Бийликти күч менен басып алууга чакырык жасагандарга жаза катаалдайт
Кыргызстанда экстремизмди жайылтууга жана бийликти күч менен басып алууга чакырык жасагандарга жазаны катаалдатуу сунушталды.
– Дүйнөнүн бир катар аймактарындагы туруксуз кырдаалга байланыштуу айрым радикалдык топтордун жана экстремисттик идеологияны жайылткан, мамлекеттин жана жарандардын коопсуздугуна коркунуч келтирген, конституциялык түзүлүштүн негиздерине шек жаратууну көздөгөн экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгү жанданганы байкалууда, – деп билдирет Ички иштер министрлиги.
Кылмыш-жаза кодексине төмөнкү толуктоолор киргизилгени жатат:
• Экстремисттик материалдарды даярдаган, ташыган, жеткирген, сактаган, тараткан, экстремисттик уюмдардын символика жана атрибуттарын колдонгон, ЖМК жана интернет желесин пайдалануу аркылуу жайылткандар 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылмакчы (учурда колдонуудагы мыйзамда 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган).
• Ушундай эле иштер адамдардын тобу же чет өлкөлүк жарандардын, чет элдик диний же коомдук уюмдардын каржылоосу менен, кызматтык абалынан пайдалануу менен, коомдук иш-чараларды өткөрүү учурунда жасалса 7 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралат (учурда колдонуудагы мыйзамда 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган).
• Экстремисттик материалдарды сактаганы үчүн мурда тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан жазуу түрүндө эскертүү берилген жарандарды 3 жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталууда (мурда Кылмыш-жаза кодексинде мындай берене жок болчу).
• Экстремисттик ишмердүүлүккө ачык чакыруу, интернет желесин жана ЖМКларды колдонуу аркылуу чакырык жасоого 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралууда (мурда Кылмыш-жаза кодексинде мындай берене жок болчу).
• Бийликти күч менен басып алуу чакырыктары үчүн 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралууда (учурда колдонуудагы мыйзам боюнча 20-50 миң сом айып пул салынат же 3 жылга чейин эркинен ажыратылат).
• Ушундай эле көрүнүш интернет желесин жана ЖМКларды пайдалануу аркылуу, адамдардын тобу тарабынан жасалса 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралат (учурда колдонуудагы мыйзам боюнча 50-100 миң сом айып пул салынат же 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат).
Сунушталган мыйзам долбоору учурда коомдук талкууда турат.
Күрөш федерациясын 26 жыл башкарган Мелис Турганбаев кызматтан кетти
Кыргызстандын Спорттук күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев кызматтан кетти. Отставкага кеткенин Турганбаев 4-сентябрда социалдык желедеги жеке баракчасы аркылуу жарыялап, федерацияны 1998-жылдан бери жетектегенин, өлкөнү эл аралык деңгээлде таанытууга, чемпиондорду чыгарууга салым кошконун белгиледи.
– Кыйын учурда эгемен өлкөбүздүн ар-намысын, күрөш дүйнөсүндөгү кадыр-баркын көтөрүүгө аракет кылдым. Мындан 26 жыл мурун кыргызстандык балбандарды башка өлкөлөр теңине албай келсе, биздин аракеттин натыйжасында Кыргызстандын күрөш федерациясы өстүргөн балбандар Азия жана Дүйнө чемпиондуктарында алтын, күмүш, коло байге утуп, тарых жаратуу менен учурда спорттук бийиктиктердин туу чокусуна жетип, дүйнөдө өзүнчө күрөш мектеби катары таанылды,- деди Турганбаев.
Мелис Турганбаев Кыргызстанда күрөштү өнүктүрүүдө түйшүктүү иштерди жасаганын, жыйынтыгы жаман болбогонун билдирип, жаштарга орун бошотууга кезек келгенин айтат. “Ар нерсенин өз учуру болот, 26 жылдан бери федерациянын жүгүн көтөрүп келгендиктен, жаштарга кезек берүү максатында жол бошотуп, кызматтан кетүүнү чечтим” дейт ал.
Эскерте кетсек, Париж олимпиадасынан кийин Күрөш федерациясына олуттуу сын, дооматтар айтылган.
Депутат Масалиев “Украина менен согушуп жаткан Орусияга жардам берели” дейт
Парламенттин 4-сентябрдагы жыйынында “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев Орусия-Украина согушунда Кыргызстан Орусияга жардам бериши керек деп айтып чыкты. Депутат муну ЖККУ менен байланыштырды.
– Эки жылдан бери Орусия менен Украинанын ортосунда согуштук аракеттер жүрүүдө, ачык айтканда, согуш болууда. Буга чейин бул биздин союздаш Орусиянын ички иши эле. Биз нейтралдуу позицияны карманып турганбыз, негизинен, бул туура эле. Бирок август айынан баштап Орусиянын 15 облусуна бомбалар, ракеталар ташталууда. Менин кооптонгонум – ал жакта биздин 1 миллион жараныбыз иштеп жатат. Экинчиден, биз ЖККУ боюнча Орусия менен союздашпыз. Төрагага Коопсуздук кеңешинин төрагасы катары кайрылам, ушул маселени терең изилдеп туруп керектүү чечимдерге барып, колдошубуз керек,- деди Масалиев.
Айта кетсек, Борбордук Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан дагы 2 жылдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушунда нейтралдуу позицияны карманат. Буга чейин АКШ Кыргызстанды “Орусиянын эл аралык санкцияларды айланып өтүшүнө жардам берүүдө” деп айыптап, бул айыптоону Кыргыз ТИМи четке какканы белгилүү.