ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 9-сентябрдан 15-сентябрга чейин

КОЙ 
(21.03–20.04)

Жашооңузду тазалап, иреттеп алыңыз, таштандылардан арылыңыз. Убакыттын жетишсиздиги майда-барат кыйынчылыктарга алып келиши мүмкүн. Айымдар үй-бүлөдө маанай жаратуучу ролго ээ болушат. Андыктан дайыма позитивдүү маанайда жүрүңүз, сиздин маанайдан көп нерсе көз каранды болот. Топтогон акчаңыз болсо аз да болсо өзүңүзгө иштей турган ишкердикке жумшаңыз. Жаңы үйлөнгөн жубайлар ортосунда чыр-чатактар болушу мүмкүн.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Адамдарды максатыңызга жеткиче колдонуп, кийин тааныбаган адамдай таштап кетем деп ойлобоңуз. Мындай ойлордун баары жолуңузду бууп коёт. “Жакшы тилек – жарым ырыс” дейт, андыктан ишти туура ойлонуудан, ниет коюудан баштасаңыз ийгиликке жетесиз. Чыгармачылык жөндөмүңүз жогорулайт, эргүү ойгонуп, мыкты идеяларды ишке ашырсаңыз болот. Көйгөйлөрдү чечүүнүн жаңы жолдорун издебеңиз, мурунку далилденген ишенимдүү жол менен жүрүү ыңгайлуу.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Өз күчүңүзгө, аракетиңизге ашыкча ишене бербеңиз. Аян түштөргө, белгилерге көңүл бөлүңүз, балким, сиздин келечегиңизде боло турган нерселер алдын ала белги катары көрүнүшү мүмкүн. Буга чейин сизден жашыруун болгон аракеттердин баары ачыкталат. Жакын адамыңыз атайын жаңжал чыгарып сиз менен урушкусу келсе да эмоцияга алдырбаңыз. Эмоцияга алдырсаңыз, буга чейин жеткен бардык ийгиликтериңиз нөлгө барабар болуп калат.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Кошумча жумуш табыңыз же жетекчиликтен маянаңызды көтөрүп берүүнү сураныңыз. Бирок ошол эле учурда жакын адамыңыз көйгөйлөрдөн арылууга жардам берет. Сиздин боорукерлигиңизди, жоопкерчиликтүүлүгүңүздү өз кызыкчылыгына пайдалангысы келген адамдардан этият болуңуз. Алар сизге кошумча жүктү артып коюшат, сиз өзүңүздү ал нерсени жасоого милдеттүүдөй кабыл аласыз. Өз укугуңузду ачык коргоп, манипуляцияларга жол бербеңиз.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Жашооңузду кескин өзгөртүп, буга чейин тобокелчиликке бара албай жүргөн нерселерди жасасаңыз болот. Эң башкысы, көз ирмемдик алсыздыкты чыныгы каалооңуз менен адаштырып албаңыз. Жумушта дипломатиялык, татаал жана компромисстүү лидерлик жөндөмүңүздү көрсөтө аласыз. Сүйүүсүн издеген бойдоктор болочоктогу жарын өз чөйрөсүнөн табышат. Адамдарга ачык болуңуз, чөйрөдөгү маанай, жүрүм-турумуңуз көпчүлүктүн сынында болот.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Кесиптик милдеттериңизди так, өз убагында аткарып, башкалардын сиздин ишиңизди сындоосуна мүмкүнчүлүк калтырбаңыз. Бардык пайда болгон көйгөйлөр сиздин жеке катышууңузду талап кылат. Түшүнүксүз чыр-чатактарга арачы болуудан карманыңыз. Буюм сатып алууда алардын сапатына, мөөнөтүнө көңүл бурушуңуз керек, эрте жарактан чыгып калуу коркунучу бар. Жеке жашоодо тынч, туруктуу мамиле күткүңүз келет, бирок алдыда сизди буркан-шаркан эмоциялар күтөт.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Адамдар менен тил табышуунун бардык кыйынчылыктарына тушугасыз. Чоң иштерди баштабай, келишимдерге кол коюуну башка убакытка жылдырып туруңуз. Жан дүйнөңүздө ишкердик жөндөм, рух бар, сиз тубаса лидер жана бизнесменсиз. Бизнестин жаңы кызыктуу багыттарын үйрөнүп, өзүңүздүн уникалдуу долбооруңузду ойлоп табууга аракет кылыңыз. Бул учурда адамдарды оңой эле жетектеп, аларга кантип таасир этүүнү билген жөндөмүңүз жардамга келет.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Таарынычыңыз сизге зыян гана алып келет. Кайгыларды ичиңизден кууп, эң жаман душманыңыздан да кечирим суроого даяр болуңуз. Тез реакцияңыз, тез ой жүгүртүүңүзгө көбү ашык болушат. Айымдардын кирешеси жогорулайт. Кыймылсыз мүлк сатып алуу жөнүндө ойлонуп көрүңүз. Жаңы унаа же батир сизге туруктуулукту жана кепилдикти берет. Үй-бүлөлүк жашоодо майда-барат турмуштук маселелер менен түгөйүңүздүн кулак-мээсин жей бербешиңиз керек.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Жугуштуу оорулардан сак болуңуз, айрыкча коомдук транспортто сөзсүз коргонуучу каражаттарды ала жүрүңүз. Физикалык абалыңыз жакшы болгонуна карабастан спорт менен машыкканды унутпаңыз. Сиз эч кимге ишенбейсиз, дайыма шектене берүү, адамдардын мамилесинен кемчилик издей берген адатыңыздан арылышыңыз керек. Жан дүйнөңүздө толгон букту бөлүшө турган адам табыңыз. Бул сиздин апаңыз же башка адам болушу мүмкүн.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Аптада үйүңүзгө келген коноктордун саны арбыйт. Кезек талашып келген коноктордун келүүсүн алдын алгыңыз келсе, анда чакан кече уюштуруп, баарын конокко чакырыңыз. Каржылык абалыңыз мүмкүнчүлүк берсе, кайрымдуулук жасаңыз. Узак сапарга чыгуу мүмкүнчүлүгү бар, ал сапарыңыз жемиштүү болот. Абдан таланттуусуз, түрдүү багытта иштеген кесип ээлери менен кеңешип ишкердик баштасаңыз ийгилик коштойт. Каржылык кризистен чыгуунун оңой жолдору ачылат.

СУУ КУЯР 
(21.01–19.02)

Жашоонун бардык тармагында ийгилик жана бакубатчылык кепилденет. Каалаган көндүмдөрдү жана жөндөмдөрдү үйрөнө аласыз. Каржылык абалыңыз турукташат, үйүңүзгө керектүү эмеректерди сатып аласыз. Балдардын билиминен акча аябаңыз, бүгүнкү бекем пайдубал эртеңки келечекке чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачарын унутпаңыз. Сиздин моралдык жана материалдык колдооңузга муктаж болгон жакындарыңызга колдон келишинче жардамыңызды аябаңыз.

БАЛЫК
(20.02–20.03)

Коомдо ээлеген ордуңуз, жумуштагы аброюңуз сиз күткөндөй канааттануу сезимин алып келбейт. Балким, азыркыдан да жогорку тепкичте өзүңүздү көргүңүз келет, бирок азыркысына ыраазы болуп туруңуз, кийинки жетишкендиктер көпкө күттүрбөйт. Эски жарааттарды козгогон мурунку таанышыңыз менен жолугуп калышыңыз мүмкүн. Сүйүүдө эркиндикке көп умтулган аракетиңиз түгөйүңүзгө жакпай калат, бул маселени аны менен кенен сүйлөшүүдө гана чече аласыз.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1135, 5-11-сентябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан