Адамдын жүзүн жашырган кийимдерди кийүүгө тыюу салынабы?

Өлкөдө “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбоору сунушталды. Ага ылайык, эми коомдук жайларда, мамлекеттик мекемелерде адамдын жүзүн таанууга тоскоолдук жараткан паранжа, никаб сыяктуу кийимдерди кийүүгө тыюу салынганы жатат. Коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоору коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. Албетте, демилгени колдогондор да, каршылар да бар. Адамдын жүзүн жашырган кийимге тыюу салуу коопсуздук үчүн зарыл дегендерге, “укук” деп каршы чабуул койгондор чыгууда. Макалада ар тармактын өкүлдөрүнүн пикирин сурадык. 

Шарапаткан Мажитова, депутат: «Жоолук салына беришсин, бирок эмнеге капкара кийип чүмкөнүп алышат?»

– 2023-жылдын ноябрь айында парламенттен эркектердин узун сакал коюшуна жана кыз-келиндердин паранжа кийишине тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштап чыккам. Аталган мыйзам долбоору жарандардын дин тутуу укугун чектебейт, баары конституциялык ченемдер жана эл аралык стандарттарды сактоо менен иштелип чыккан. Өзбекстандын тажрыйбасын карасак болот, көп аялдуулукка, паранжа кийип, узун сакал коюуга тыюу салышты алар. Биз светтик өлкөбүз, бул принцип бардык тармактарда сакталышы кажет деп ойлойм. Мен былтыр Ошко бир долбоордун алкагында сертификат тапшырганы барганымда, сертификат алганы келген көпчүлүк айымдар көзү гана көрүнгөн кара кийим кийип отурушту. Жоолук салына беришсин, бирок эмнеге капкара болуп чүмкөнүп алышат? Ушул жаатта Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга тапшырма берилиши керек деп айткан элем. Минтип бул маселени кайра көтөрүүгө убакыт жетиптир. Бардык мыйзамдар талаш-тартыш, талкуулардан кийин кабыл алынганы жакшы. Элдин пикири да маанилүү. Аталган демилге элдин талкуусунан өтөт деген ишеничтемин.

 

Руслан Бекназаров, коомдук ишмер: «Мындай мыйзам киргизүүгө зарылдык деле жок болчу»

– Убагында Улуттук коопсуздук кызматында иштеген адам катары айта алам, Баш мыйзамда адам укуктары коопсуздуктан жогору турат. Бүгүн паранжа, никаб кийүүгө тыюу салынса, эртең диндеги башка баалуулуктарга тыюу салууга өтүшү мүмкүн. Мына, көрдүңөр, сөз эркиндигин чектешти эле, көбү “батышчылдар, бузукулар, силерге ырас болот” деп карап турушту. Эми дин тутуу эркиндигине кезек жетти окшойт. Мындай мыйзам киргизүүнүн зарылдыгы деле жок, анткени бизде көпчүлүк паранжа, никаб кийбейт, адамдын жүзү көрүнө турган кылып жоолук салынышат. Паранжа такыбалыктын жеткен чеги деп эсептелинет. Аны кийген аял көчөдө жалгыз жүрбөйт, сөзсүз күйөөсүнүн же дагы башка жакынынын коштоосунда жүрүшү керек. Динди жаман көрсөтүү максаты барлар гана аны кийип алып жаман иштерге барышы мүмкүн. Андайларды коопсуздук үчүн кармаса болот. Бирок коомдук жайларда паранжа, никаб кийүүнү тыюу, айып пул салуу туура эмес. Ушундай учурда муфтият эмнеге унчукпай отурат түшүнбөйм. Айта турган, түшүндүрө турган ошолор болуш керек эле.

 Абдыкерим Муратов, этнограф: «Көйгөйдү эки тарабынан кароо зарыл»

– Паранжа, никаб, хиджаб – баары бир эле нерсе, булардын бири да кыргыздын улуттук кийими эмес. Бара-бара хиджабды деле беттерин тор менен тосуп паранжага айлантып жатышат. Минтип отурсак, эртең мектепте окуучулар бири-бирин тааныбай калышат. Мен мектеп окуучуларынын хиджаб кийүүсүнө каршымын. Кымындай кыздар кантип өз эрки менен жоолук салынсын? Ал эми өз каалоосу менен кийген балагатка жеткен кыздардын хиджабын күч менен чечүүгө же тыюу салууга, албетте, болбойт. Көйгөйдү эки тарабынан кароо керек дайыма. Дин жолунда жүргөндөр демократияга кас болуп, аны жээрисе, жок кылабыз дешсе, анда дин тутуу эркиндиги да жок болот. Азыр мейли, кыздар хиджаб кийип мектепке барышсын, эртең балдарыбыз мектепке сакал коюп, сүннөт кийип барабыз дешсе эмне кыласыңар?!

 Турсунбай Бакир уулу, экс-депутат: «Дин иштери боюнча комиссияны жоюп эле салыш керек»

– Никаб, паранжага тыюу салуу – бул ислам динине каршы аракет. Өзүңөр эксперимент кылып көчөгө чыгып карап көргүлөчү, көчөдө никаб, паранжа кийгендер дээрлик жокко эсе, болсо да саналуу гана. Мындай демилге менен жөн гана диндин жайылышына бут тосууга аракет кылып жатышат. Дин иштери боюнча комиссиянын жетекчиси убагында Чубак ажынын жанында жүргөн адам болчу. Ошол кишиден ушундай демилге чыгат деп күткөн эмес элем. Мен 2011-жылы Өмүрбек Бабанов премьер-министр болуп турганда аталган комиссияны “кереги жок” деп жойдургам, бирок Алмазбек Атамбаев президенттин алдындагы дин иштери боюнча комиссия деп кайра түзүп алды. Бул комиссия коммунизмден калган аппендицит, аны кесип, жоюп салыш керек.

 

Турсунбек Акун, укук коргоочу: «Бул маселеде жазалоо, айыпка жыгуу ыкмасын колдонуу туура эмес»

– Эгемендик алгандан бери дин тутуу эркиндигин кенен эле колдонуп жатабыз. Биздикиндей эркиндик берген өлкө жок, чынында. Бирок паранжа, никабга тыюу салынган демилгени колдойм. Эмнеге? Бул жерде коопсуздук маселесинен да мен үчүн кыргыздын нарк-насили, моралдык баалуулуктары бийик турат. Биз өз маданияты, тили, улуттук баалуулуктары бар элбиз. Ошол улуттук баалуулуктар көмүскөдө калып, башкалардын маданияты биринчи орунга чыгып кетпеши керек. Менимче, бул демилгени көтөрүп чыккандар деле ушундай ойдо болуш керек. Биз эми көчөдө бети-башыбызды жаап кийинип жүргүдөй ислам фундаменталдуу калыптанып калган Ооганстан же Пакистан эмеспиз да. Бирок бул маселеде тыюу салуу, айып пул салуу сыяктуу жазалоо ыкмаларын колдонбош керек. Колдон келсе эл арасында даражасы бийик, агартуу тармагында аброю бар адамдар түшүндүрүү иштерин жүргүзсө дейт элем. Мусулмандардын укугу тебеленип жатат дегендерге кошулбайм, алардын укугу тебеленип жатса мен биринчи коргоп чыкмакмын.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1135, 5-11-сентябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан