V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башталарына саналуу гана күндөр калды. 4-сентябрда көк бөрү боюнча Кыргыз улуттук курамасы аталган оюндар өтүүчү Астана шаарына барды. Улуттук курамдын оюнчусу, көк бөрүнүн жылдызы Манас Ниязовду кепке тарттык.
– Салам, Манас мырза! Астанага кандай жетип алдыңыздар?
– Ассалам алейкум, жалпы окурмандарга. Астанага жакшы келип алдык, жакшы жайгаштык. Жол узак болду, мамлекет автобус бөлүп берген экен, 1 сутка дегенде жеттик.
– Көчмөндөр оюндарына даярдык жакшыбы?
– Даярдыктар жалпысынан жакшы. Аттар 9-майдагы Жеңиш кубогунан кийин эле чогултулуп, даярдалып баштаган. Биз, оюнчулар, июлдан тарта машыгууну баштап, эки ай бою Ысык-Көлдө болдук. Алгач жалаң кара күч машыгууларына басым жасалды. Анан аттар менен машыгууларды өтө баштадык. Аптанын бир күнү эс алуу, калган күндөр чуркоо, футбол, машыгуу залындагы атайын көнүгүүлөр менен коштолуп жатты.
– “Манас – көк бөрүнүн жүзү, эмнеге көкпар командасына кошулуп калды” деген суроолор жаралууда, өзүңүз кандай ойдосуз?
– Спортчу болгондон кийин өзүңдү ар тараптан сынап көрүшүң керек. Жер улакка (ред.: көкпар) ойноп калганымдын себеби – көк бөрүгө эле басым жасай бербей, эки жактан тең жеңишке жетишели деп аракет кылып жатабыз. Курама команда дагы ошого жараша түзүлдү.
– Жер улак көк бөрүдөн айырмаланат, канчалык даярсыздар?
– Өзүм боюнча айтсам, машыгууну жакшы эле кылдык, менимче, 80 пайыз даярмын. Жер улакта көк бөрүдөн өтө деле чоң айырмачылык жок. Эрежелерин окудук, бир катар машыгууларды өткөрдүк. Болушунча аракетибизди кылып жатабыз.
– Бир тууган Ниязовдордон улуттук курамда экөө, агаңыз менен чогуу жүргөндүн кандай артыкчылыгы бар?
– Бир туугандын жаныңда жүргөнү жакшы го. Акыл-насааттарын айтып турат. Бири-бириңди карап, колдоп турасың. Негизи эле бизди ата-энебиз арабызды алыстатпай ээрчишип жүргөнгө тарбиялашкан. 3-4 күн көрүшпөй калсак, үйгө келгенде апам биздин кандай учурашып жатканыбызды байкап турат. Жөн эле учурашып калсаң “ай, 3-4 күндөн бери көрүшө элексиңер го, боор басып кучакташып учурашпайсыңарбы” деп урушат. Бат-баттан чогулуп турабыз. Бир туугандык тыгыз мамилеге көнүп калганбыз.
– Кебетеңер гана эмес, үнүңөр да бири-бириңердикине окшош экен...
– Ооба, көпчүлүк окшоштурат. Атам телефонду жакшы деле колдоно албайт да. Телефон чалып калсак үнүбүздү айырмалай албай “кимсиң деги?” деп сурай берет. Кээде тамашалап “мен Байышмын, Баяманмын, Жанышмын” деп деле сүйлөшүп коё беребиз.
– Сизге күйөрмандык кылган, жолукса сүрөткө түшүүгө ашыккан кыздар көп. Жубайыңыз буга кандай карайт?
– Бул боюнча үйдө кеп козголбойт, маселе деле болбойт. Жубайым баарын туура түшүнөт. Кыз-жигит болуп жүргөн кезде деле ушул көрүнүшкө күбө болуп келген да. Башынан эле ал нерсеге даяр болчу. Эң негизгиси, жубайым мага ишенет.
– “Достук” командасынан кетип, “Ала-Тоодо” ойнодуңуз. Клуб алмаштыргандагы сезимдер кандай болду?
– “Достук” менен беттешкенде ичиңден аябай башкача болот экенсиң. Көптөн бери ойногонго жүрөккө жакын болот экен да. Анын үстүнө бир туугандар да бири-бирибизге каршы ойноп калып жаттык. Талаш жараткан учурларда бири-бириң менен сөз талаша албайсың, оюнда бири-бириңди аяп кетесиң. Айтор, бир командада чогуу ойногонго жетпейт экен. Колдон келсе, бир тууганың менен чогуу эле ойнош керек экенин сездим.
– Көк бөрү, аламан, жер улак. Кайсынысын ырахаттануу менен ойнойсуз?
– Көк бөрү жагат мага, тай казанга улакты ушунчалык мээнет менен саласың. Күчтү дагы, акылды дагы, аракетти дагы талап кылат. Анын ырахаты өзгөчө.
– Көк бөрү менен акча таап, жан бакса болот бекен?
– Болот, мен башка иш деле кылбайм. Көк бөрү – ишим жана хоббим. Мындайча айтканда, ырахаттанып акча табам (күлүп).
– Өзбекстанга көп барып ойноп жүрөсүз. Ал жакка келишим менен барасызбы же конок болуппу?
– Ал жакка бизди көп чакырышат, конок катары барабыз. Кыргызстандын атын чыгаралы дейбиз. Кыргызстан менен чектелбей, Орто Азияга таанылалы, ошол жакта дагы атыбыздын жазылып калышына себеп болсун деп коңшу мамлекеттердеги оюндарга байма-бай катышканга аракет кылабыз. Ал жакта деле “Кыргызстандан келип байге алып кетти” деген сөз айтылат да. Негизи эле өзбек эли сыйга, мамилеге аябай жакшы.
– Мамиле деп калдыңыз, мамиле түзө билүүнүн жумушта гана эмес, жашоодо да мааниси чоң бекен?
– Өтө чоң роль ойнойт. Адамдар менен жакшы мамиледе болсоң, мамиле менен көп нерсе чечилет. Ошон үчүн ким болсоң дагы адамдар менен мамилеңди түзөшүң керек. Эң негизги нерсе акча эмес, мамиле, көңүл экен.
– 2016-жылдар... Манас Ниязов деген ысым дүңгүрөдү, коомчулукка таанылды. Ошол бийиктикти азыркыга чейин кантип кармап келе жатасыз?
– Бул нерсе, биринчиден, ата-энемдин ак тилеги, ак батасы менен болсо керек. Апам оюн көрбөйт, биз оюнга кеткенде жайнамазын алып, бизге дуба кылып турат. Биз дагы ата-эненин ыраазычылыгын алганга аракет кылабыз. Алардын ыраазычылыгын, батасын алган үчүн ушул даражага жетип жатабыз го деп ойлойм. Экинчиден, ар дайым эмгек кылуунун үстүндөбүз. Оюн жок учурда деле машыгууну токтотпойбуз. “Чемпион болуш оңой, аны кармап туруш кыйын” дейт го. “Ойной албай калды” деген сөзгө калбайлы деп дайыма аракеттебиз. Айылда жүргөндө деле бош учурда ат үйрөтөм, ат минем. Азыркы учурда өзүбүздүн короодон көк бөрүгө жакшы ат чыгарганга аракет кылып жатабыз.
– Күйөрмандар “Манаска ылайык Бойкадай ат чыкпай жатат” деп келишет. Көк бөрүдө минип жүргөн аттарыңыз купулуңузга толобу?
– Албетте, ал аттар көңүлүмө туура келип жатты, башка аттар менен деле жакшы оюндар болду. Жаман ат минген жокмун, баары жакшы. Эмнегедир эл “сага ылайык ат чыкпай жатат” дей берет. Элге көбүрөөк Бойка менен болгон оюндар кызыктуу болгон экен, ошондой оюндарды күтүшөт. Эми Бойкадай ат кайра келбейт го дейм.
– Жүрөгүңүздө Бойканын орду дале барбы?
– Албетте, Бойка дале жүрөктө, эстеп турам. Күчтүү, акылдуу, оюнду түшүнгөн абдан жакшы ат болчу. Аны менен ойноп жүргөн кезде такыр чарчабайт элем. Улакты аласың, кеттиң, тай казанга саласың. Эч ким менен деле улакты талашып-тартышып отурбайт элем.
– Маектешүүгө убакыт бөлгөнүңүз үчүн рахмат. Ийгилик каалайбыз, Астанадан улуттук курамдын жеңиш менен кайтышына тилектешпиз.
Динара Акимова