Кол салуу (Кылмыштуу топтун кыңыр ишин баяндаган курч сюжеттүү сериал)

(Башты өткөн сандарда)

Жек сыраны көп ичет экен. Индус таң калды буга, аз эле убакытта аябай эле көп сыра ичип таштаптыр, столдун үстү бошогон бокалдарга толуп калды. Индус Жекти карап, мынча сыра ичине кантип батат деп ойлонуп койду. Ажатканага да көп барбайт экен. Индус берер тапшырмасын атайын кагазга кенен түшүндүрүп жазып келген эле, Жек жарым сааттан бери окуп отурат. Жарым саатта жети бокал сыраны ичип бүтүп, сегизинчиси жарымдап калыптыр. Беш мүнөттө окуп бүтө турган нерсени жарым сааттан бери тиктеп, шашпай отурган Жекке кыжыры келсе да сыр бербей алдындагы сырасын карап унчукпай отура берди.

Жек бир топтон кийин:

– Түшүнүктүү, деги элди тынч жашаттырбайт экенсиңер да,- дегенде жини келип араң отурган Индустун жаны чыгып кетти:

– Аны менен сенин ишиң болбосун, сага акчасын жакшы төлөп берсек болду да. Аткарсаң аткарам де, аткарбасаң аны да айт, убактым аз, сенден башка да ишим көп менин.

Жек Индусту көзүнүн үстү менен карап, кулагынын артына жармаштырып койгон сагызын алып оозуна салды:

– Сыранын акчасы канча болду? Сеникин да мен төлөп коёюн, рахмат ушунча келгениңе,- деп капчыгын алып чыкты. Ордунан туруп сыртка чыгып кете тургансып калды.

Индустун шаштысы кетип, ичинен сөгүнүп алды. Эми жалынабы? Бул акмак айнып кетсе, дагы кимге барат, мындан башка ылайыктуу ишеничтүү адамы деле жок.

Кебетеси кетип турганы менен, бул адам аябай айлакер, чыныгы карышкыр эле. Бир окуясын уккан жайы бар. Түркиядан Германияга Австрия аркылуу өзү жалгыз 20 килограмм баңгизат алып баратканда Германиянын ээн талаасында кокусунан полицияга кармалып калыптыр. Кандай болгонун эч ким билбейт өзүнөн башка, кыскасы, төрт полиция кызматкерин ошол жерден өлтүрүп, машинасын өрттөп жиберип, өзү качып кутулуп кеткен дешет. Кылмышкердин изи табылбай, муну эч ким билбей калган эле.

Индус дайындай турган ишти ушул эптемек:

– Макул, макул, токто, сүйлөшөлү,- деп бокалдын түбүндө калган сырасын жутту да, барменге “дагы эки сыра” деген белги кылды. Бармен эки бокал сыра алып келип алдыларына коюп кеткиче экөө тең унчукпай отурушту. Бармен кеткенден кийин Жек:

– Мага баары түшүнүктүү, бир ай убакыт бар экен али, мен үч жумадан кийин Кыргызстанга барам. Тиги Аксыдагы америкалыгыңарды мага иштеп бере турган башка адамга алмаштырасыңар. Америкалыгыңарды кетиргиле ал жактан, Кыргызстандан да кетиргиле. Кантип алмаштырасыңар, ал силердин ишиңер. Дагы бир нерсе, эртең америкалыктар артымдан аңдыбай турган болсун. Эгер америкалыктар мага бир нерсе кыла турган болушса, мен сени жердин түбүнөн болсо да таап алам.

– Америкалыкты өзүбүздүн адамга алмаштырабыз, документтери таза болот, бир жумага жетпей даяр кылабыз. Артыңдан эч ким аңдыбайт, издебейт, ал жагынан кам санаба.

– Макул, анда мындай. Иш бүтмөйүнчө экөөбүз байланышпайбыз, суроолор болсо менин адамым аркылуу гана байланыш болот. Анан менин кызмат акыма дагы 30 пайыз кошосуң, акчанын жарымын алдын ала бересиң.

Индус “дагы 50 пайыз кош” деп айтат деп күткөн эле, бир аз талашып-тартышымыш болуп, макул деди.

xxx

Июндун аягы эле, күн ысык аябай. Аксы районунун борбору Кербен шаарында бир айдан бери волонтёрмун деп, мурунку америкалык волонтёрдун ордуна иштеп жүргөн Девид Халлад батиринде уктап жаткан. Жектин буйругу боюнча Кербен аэропортуна жакыныраак бир чоң үйдү өзү батирге алган. Дарбазаны бирөө каккылады, чыкса коңшу бала экен:

– Давид, сиздин аттарыңыз жүгөрү талаага кирип кетти, айдап чыгып койдум. Ээси көрсө урушат.

