ЭДИЛ МОЛДАЛИЕВ: «МҮНӨЗҮМДӨН УЛАМ ДОСТОРУМ МЕНИ «БЕКБАРС» ДЕП АТАШАТ

Кыргыз спортунун өнүгүп-өсүшүнө опол тоодой салым кошуп, Кыргызстандагы «гладиаторлордун» күч сынашып, эрдигин элине көрсөтүүгө көмөгүн берген өлкөбүздөгү Панкратион федерациясынын президенти Эдил Молдалиев 1962-жылдын 2-майында Чүйдүн Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында төрөлгөн. Бокс боюнча Кыргызстандын жана СССРдин бир нече жолку чемпиону, панкратион боюнча эл аралык көптөгөн мелдештердин жеңүүчүсү. Үйбүлөлүү, 2 баланын атасы.

– Эдил байке, 1996-жылдан 2003-жылга чейин эрежесиз эр таймаштарды биринин артынан экинчисин өткөрүп, ысымыңыз эл оозунан түшпөй турчу эле. Бирок, эмнегедир акыркы жылдарда көрүн­бөй кеттиңиз. Себеби эмнеде?
– 2003-жылы панкратион боюнча Евразия чемпионатын өткөргөн соң бир азга тынчый түштүк. Себеби, ушул эле жылы "Манкурттун апасынын көз жашы" деген киного тартыла баштадым. Андан кийин "Күндүзгү кароол" (кадимки "Дневной дозор"), казактардын "Көч­мөндөр", дагы бир канча убакыттан соң Кытай жергесинде Сергей Бодровдун "Монгол" деген тасмаларына тартылып келдим. Эми эсептеп көрсөм, акыркы 15 жыл ичинде баш-аягы 18 киного тартылып коюптурмун. Бирок, чындыгын айтканда, турнирлерди өткөрүп-өткөрбөө өлкөдөгү саясий абал менен түздөн-түз байланыштуу болуп калды. Баарыңыздар билгендей, 2005-жылы элдик революциянын толкуну каптап, элди ого бетер саясатташтырып салды. Антип-минтип этек-башты жыйганча эле 2007-жыл кирип келбедиби.
– Киного кандайча барып калгансыз?
– Киного белгилүү каскадёр Үсөн Кудайбергеновдун арты менен барып калгам жана табияттан берилген жөн­дөм­дүү­лүгүмдүн артында азыр­кыга чейин киного тартылып келем. Жакында Екатеринбургга тарыхый киного тартылганы кетип жатам. Тасма орус режиссёрлорунуку.
– Айтканыңызга караганда, сиз спорт менен актёрдук кесипти бирге алып келаткан адамдардан экенсиз. Айтыңызчы, ал эми спорт дүйнөсүнө кантип келип калдыңыз эле?
– Кичинекейимден эле Кожомкул балбандай болууну самап, 14 жашымда Бишкекке келип күрөштүн секциясын таппай, Дене тарбия институтундагы бокстун секциясына туш болдум. Эки жылдан кийин эле бокс боюнча Советтер Союзунун жаштар арасындагы мелдешинде 2-орунга татыгам. 17 жашымда бокс боюнча Кыргызстандын чемпиону болуу менен өлкө­бүз­дүн курама командасына кирип, СССРдин спорт чеберине талапкер аталдым. Аскерде кызмат өтөп жүрүп, бокс боюнча СССРдин спорт чебери болууга жетиштим. Ал учурда дүйнөнүн чемпиону болгонго караганда СССРдин чемпиону болуу кыйын эле.
– Чемпион болуп жүрүп профессионалдык бокско эмне үчүн өтүп кеткен жоксуз?
– Ал кезде кайдагы профессионалдык бокс?! Андай түшүнүк да жок болчу. Анан өзүмдүн кү­чүмдү сынап көрүү максатында 37 жашымда Японияда өткөн панкратион боюнча эл аралык турнирге катышып келдим. Атаандаштарымдын баарын жеңип, финалдык беттешүүнү Орусиянын өкүлү Руслан Нагнибида деген жигит менен өткөрүп, тең чыгып калганбыз. Көрсө, ал эрежесиз мушташ боюнча дүйнөнүн 5 жолку чемпиону экен. Бири-бирибизге бирдей чабуулдарды, соккуларды жасаганыбызды көргөн калыстар жеңишти бирөөбүзгө ыйгарбастан, аргасыздан бирдей упай берүүгө мажбур болушкан.
– Панкратион эмнеси менен өзүнө тартып алды?
– Аскерден келгенден кийин "Призывник" деген Ысыккөлдөгү аскердик лагерге спорттук инструктор болуп ишке орноштум. Ал жакка Советтер Союзунун ар жагынан жоокерлер келип машыгып жүрүшчү. Дал ошол мезгилде Брюс Линин кинолору катуу чыгып, каратэ жайыла баштаган эле. Ошондонбу, бизде «боксчу, күрөш балбаны же каратист күчтүүбү?» деген суроо пайда болгон. Ошол мезгилде ар тараптан келген жигиттер менен көп мушташып жүрдүм. Бирок, акча үчүн эмес, эрдик, намыс үчүн мушташчубуз. Ар кайсы спорттун өкүлдөрү менен жекеме-жеке чыгып, бирок, бирөөнөн да утулган эмесмин. Ошентип жүрүп панкратионго жакын болуп кеттим. 1996-жылы Кыргызстанда Панкратион федерациясын түзүп, ошондон бери аны жетектеп, ар кандай мелдештерди өткөрүп келе жатам.
– Канча чемпионду тарбиялап өстүрүүгө жетиштиңиз? Алардын арасында өз балаңыздай болуп калгандары барбы?
– Мен Дене тарбия институтуна 1982-жылы мугалим болуп жаңы келгенимде Орзубек Назаров менен Андрей Курнявка окуп жатышыптыр. Кийинчерээк Андрей ийгилик артынан ийгилик жаратып жүрүп, 1989-жылы бокс боюнча дүйнө чемпиону болду. Анын артынан Орзубек да дүйнөнү багындырды. Бирок, аларды чемпион кылган менмин деп айтуудан такыр алысмын. "Кашаң атты канча таптасаң деле баары бир тулпар болбойт" дегендей, адамдын өзүндө бир нерсе болбосо, андан эч нерсе чыкпайт. Мен машыктырган жигиттер учурда ар кандай күч структураларында үзүрлүү эмгектенишүүдө. Тагыраак айтканда, Ашырбек Бутумбаев, Нурлан Байкулов дегендер учурда милициянын полковниктери болушса, Кубан Боромбаев, Орозбек Евгачев, Бообек Токтошевдер турмушта өз ордуларын табышты. Ошондуктан, мен аларды бөлүп карабай, баарын бирдей дейт элем.
– Спорттун артынан көп эле чет мамлекеттерде болгондурсуз. Ошол жактагы кайсы окуялар сизди таңкалтырды?
– Туура айтасың. Спорттун артынан көп эле өлкөлөрдө болууга жетиштим. Бирок, алардын арасында Израилдеги жана Япониядагы окуялар эсимден чыкпайт. Израилдин Иэрусалимине бокс боюнча мелдешке катышуу үчүн өз кезегинде барып калдык. Карасак эле чиркөө­лөрдүн баарындагы жазуулар арабча жазылган экен. "Бул эмнеси?"- деп сурасам, жол көрсөтүп жүргөн адам: "Илгери Бейбарс деген кыпчак уруусунан чыккан кыргыздын султаны Иэрусалимди басып алып, чиркөөлөрдүн баарын мечит кылып таштаган. Кийин Иэрусалим кайрадан еврейлердин колуна өткөндө мечиттер чиркөөгө айлантылып, бирок, андагы жазуулар өчүрүлбөй калтырылган",- деп жооп берген эле.
Японияга панкратион боюнча дүйнө чемпионатына катышуу үчүн баргам. Япондор өздөрүнүн улуттук каада-салтын укмуш карманышат экен. Аларда "үйдө жаткан самурайды май, кында жаткан кылычты дат басат" деген сөз бар экен. Ушул эле маңыздагы макал кыргыздарда да бар, бирок, «самурайдын» ордуна «жигит» деген сөздү коюп коюу керек. Мындан тышкары, япондор кайсы бир кабарды сөз менен эмес, кыймыл-аракет менен билдирүүгө аракет кылышат экен. Кыргыз элинен чыккан жигиттер да кабарды сөз менен эмес, кыймыл-аракет менен билдирип келишкенин баса белгилеп кетким келет. Атап айтсам, жигит аттан түшүп келе жатканда камчыны моюнуна асып алса, күнөөлүү экенин билдирет. Эгер аттан түшүп, камчысын төмөндү карай шилтеп сүйрөп келатса, анда жаман кабар менен келгенин билсек болот. Атты чаап, камчысын башынан чимирилтип келатса, сүйүнчү угузууга шашылганын түшүнсөк болот.
– Спорт дүйнөсүндөгү кличкаңыз барбы?
– Илгери казактарды «талаанын карышкырлары», кыргыздарды «тоонун илбирстери» дешчү. Ак илбирстин тукуму болуп саналган кыргыздар "кырылбас" деген атка бекеринен жетишкен эмес. Себеби, ак илбирс бийиктикте, тагыраак айтканда, асман менен жердин биригишинде жашайт. Ошондон, анан мүнөзүмдөн уламбы, айтор, досторум мени "Бекбарс" деп аташат.
– Мүнөз демекчи, мүнөздүн калыптанышына аскердин ролу чоң эмеспи. Аскерде кайда болдуңуз эле?
– Ташкенттен 30 чакырым узактыкта жайгашкан Түркестан аскер округундагы Аба десант бөлүгүндө кызмат өтөп, көп нерселерди үйрөнгөм. Көрсө, мен Аба десант бөлүгүндө эмес, атайын даярдалган аскер чалгындоо бөлүгүндө экенмин. Кийинчерээк аскердеги командирлерибиз "Вас маскируем под ВДВ, вы круче чем воздушно-десантные войска. Если ефрейтор ВДВ заменяет майора милиции, то рядовой спецназа заменяет полковника КГБ" деп оозубузду ачырып жатпайбы.
– Андай жерде тарбия алган соң карьераңызды эмне үчүн күч структураларында уланткан жоксуз?
– КГБнын мурдагы төрагасы Ашырбек Бакаев өзү "бизге келип иште" деп чакырган, бирок, барбай койгом.
– Ал адам менен кайдан таанышып жүрөсүз?
– Өз убагында атам Кеңешбек физика сабагынан, апам Роза англис жана немис тилдеринен мугалим болушкан. Атам көп жылдар бою Политехникалык институтта жана Мединститутта сабак берип, философия илимдеринин кандидаты, доцент болууга жетишкен. Ал эми генерал Ашырбек Бакаев да өз убагында атамдын аспиранты болуптур. Атамдын аркасы менен ал адам менен да таанышып калгам. Учурда атамдын көзү өтүп, апам болсо пенсияда. Ушул жерден кошумчалай кете турган нерсе, уруум – саяк. Кожомкул балбан менин чоң таякелерим болуп кетет.
– Бала чагыңыздан кандай элестер калды?
– Кыргыздын салты боюнча үй-бүлөдө улуу болгондугумдан улам ата-энем мени чоң атам менен чоң апамдын колуна берип коюшкан. Ошолор тарбиялап өстүрүштү. Чоң атам кайда барса да мени дайыма жанына алып, атына учкаштырып ала турган эле.
– Алгачкы сезимдер мектеп курагында жаралат эмеспи. Ушул жагын айтсаңыз.
– Ал кезде жигиттердин баары жакшы окуган кыздарды жактырышчу. Мен дагы ошондой кыздардын бири, өзүмдүн классташым, кошунам болгон Эльвира деген чачы узун, ыймандуу кызды сүйчү элем. Бирок, аны сүйөөрүмдү ага айта алган эмесмин.
– Чоңоюп, эс тартканда чоң сүйүүгө да жолуккан чыгаарсыз. Учурдагы жубайыңыз менен кантип таанышып, баш кошуп калдыңыз эле?
– Учурдагы Эркинай деген казактын сулуу кызы менен өзүм иштеген Дене тарбия ин­­с­ти­тутун­да таанышып, жылдыздарыбыз келишип, кол кармашканбызга 3 жылдын жүзү болду. Экөөбүз­дүн ортобузда 2 жашар Даткайым деген алтын кызыбыз бар.
– Эмне, кеч үйлөндүңүз бе­ле?
– Эркинайга чейин 2 жолу үйлөн­гөм. Бирок, тилекке каршы, турмушка болгон көз карашыбыздын дал келбегенинен экөө менен тең ажырашып кеткем. Ачыгын айтсам, мен аларга татыктуу эмесмин. Кайда болсо да бактылуу болушсун! Даткайымдан башка Жамил деген да уулум бар.
– Баарынан жадап, чарчап, эмне кылаарыңызды билбей калганда кайда барып эс алууну жактырасыз?
– Тоого барып шар аккан суунун жээгинде отурсаң, мына ошол – эс алуу, мына ошол – керемет! Эч кандай музыканын кереги жок. Себеби, өмүр дегендин өзү ошол сууга окшоп билинбей кете берет экен.
– Учурда эмне менен алектенүү­дөсүз?
– Эл оозуна алынуу үчүн колдон келген аракетти жасап жатам. Учурда Дене тарбия институтунда спортсмендерди эле эмес, машыктыруучуларды да окутуп жатам. Мен институтта акча үчүн сабак бербейм, акча үчүн панкратион боюнча чемпионаттарды өткөрбөйм. Себеби, негизги каражатты киного тартылуудан табам. Аз болсо да элиме пайдам тийсин, билген-көргөнүмдү кийинки муунга үйрөтүп кетсем дейм. Ошол эле мен туулган Суусамырда канча деген байлар, бийлер жашап өткөн. Бирок, алардын бирөө да элдин эсинде калган жок. Анткени, байлык, бийлик, кадыр-барк дегендин баары убактылуу нерсе. Кожомкул балбан гана элдин эсинен чыккан жок. Себеби, ал жеңиштен торпок утуп алып келаткан учурда жолунан тамагы жок кембагал чыкса, колундагы торпогун ошолорго союп берип салчу экен. Андыктан, ач көз болбой, тапкан олжону карапайым калк менен бөлүшүп туруу керек.

Маектешкен Улан МАМБЕТОВ

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 246, 20-26-июль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан