“Алтын баштуу аялдан бака баштуу эр артык” деген сөз кыргыз коомчулугунда абдан кеңири колдонулат. Аялдарды айрым же бардык иш-аракеттери боюнча табигый түрдө эркектерден төмөн көргөн ишеним – мизогиниялык көз караш деп эсептелет. Мизогиния, ал кантип пайда болот, анын белгилери кандай, ушул суроолорго макалада жооп издейбиз.
Мизогиния деген эмне?
Мизогиния сөзүн грек тилинен которгондо “жек көрүү” жана “аял” деген маанини түшүндүрөт. Бул түзмө-түз “аялдарды жек көрүү” дегенди, кандайдыр бир конкреттүү нерсеси үчүн эмес, жөн эле аял болгону үчүн эркектен төмөн көрүү, кемсинтүү, аялдарга карата жасалган зомбулукту актоо сыяктуу мамилени билдириши мүмкүн. Окумуштуулар адатта мизогинисттик жүрүм-турум патриархалдык коомдо тарбияланган эркектерге көбүрөөк мүнөздүү деп эсептешет. Эркек – үй-бүлөнүн башчысы, көзөмөлдөөчүсү, акыл-эстүү ой жүгүртүүнүн ээси, ал эми аялдын акылы тайкы, алсыз жан, анын милдети – төрөп, бала карап, үй иштерин кылуу деп эсептөө түзмө-түз мизогиниялык көз караш деп саналат. Мизогиниялык мамиле дароо эле аялды жек көрүүдөн башталбайт, жек көрүүгө чейин ар кандай кемсинтүүчү көрүнүштөр болушу мүмкүн, оозеки какшык – тамашадан тарта, зомбулукка чейин.
Кайдан келип чыгат
Окумуштуулар эркектердин аялдарды жек көрүү сезими бала кездеги психикалык травмалардан улам жаралат дешет. Балалыгында көп кордогон эне, баарына кайдыгер болгон эжеси, сезимдерин баалабай таштап кеткен сүйгөн кызы же мектепте наалыган мугалими себеп болушу мүмкүн. Алардын начар мамилеси баланын ой жүгүртүүсүн өзгөртүп, кичинекей кезинен анын эмоционалдык кабылдоосун бузуп, бала кийин бойго жеткенде мизогинист болуп калышы ыктымал. Үй-бүлөдө аялдарга карата айтылган уулуу пикирлер да тукум кууп калбайт деген кепилдик жок. Көбүнчө бала чоң атасынан, атасынан, агасынан уккан нерсесин байкабай чөйрөгө таратып, ошол пикирди карманып калат.
Адамдын мизогинист экенин кантип билебиз?
• Жашоодо аялдын тандоосун, позициясын сыйлабайт
• Аялдын ден соолугун аябайт
• “Эркектер менен баарлашуу жеңил”, “Аялдар менен дос болуп же тил табыша албайм” деген стереотиптерди карманат
• Аялга ашыкча талап коёт, аял үй-бүлөнү да, карьерасын да бирдей алып кетүүгө милдеттүү деп ойлойт
• Баарына аялды күнөөлөй берет
• Аялдарга карата зомбулукту актайт
• Аялга ишенбейт (эркектер гана убадасына бек турат деп ойлойт)
• Дымактуу болушат. Аялдар ийгиликке жетсе ичинен кыйналат, муну жеке кемсинтүү катары кабыл алат
Мизогиниялык көз карашты карманган аялдар да бар
Мизогиния аялдарды жек көрүү, кемсинтүү гана эмес, аларга карата калыс эмес пикир айтуу, алардын жасаган ишин же аракетин эркектердикинен төмөн баалоо дагы. Чынында, мизогиния гендердик көрүнүш эмес. Анткени айымдар да аялдардын эмгегин төмөн баалап, аларга карата зомбулукту актаган учурлар көп кездешет. Психологдор жумуш ордунда айымдардын башка аялдарды басынткан көз карашын билдиргенде бул анын жамаатта “аман калуу” жана коргонуу механизми дешет. Башка аялды басынтуу менен ал өзүнө болгон ишенимдүүлүгүн, маанилүүлүгүн арттыргысы келерин белгилешет. Мисалы, социалдык желедеги аялды өлтүрүү же зордуктоо боюнча кабарлардын астында жабырлануучуга боор ооруп, кылмышкердин катуу жазаланышын каалагандардан тышкары, окуяга аялдын өзүн күнөөлөгөн айымдар дагы бар. Алардын “кунаажын көзүн сүзбөсө, бука жибин үзбөйт”, “түн ортосунда көчөдө эмне кылып жүрөт?!”, “аялдын да күнөөсү бар, бейтааныш адам менен эмнеге жолугат?” деген стереотиптүү ой жүгүртүүсү коомдо мизогиниялык көз карашты калыптандырууга салым кошот. Мындай көз караштагы адам үчүн жабырлануучу кичинекей кыз болсо да, апасы күнөөлүү болот “апасы каякта жүрөт?”, “эмнеге карабайт?”, “эмнеге төрөйт?” деген кептер менен кемсинтип, күнөөнү кылмышкерден эмес, аялдан издеши мүмкүн.
Назира Айтбекова, алпаруучу: «Аялды кемсинтүү – бул жан дүйнөдөгү өксүктүк комплекси»
– Мизогиниялык көз караш биздин коомдо үй-бүлөдөн калыптанат. Алсак, келин-кайнене, келин-кайын журт темаларында мизогиния бизде абдан курч. Келин кызмат кылыш керек, жасаш керек, милдеттүү деген нерсе менен чоңоёбуз да. Ала качып келсе, кызды “биз деле ошентип келгенбиз” деп отургузуп коюшат. Айтор, бизде, кыргыздарда мизогиниялык мамиле, көз караш абдан көп. Айрыкча аялдар арасында. Интернетте негативдүү билдирүүлөрдү аялдын жашоо турмушуна, келбетине асылып, сындап жазгандардын көпчүлүгү өзүбүз, аялдарбыз. Мен, мисалы, эже-сиңди бололу, бири-бирибизге колдоп-таяп, жөлөк бололу дегенди сөз менен гана айтып койбой, иш жүзүндө да көрсөтүп келем. Зордук-зомбулук көргөн айымдарды коргоп, аларды боорума басуу менен миллиондогон катталуучуларыма сабак берип жатам деп ойлойм. Бирөөнү кемсинтүү, басынтуу, күнөөлөө – бул жан дүйнөдөгү өксүктүк комплекси. Муну менен адам өзүнүн алсыздыгын гана көрсөтүп жатканын билиши керек.
Гүлзат Исабекова, психолог: «Атаандаштык күчөгөндө аял аялдан кемчилик издей баштайт»
– Аялдарды экинчи сорт катары көргөн, алардын ийгилигин тааныбай, алсыз жерин издеп “ийгиликке төшөк аркылуу жетти” же “ойношу жардам берди да” деп эсептеген мизогинист эркектер көбүнчө өзүн аялдан бийик коюшат. Аял тууралуу ушундай шектүү ойлорду жаратып бийик тургусу келишет деп койсок болот. Ал эми аялдарда эмнеге мизогиниялык мамиле калыптанат? Бул жерде аялдар ортосунда атаандаштык күчөгөндө көрө албастык от алат, анан кемчилигин издегенге тырышат. Мисалы, башка аял бактылуу, сулуу, бай болсо, андай нерселери жок аял анын башка кемчилигин издеп, өзүнүн жан дүйнөдөгү тешиктерин жамагысы келет. “Анын баласы жок, күйөөсү жок” деп кемчилигин издеп баштайт. Мизогиния баланы кичинесинде элдин балдарына көп салыштыргандан да жаралат, мисалы, бир баланын ийгилигин мактап “сен неге андай эмессиң?” деп баланы урушканда балада жек көрүү сезими пайда болушу мүмкүн. Эркек баланы кыздан жогору коюп, ашыкча эркелетип, “эркекке боло берет” деген нерсе да мырзаларда мизогиниялык көз карашты калыптандырат.
Атыр Абдрахматова, экс-акыйкатчы: «Аялды сөккөн, каккан, кемсинткендерди жоопко тартууга азыр мүмкүн болуп калган»
– Мизогиния бизде илгертен калыптанып калган. Аялды сөгүп, кемсинтип “эчнерсе кыла албайсың!” деп басып кетишчү. Жакында эле маркум келин Айтурган Маматкулованын ишинде көрдүңөр да, кайнежесинин мизогиниялык мамилеси ачык эле видеолордо жүрөт. Келинин басмырлап, катуу сүйлөп, “чыдасаң жаша” деп кулчулук ой жүгүртүүгө түртүп жатат. Эң кейиштүүсү – мурун сөктү, кемсинтти деп милицияга барсаң “эч нерсе болбоптурсуң го, өлүп калган жоксуң да” деп милиция кызматкерлери кайра кыздарды шылдыңдашчу. Азыр ошондой тилине ээ боло албаган мырзаларды толугу менен жоопкерчиликке тартууга мүмкүнчүлүк бар. Жакында эле бир блогер Ошто чалап менен кызды салыштырган видеосу тарап, ал бала “Ээнбаштык” беренеси менен соттолду. Бир жолу мага “мен катын менен сүйлөшпөйм, кана эркек, эркекти чакырып кел!” деп кыйын болгон бирөөнү сотко берип, жеңип чыккам. Мына ушундай кыз-келиндерге болгон мизогиниялык мамилени биз түп тамырынан жок кылышыбыз керек.
Лунара Бекиева