир меникине караганда мол. Мен андан акылдуу болуп кетиптирминби? Эмнеге? Көп окуган үчүнбү? Же шаарда жашап, атым чыгып калган үчүнбү? Төрт жогорку билимим бар, беш жылда 20 миң кишини тарбиялаган устатмын. Бирок апам бир кеп айтса, аны менен талашпайм. Анткени бала көрбөгөн нерсени ата-эне алдын ала эле билип, көрүп турат. Мейли, уулу президент, атасы бир сугатчы чал болсун. Ошол чал президент уулдун эмне кыларын билип, көрүп турат. Акыйкат ушул. Анан эле көктөн түшкөнсүп, өздөрүн ата-энеден да акылдуу сезгендерди көрүп күйөсүң.  

«Апам палоону укмуш басат»

– Апам палоону укмуш басат. Оо, ошол даам таңдайымда турат. Аялым Ысык-Көлдөн болот, бир талап койдум. “Апамдан палоо бышырганды, анан чай демдегенди үйрөн” дедим. Дал апамдай кылып жасаганды үйрөндү, азыр апам үйгө келсе, ошол тамакты жакшы көрүп жейт. 

«Азыркы аялдар күйөөлөрүнүн ит акмагын чыгарып жатышат»

– “Бейиш – эненин таман алдында” деген сөз бейиштин даражасын төмөндөтүү үчүн айтылган эмес. Эмнеге эненин таманын бейиштин үстүнө коюп койду? Анткени эне адам жасап чыгарат, айрыкча эркек жасап чыгарат. Атадан кем уул, атага тең уул жана атадан артык уул кылат. Ушунун баарын атасын каратып туруп жасайт. “Атаңа айтам, өлтүрөт эй” дейт. А чынында, кээ бир аталар бирөөнү өлтүрмөк тургай, кой оозунан чөп албаган жоош болот. Ошентсе да анын даражасын эне көтөрүп турат. Ургаачынын баары кыз, кийин аял болушат. Бирок баары катын боло алышпайт, катын – бул улуу даража. Ал эринин ысыгына күйүп, суугуна тоңгондорго гана берилет. Ал эми катындын баары эне боло бербейт, бул андан да бийик даража.

Азыр аялдар кандай болуп калышты? Тең укук дегенди жаттап алышып күйөөсүнүн ит акмагын чыгарып жатышат. Эркектин кутун кетирип, “акча таппайсың, анан минтпейсиң” дегенге өтүштү. Уулдарын кемчонтой, кыздарын өздөрүнө окшоштуруп ажаан кылган аялдар жок эмес. Кана андайларга бейиш? Жок да. Бейиш таманында болгон энелер ушул нерселерди кылбайт. Алар тоодой кылыкты төбөсүнө көтөрүп, төөдөйдү төшүнө басып, анан чоң даражага жетишет. Ошондой аялдарга гана Жараткан “бейиш сенин таманыңдын алдында” деп жашыл жол чырак күйгүзүп берип жатпайбы. Эми муну айтсаң, "эркектер өздөрү мындай да, тигиндей да" деп баш-аягы жок талашка кирип кетишет.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1133, 22-28-август, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан