Түрлөп самса жасаңыз

Өлкөбүздө эле самсанын түрү көп. Көпчүлүккө жакканы менен, жасаган кишинин атын алып кеткени да бар. Дүйнө боюнча Азия өлкөлөрүнөн сырткары Африка, араб мамлекеттеринде сүйүп желген даам. Толтурмасына көбүнчө эт, пияз, жашылчалар, сыр кошулса, жасмык, горох, күрүч кошуп да жасашат. Кыргыз табитин эске алуу менен төмөндөгү ширелүү самсалардын рецептин сунуштайбыз.

Пармуда – озбек самсасы

Керектелүүчү азыктар:

Камыры үчүн:

Ун – 400 грамм

Каймак май – 150 грамм

Каймак (сметана) –
150 грамм

Жумуртка – 1 даана+1 даана сарысы

Туз – 1 чай кашык

 

Толтурмасы үчүн:

Эт – 400 грамм

Ич май – 50 грамм

Пияз – 3 даана

Паприка – 1 чай кашык

Туз, мурч – татымына жараша 

Даярдоо ыкмасы:

1. Эленген унга тоңдургучтан алынган каймак майды сүргүчтөн өткөрүп кошобуз. Кол менен аралаштырганда ун менен май бириндеп чыгышы керек.

2. Унга бир жумуртканы, мындан сырткары бир жумуртканын сарысын, туз, каймакты кошуп жакшы ийлейбиз. Жумшак камырды целлофанга салып, 1 саат муздаткычка тыныктырабыз.

3. Эт, пияз, майды туурап, татымалдарды кошуп аралаштырабыз.

4. Камырды 0,3 миллиметр жукалыкта жайып, андан 5-6 диаметрлик тегеректерди калып же стакандын жардамы менен кесип алабыз.

5. Тегерек камырдын ортосуна 1 чай кашыктан фарш салып, камырдын четин ортого имергенче чогултуп бекитебиз. Буларды үчтөн узун шпажкаларга сайып, майланган табага салабыз. Бир жумуртканын сарысына бир аш кашык сүт куюп аралаштырып, самсалардын бетине сүйкөйбүз. 180 градуста 25-30 градуста бышат.

Ушул эле самсаларды төрттөн бири-бирине бириктирип бышырсаңыз өзбектердин пармуда самсасы болуп калат.

Уйгур самсасы

Керектелүүчү азыктар:

Ун – 500 грамм

Маргарин – 120+100 грамм

Өсүмдүк майы – 50 миллилитр

Каймак же айран – 50 грамм

Суу – 210 миллилитр

Туз – 1 аш кашык

Толтурмасы үчүн:

Эт – 400 грамм

Куйрук май – 70 грамм

Пияз – 3 даана

Зире – 2-3 чымчым

Мурч – 1 чай кашык

Туз – татымына жараша

 

Даярдоо ыкмасы:

1. Унга тоңдургучтан чыккан 120 грамм маргаринди сүргүчтөн өткөрүп кошобуз. Кол менен бири-бирине бириктиребиз.

2. Буга өсүмдүк майын, каймак, туз, бөлмө температурасындагы сууну кошуп камыр жууруйбуз. Бир саат муздаткычка салып тыныктырабыз.

3. Фаршка керектелүүчү азыктардын баарын майда туурап, татымалдарды кошуп аралаштырабыз.

4. Маргариндин 100 граммын эритип, үстүнө чыккан майын калпып алабыз. Камырды жука жайып, майды сүйкөп, бир аз ун себелеп тыгыз оройбуз. Оромдорду чыйралтканча үлүл сымал ороп, муздаткычка 20-30 мүнөт тыныктыра туруу керек.

5. Камырды алып чыгып, бөлүктөргө кесебиз. Кесилген тарабынан алакан менен басып, сүйрү формада жаябыз. Жайымдардын жарымына фарштан салып, чекелерин чапташтырып, андан соң кайрып-кайрып коёбуз. Майланган табага тизип, электр мешинде 180 градуста 30 мүнөт коюп бышырабыз.

Самбуса – тажик самсасы

Керектелүүчү азыктар:

Ун – 400 грамм

Өсүмдүк майы – 50 миллилитр

Туз – 1 чай кашык

Суу – 150 миллилитр

Толтурмасы үчүн:

Сууда бышкан күрүч – 80 грамм

Тоок эти – 300 грамм

Сабиз – 1 даана

Пияз – 1 баш

Кара, кызыл мурч, туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Унга туз кошуп суу менен өсүмдүк майынан аз-аздан кошуп камыр жууруйбуз. Целлофанга салып жарым саатка тыныктырабыз.

2. Тоок этин, пияз, сабизди майда туурайбыз да, татымалдарды кошуп аралаштырабыз.

3. Көмөч казанга бир аз өсүмдүк майын куюп, ысыган кезде фаршты салып 3-4 мүнөт кууруйбуз. 2-3 кашык суу куюп, ал бууланып кеткенче аралаштырып отто кармай турабыз. Оттон чыгарып, бир аз муздаганда бышкан күрүчтү кошуп аралаштырабыз. Толтурмасы даяр.

4. Камырды 20-25 граммдык бир нече бөлүккө бөлүп тегерек жаябыз. Ортосуна толтурмадан салып, үч бурч формасында самсыларды түйөбүз. 180-200 градуста 20-25 мүнөттө бышат.

Асел Ишенбай кызы 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1135, 5-11-сентябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан