Түнт кыздан атактуу айымга айланган Светлана Ходченкова

Орусия киносундагы көрүнүктүү “блондинкалардын” бири, таланттуу актриса жана сулуу айым Светлана Ходченкованы көрүп жүрсөңүз керек. 20 жылдан ашуун убактысын киного арнаган актрисанын өмүр жолу, чыгармачылык чыйыры оош-кыйыш окуяларга бай. Сынынан кете элек сулуу айым жөнүндө кененирээк билгиңиз келсе, макалабыз сиз үчүн болсун. 

Туулган жери: Орусия, Москва

Туулган жылы: 1983-жыл, 21-январь

Жылдыз белгиси: суу куяр

Бою: 180 сантиметр

Кесиби: актриса, режиссёр, сценарист, продюсер

Тартылган белгилүү тасма-сериалдары: “Аялга бата бергиле”, “Чоң шаардагы сүйүү”, “Викинг”, “Росомаха: Өлбөс”, “Довлатов”, “Жумуштагы роман: Биздин убак”, “Казанова”, “Тоңгон жер”, “Спойлер” жана башка

Апасы курулушчу

Азыр Орусиянын Эмгек сиңирген артисти наамына жетип, бир катар өлкөлөргө тааныла алган Светлана Ходченкова балалыгында актриса болом деген ойду кыял катары гана көрчү. Тескерисинче, аны окумуштуу болуп илим жаатында эмгектенет дешет эле. Мектепте жакшы окуганы менен, түнт мүнөзгө ээ болуп, эч кимге ачыла алчу эмес. Андыктан классташтары “илимпоз” деп келекелеп, жоош кыздан алыс жүрүшчү.

Анын үстүнө ата-энесинин мээримине, көңүл буруусуна тоюп чоңойбоду. Экөө кызы кичинекей кезинде эле ажырашып, атасы кызына каралашмак турсун дайынын таптырбай кетип калган. Анан бүт түйшүк апасына түшкөн. Пол жуугуч, короо шыпыргыч, кийинчерээк курулуш тармагына өтүп, колунан келген жумушту аткарып кызын бакты. Апасынын кыйналса да тырышып иштеп жатканын көргөн кызы да аракет кылып жакшы окуду. Кийин Света атактуу болуп, көп акча таап калганда деле апасы жакшы көрүп калган ишин таштаган эмес. Азыр ал маляр, штукатуркачы жана башка курулушка керектүү адамдардан турган чакан бригаданы башкарат.

“Спонсорлорду тейлөө”

Актрисалык балалык кыялы болчу дебедикпи. Чынында эле Света 7 жашка чейин актриса болсом деген ою бар болчу, кийин ветеринар болом деп калган. Бирок канчалык окуганы менен, химия, биология сабактарын жакшы өздөштүрө албай коюп, ветеринарлыктан да баш тартканга туура келген. Апасы кызына жаңы идея сунуш кылат, "моделдикте өзүңдү сынап көрбөйсүңбү" деп. Эч кимге кошулбаган, өзүнө ишенимсиз, бою узун бирок бүкүрөйгөн кыз ойлонуп туруп макул болот. Апасы аны модельер Вячеслав Зайцевдин моделдик агенттигине окууга киргизет. Ошол жактан Света ачылды десек болот. Көп өтпөй ал келишим менен Японияга кетет. Япония, Франциянын подиумдарына чыгып жүргөн модель жарым жылдан соң кайрадан мекенине келе берген. Моделге “спонсорлорду тейлешиң керек” деген ыплас сунуштар түшө баштаганда кой деп кесибинен баш тартканын айтканы бар. Ал кезде Светлана 16 жашта гана болчу.

“Аялга бата бергиле”

Мектебине кайтып келип, аны аяктагандан кийин кесип тандоодо чыгармачылыктан алыс эле дүйнөлүк экономика факультетине тапшырган. Көп өтпөй жарнама бөлүмүнө которулат, бул багыт да жакпай акыры кино жана театр окуу жайына өтүп кеткен. Биринчи курста окуп жатканда эле режиссёр Станислав Говорухиндин көзүнө түшүп, ал Светага жаңы тартылып жаткан “Аялга бата бергиле” тасмасына башкы ролго чакырган. Кийин белгилүү болгондой Света тасмадагы Веранын прототибине абдан окшош экен эле. “Аялга бата бергиле” Ходченкованы жаркыраган таланттуу, сулуу кыз катары көпчүлүккө тааныта алды. Дебюттук ролу менен Орусиянын абройлуу “Ника” кино сыйлыгына талапкер болгон. Андан сырткары да бир катар сыйлыктарга татыган Светага ийгилик кушу конду.

Кызыктуу факт: “Аялга бата бергиле” тасмасында актриса 70 килограммдан ашык салмактагы томпойгон кыз болчу. Кийин ал 20 килограмм салмактан арылып, азыр биз билген арыкчырай айымга айланган.

Голливуд

Орусиянын Эмгек сиңирген артисти наамын алуу оңой дейсизби? Албетте, жок. Бул наамга жетиш үчүн актриса күндөп-түндөп иштеп ондогон тасма-сериалдарга тартылган. Катарында сиз көргөндөр да болушу мүмкүн. Анткени анын кино тизмеги өтө узун. Мисалы: “Аялга бата бергиле”, “Чоң шаардагы сүйүү”, “Викинг”, “Довлатов”, “Жумуштагы роман: Биздин убак”, “Казанова”, “Тоңгон жер”, “Спойлер” жана башкалар.

Кызыктуу факт: “Чоң шаардагы сүйүү” трилогиясында Светлананын сүйүктүүсүнүн ролунда Украинанын азыркы президенти Владимир Зеленский болгонун эске салабыз.

Ходченкова Голливудда да тартылганга жетишкен. Ал жактагы дебюту 2011-жылы болуп, “Тыңчы, чыгып кет!” тасмасына тартылган эле. Дагы бир ийгиликтүү долбоору катары “Росомаха: Өлбөс” тасмасын айтсак болот. 2013-жылы чыккан “Марвелдин” киносунда актриса Мадам Гидранын (Гадюка) ролун аткарган. Ал эми баш каарман Росомаханын ролунда белгилүү актёр Хью Жекман экенин билесиз да.

Тубаса “блондинка”

Моделдик кесипти олуттуу кесип катары алып кетпесе да, маал-маалы менен белгилүү журналдардын бетин модель катары кооздоп турат. Андан сырткары ырчылардын клиптерине тартылганы бар. Жарнамалык такталардан да жүзү кетпеген Ходченкова кырктын кырынан ашкандарга стимул болуп, суроо-талапка ээ актриса, модель экенин далилдеп келет.

Карьерасында канча тасма болсо, ошончо образга кирди, ошончо кесиптин ээси болду, каармандарын жеткиликтүү ачып бергенге бар күчүн жумшады. Каарманы бийчи болсо бий үйрөндү, фехтование чебери болсо муну да үйрөндү, уруш өнөрлөрүн өздөштүрдү, айтор, колунан келгенин кылды. Бир гана нерсе өзгөргөн жок, ал – чачы. Света табиятынан “блондинка”. Чачын эч качан боёгон эмес, кинодогу каарманы башка өңдөгү чачка ээ болсо, актриса парик колдонот.

Жүзүнө дайыма туура камкордук кылганга аракет кылат. Андыктан макияжы жок деле супсулуу, жапжаш. Күнүгө пресс жасайт, андыктан идеалдуу келбетке ээ. Пляжда күнгө күйүп жата албайт, негизи эле активдүү эс алууну жактыргандыктан кыймыл талап кылган жерлерде жүрөт: атка минүү, бий, суу лыжасы жана башка.

Махабаты

Актрисанын өмүр баянында актёр Владимир Яглычтын ысымы көп айтылат. Экөө театралдык училищеде окуп жүргөндө эле таанышкан. Бирок сүйүү романы кийинчерээк башталды. 2003-жылы бир тасмада сүйүшкөндөрдүн ролун аткаргандардын махабаты жашоодо да уланып, 2005-жылы үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрүшкөн. Үй-бүлөлүк статус 5 жыл кармалып, кийин урап түшкөн. Андан бери актрисанын жанында ишкерлердин, башка актёрлордун ысымы жүрөт, бирок бири да “күйөөсү” деген статусту ала элек, Ходченкованын аты жок манжасы али бош. 

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1134, 29-август-4-сентябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан