(Башы өткөн сандарда)
– Адамдын эсинде түбөлүк кала турган, кээде жашоосунун өзөгү боло турган нерсе – бул балалыгы. Кечирип кой, сенин балалыгыңдын оор өткөнүнө,- деди Султан башын чайкай.
– Сиз эмнеге кечирим сурап жатасыз?- Канат таң кала сурады.
– Баарыбыз бизден кийинки муунга жоопкерчиликтүүбүз. Менин заманымда жашаган бардык ата-энелер үчүн кечирим сурап жатам. Мен да жакшы ата боло албадым, тилекке каршы. Уулумду ушунчалык жакшы көрсөм да. Азыр болсо заман башка, балдардын тарбиясына жетиштүү көңүл бурулуп калды. Баса, атаң тууралуу айтып берсең... Кандай адам?
– Таң кала турган сапаты көп атамдын. Мага чоочун адамдай, кээде жек көргөн адамдай сезилчү. Кээде менин жүзүмдөн куду бир нерсе издеп, бирок такыр таппай жаткандай туюлар эле. Бере турган суроолорум көп, бирок ал кишиден жооп ала албайсың. Кийин ооруп калды. Мага мамилеси жумшаргандай болду. Мен анын бардык кылыктарын кечирдим, бирок Жанат кечирдиби, билбейм. Анткени көбүрөөк таяк жеген ошол болду.
– Эмнеге?
– Ал маалына жетпей, алсыз төрөлүптүр. Балалыгы оору менен өттү. Атамдын андан спортчу чыгарам деген тилеги таш капты. Инимди куткарыш үчүн мен спортко кеттим. Атам менин эмес, Жанаттын спортчу болушун каалачу да. Кызыктай адам, түшүнүү кыйын. Апам экөөнүн ортосунда кызыктай мамиле бар эле. Экөө гана билген бир сыр бардай, ошол сырдын оордугунан экөө тең эзилип жаткандай сезилчү. Ошол үчүн да мен үйлөнүүгө шашпадым көрүнөт. Алардыкындай мамиледе үй-бүлө кургум келген жок.
– Сен болочок келинчегиңди кайсы сапаты үчүн жар катары тандадың?
– Билесизби, Шооладан кийинки эле мени таң калтырган ушул кыз болду. Жаш экенине карабай акылдуу, даанышман. Суроо бербей туруп эле баарын түшүнөт. Кээде ишенчээк секелек кыздай, кээде жүз жыл жашап койгон кемпирдей. Кээде ушунчалык өжөр, кайраттуу, ошол эле учурда абдан назик. Мени анын сабырдуулугу өзүнө тартты. Эч кимди сүйө албасам керек деп ойлочумун, Алия жүрөгүмдү жибитти. Мен аны менен бактылуу боло алам деп ишенем. Өтмүшүмдү унуттурат, тагдырымдын белеги болот деген ишенимим бар.
– Сен бактылуу болосуң, уулум!
Султан “уулум” деген сөздү ушундай бир сүйүү менен айтты. Канатты жакшы билген сайын аны менен өмүр бою жашагандай сезди өзүн. Атанын жүрөгү бир кубанып, бир ыйлап жатты.
ххх
– Жаркын, сен кечээ кайда барып келдиң?- деди Жусуп.
– Бир таанышым ооруканада эле, ошону көрүп келдим.
Жусуп шектене берди. Бир нерсе болгондой, аялынын жүзү ойлуу, бир татаал кырдаалдан улам түйшөлүп жаткандай. “Канаттын тою болот эмеспи жакында, балким, ошого ойлонуп жаткандыр” деди ичинен. Бирок ички туюму башка бир маселе бар экенин сездирип жатты.
– Жакында Канат да кетет. Экөөбүз гана калабыз,- деп улутунуп койду эмнегедир Жусуп.
Жаркын күйөөсүн тиктеп калды. Ушул сөз аны бетке чаап эсине келтиргендей болду. Бир караса өмүрү эки күндүк эле убакытта өтүп кеткендей, бир караса жүз жыл жашап койгондой. Өмүрүндө колго ала турган эч нерсе жасабагандай ичи ачышты. Жусуптун жаш кезин эстеди. Көзүнөн от чачыраган, деминин алоосуна нан быша турган жигит эле. Азыр чүрүшүп, даамы кеткен алмадай маңдайында отурат. Бул да өмүрүн эмнеге сарптаганын билбейт. Ит-мышыктай аңдышып бир өмүр өтүптүр. Булар бири-бирин бактылуу кыла алышпады же эки тарапка басып кете алышпады. Өткөн өмүрүнө ушунчалык ичи ачышты Жаркындын. Бакырып ыйлагысы келди. Ушул учурда бир ой жылт этти. Балким, эми деле кеч эместир бакытка? Дагы бир жылт эткен үмүт бардыр Жаркын үчүн? Алдында эки жол бар, бири – өмүр бою Жусуптун алдында үңкүйүп бактысыз жашоо, экинчиси – басып кетип эркин жашоо. Балдар чоңойду, оокаты өтпөй калмак беле? Ушул ой келгенде жүрөгү катуу согуп өрөпкүп кетти. “Кана, чапсаң балтаны азыр чап!” деди көңүлү.
– Жок, экөөбүз гана калбайбыз,- деди чечкиндүү.
– Ал эмне дегениң?
– Сен жалгыз каласың, а мен кетем.
– Келесоо катын го, каякка кетесиң?
– Сен, Кудайга шүгүр, жакшы болуп айыгып калдың. Менимче, өз алдыңча жашап кете аласың.
– Дөөрүбөчү, ушул жашта кайда кетесиң?
– Ушул жашта кайда кетем?.. Туура, мендей өмүрү иштебеген, үй кожойкеси болгон аял кайда бара алат?- деди улутунган Жаркын.
– Сага эмне болгон?
– Көптөн бери ойлонуп жүрөм. Мен ким үчүн жашадым, эмне үчүн жашадым, кандай жашадым? Жашадымбы деги? Сен экөөбүздүн эч бир орток нерсебиз болбоду. Жашообуздун кожоюну сен болдуң, мен жөн гана аткаруучу.
– Соо эмессиң сен...
– Соолуктум, тескерисинче, мен эми жашоого башкача карай баштадым. Балдарым мага жашоону үйрөтүштү. Эч качан тагдырга баш ийип отуруп калбаш керек экенин экөө тең далилдеди. Экөө тең Кудайга шүгүр, өз жолдорун табышты. Канат үйлөнгөнү турат. Оор, татаал жол басышты. А менин жолум кана?
– Жол дегениң эмне? Жол жок, жашоо бар!- деди Жусуп өктөм. Жаркын баш чайкады.
– Кетем, Жусуп, билем, өтө кеч. Жашым 60тан ашып калса да өз жолумду табуу үчүн кетем. Сен да өз тагдырың менен жаша.
Аял ордунан чечкиндүү турду да, колундагы майлыгын ыргытып жиберип, өз бөлмөсүнө кирип кетти. Жусуп оозун ачып кала берди.
ххх
– Апа, эмне болду деги? Каякка кетесиң?
– Айылга кетем. Атаң менен ажырашам. Атамдын үйү каралбай ээн калды, ошол үйгө барып жашайм.
Канат менен Жанат бири-бирин карап ийин куушурушту. Жусуп ачууланып, эки уулун чакырткан эле. Жаркындын карыган чакта ажырашам деп жатканы экөөнө дагы күтүүсүз болду.
– Эгерде мен үчүн болсо, мен анда силер менен жашай берем, апа. Өзүңөр жаш үй-бүлө өзүнчө жашаганы оң дегениңерден...- деди Канат.
– Канат, сен өз жолуң менен кетесиң. Жанат, сен дагы. Экөөң тең өз тагдырыңар менен жашагыла. Эмне үчүн мен каалагандай жашоого уруксат жок? Карып калганым үчүнбү? Өмүрүмдүн, балким, беш күнү калды. Беш күн болсо да өзүм каалагандай жашаганга акым жокпу? Атаңардын түрмөсүнөн чыгып, эркин дем алып жашагым келет, болгону ошол. Чарчадым, жөн гана көлдүн шоокумун угуп, балалыгым калган үйдө, бактылуу учурларды эстеп жашагым келет.
– Эмнеге азыр? Атамдан кетип калса болбойбу деп канча тиледим. Өжөрлөнүп, токмогуна чыдап, бизди кошо чыдатып эмнеге жашадың? Мурда эле кетип калсаң алда канча бактылуу болот белең, апа?- деди Жанат.
– Корктум, колумда эки бала, билимим жок, силерди кошо кыйнайм деп ойлодум. Силерди эл катары жашасын дедим. Эми силер өз жолуңарды таап кеткенден кийин корко турган эч нерсем калбады. Кээ бир адамдар ушундай кечирээк эсине келет, балким. Мүмкүн, так убагында кетип жаткандырмын. Бир билгеним бар, мындан ары атаңар менен жашай албайм!
Канат менен Жанат кайра бири-бирин карап калышты. Канат келип апасын кучактай берди.
– Сен эң туура кылып жатасың, апа. Кеч болсо да ушул чечимге келгениң жакшы болду. Эч нерседен кам санаба, атам да муну кабыл алат. Азыр болбосо да кийин кабыл алат. Сен азаматсың! Мен сага таятамдын үйүн оңдоп берем.
Жаркын уулун кучактап ыйлап жиберди. Көп нерсе айтайын деди, бирок айтылбай турган сөздөр эле...
(Уландысы кийинки санда)