– Рахмат чоң, Акил, жылкычы жок бекен?

– Уктап калган окшойт да, көрүнгөн жок айтып коёюн десем.

– Окей, Акил, рахмат. Аны өзүм барып таап келем, “ме, балмуздак алып же” деп колуна элүү сом берип узатты.

xxx

Жылкычысы баягы Жек эле, келгенине эки жумадан ашып калган, өзүн Френк деп тааныштырган. Девиддин милдети – Френктин айтканын кылып жардамдашуу. Френк түндө эч кимге көрүнбөй келип, түнү менен Девидге кылар ишин түшүндүргөн. Френк бир аз кем акыл, кулагы жакшы укпаган, дудук адам, Девид сатып алган аттарды кайтара турган жылкычысы болмок болду. Эки-үч күн Френк үйдөн эч жакка чыкпай жатты. Девид Френкке эски кийимдерди таап келди. Акмат деген коңшусу бар, көп сүйлөгөн киши, ошого барды.

– Оо, кел,- деп Акмат адатынча отуз эки тишин көрсөттү.

– Сизге ишим түшүп калды...

– Айта бер, Девид, колдон келсе эле аткарабыз, меймандын ажатын ачуу сооптуу иш.

– Рахмат, базарды жакшы билесиз, ат алыш керек болуп жатат.

– Кандай ат, атты эмне кыласың?

– Аттарды сагындым, Америкада үйүмдө атым бар эле да. Бул жактагы ишим бүткүчө ат багып алаксып турсамбы дедим эле.

– Ээ, эмне, силер да ат минесиңерби?

– Бизде деле ушундай эле айылдар бар да, биз деле силердей эле ат багабыз.

– Аа, макул, ат тандашып коём, бирок кантип багасың? Жардамчың барбы?

– Ооба, Намангандан бирөө бар, дудук, үйү да жок экен. Ошого бактырам, үйдө бекер жашап бага берет да.

– Аа, андай болсо болот. Бүрсүгүнү Кош-Дөбөдө базар. Аттар азыр арзан эле, барып алып келели. Менин эки атымды да сүйлөшпөйлүбү, тиги жылкычың кошо бага берсе, акчасын төлөп берет элем.

– Макул, кошуп бага берет. Ал маселе деле эмес...

Эртеси Девид ишинен кайтып келатса коңшулары аны токтотуп алып, ат алуу боюнча кеңеш айтып жатышты. "Андай ат ал, мындайын ал" дешип, ат сатып алганы жатканын баары эле угушкан окшойт.

xxx

Базардан бир келишкен ат сатып алып Френкке тапшырды. Френк накта эле айылдык жылкычыга окшоп калыптыр. Башында эски кепка, үстүндө өңү өчкөн футболка, тизелери айрык спорттук шым, бутунда резинка слансы. Ага коңшуларынан эч ким деле астейдил көңүл бурган жок, талаада мал кайтарган 1-2 бала сүйлөшүп көрөлү дешкенде, Френк өзүн келесоо көрсөтүп койду эле, алар да экинчи сүйлөбөс болушту. Френк аттарды аэропорттун айлана-тегерегиндеги талаага жайып багат ар дайым, ал чөлкөмдө антип мал баккандар көп эле болот. Аэропорттун айыл тарабы ээн, элге эгин айдоого деп бөлүнүп берилген жер, бирок жылда эле эгин айдалбай калып, адам бою калың чөп өсүп кетет. Жакын жерде үй жок, мал жайганга гана ылайыктуу жер болчу. “Кербен” аэропортунун самолёт учуп-конуучу тилкеси короолонгон эмес, жергиликтүү жашоочулар ары-бери каттаганда аэропорттун ошол тилкесин кесип эле өтө беришет. Учактар сейрек конгон үчүн аэропорттун айланасы катуу кайтарууда эмес. Кээде Френк атайын эле уктап калган болуп аттарын тилкенин ары жагына өткөрүп жиберет. Ал жакта эгин айдалган талаа жатат. Аттар элдин жүгөрү талаасын аралап кеткенде ээлери келип Френкке кыйкырып урушуп калышат. Андайда Френк жинди кебетесин көрсөтүп карап тура берет. Акыры эл деле көндү Френкке, бир аңкоо адам экен деп кайдыгер карап калышты. Френк аттарга күндө бир убакытта жем берет да, жемге аралаштырып бир дары да берип жатты... 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1134, 29-август-4-сентябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан