Cема, ырчы: «Ырдабай калганыма 10 жыл болсо да эл унутпаптыр»

Убагында “90-60-90” деген ыр кандай хит болгону эсиңизде бардыр, окурман?.. Ошол ырдын, өз мезгилинин башка да хит ырларынын аткаруучусу Сема мырза учурда 44 жашта. Чыгармачылыктан алыстаганына көп жыл болуп калды. Учурда эмне иштер менен алек? Ырчылыгын сагынабы? 

Кыска-нуска:

– Жашоодогу девизиңиз?

– Жакшылыкты эселеп кайтаруу.

– Эмнеден ырахат аласыз?

– Бирөөгө жардам бергенден.

– Кемчилигиңиз?

– Энергиям көп, бирок бир аз жалкоомун.

– Жаш көрүнүүңүздүн сыры эмнеде?

– Туура тамактанып, спорт менен машыгып, туура ой жүгүртүүдө.

– Кандай адамдардан коркосуз?

– Негативдүү, пессимист адамдардан өзүмдү оолак кармайм. Жугуп калат деп корком (күлүп).

– Кандайсыз, байке? Куш келипсиз! Көп жылдан бери сахнада эмессиз, чыгармачылыкка кайтпайт өңдөнөсүз?

– Жакшы, кеңсеңер сонун экен. Ооба, ырдабай калганыма 10 жылдан ашты. 2010-жылдары жеңил өнөр жай тармагында ишкердик баштаган элем, ошол ишке баш-отум менен кирип кеттим. Ар учурдун өзүнүн таттуу көз ирмеми болот эмеспи. Мен үчүн ырчылык жашоого туура багыт берген “трамплин” болгон экен. Ырдап жүргөн күндөрүмдү сыймыктануу, кубануу менен эскерем. Бизнесте жүрсөң деле чыгармачылык өзүнүкүн оңою менен коё бербейт, кээде зериккенде ырдап коймоюм дагы деле бар. Жаңы 2-3 ыр жаздырып койгом, бирок өзүмө анча жакпаганы үчүн жарыкка чыкпай жүрөт. Үстүнөн дагы иштеш керек болуп жатат.

– Негизи чыгармачылыкты таштоого эмне себеп болду?

– Кесибим – юрист. Бирок ырчылыкка кызыгып баштаганда “музыкалык билим керек экен” деп 5 жыл музыкалык мектепте, 4 жыл музыкалык училищеде окудум. Консерваторияга да тапшырып, бирок бүтпөй калгам. Ишкердикке кетүүмдүн себеби – үй-бүлөмдү тыңыраак багуу, каржылык эркиндикке жетүү болчу. Досторум чалып “Эй, Сема, кел эртең Анталиядан жолугабыз” десе бара ала турган мүмкүнчүлүккө жетким келчү. Биздин кезде чыгармачылыкта жүргөн адамдар анчалык бай эмес болчу да. Эсимде, бир жолу, анда “Гималай” деген кафеде музыкант болуп иштечүбүз, менден башка дагы популярдуу ырчы балдар бар эле. Бир бай кардар кызуу болуп алып “300 долларга “любой” ырчыны бул жерге тизип коём” деген да. Ошондо уксам да укмаксанга салып, ичимден аябай жаман болгом. Ал кезде 300 доллар биз үчүн чоң акча эле. Ичимден “сен кылган бизнести мен деле жасай алсам керек, бирок сен эч качан ырчы боло албайсың” дегем. Андан кийин достор чакырып сыйлап, коноктоп “бизнеске эле кетпейсиңби” деп сунуштап жүрүштү. Ошондон кийин биротоло кеттим окшойт.

– Эңсеген каржылык эркиндикке жеттиңизби анан? Чыгармачылыкты сагынасызбы?

– Эми укмуш бизнесмен эмесмин, өзүмө, үй-бүлөмө жетерлик каражат табабыз. Чыгармачылыкты таштаганыма өкүнбөйм. Ооба, анын артынан эл таанып, эл арасында кадыр-баркка ээ болдук. Кызыгы – ырдабай калганыма, микрофон кармай элегиме 10 жылдан ашты, бирок дагы деле эл тааныйт, унута электигине таң калам. Биз да өз мезгилибиздин хит ырчысы болдук да. Мен продюсери жок жалгыз чыгып, көп бут тосууларга дуушар болдум. Ошентишсе деле менде бирөөгө таарынуу сезими болбоптур, сүйгөн ишимди жасаганды токтоткон жокмун. Ал кезде продюсери бар ырчыга бардык жерде жашыл жарык күйүп турчу. Азыркыдай Ютуб, Инстаграм дегендер кыял гана болчу. “90-60-90” ырымды алгач радиого алып барганымда “ушундай да ыр болобу?” деп жактырбай коюшкан. “2 күн коюп көргүлөчү, жакпаса өчүрүп саласыңар” деп таштап кеткем. Ыр эфирден кеткен 3 саатта эле мага башка радиолордон чалышып “ырыңды бизге алып кел” деп эле дуулдап калышты. Баягы биринчи барган радиого барып сурасам бербей “биз 10 күн берели, анан башкаларга бер” деп болбой койсо болобу. Аны беркилерге айтсам алар таарынып, айтор, “90-60-90” ырым аябай талашка түшкөн. Кичүү балам ошол ырымды угуп “ата, силердин заманыңарда деле рэп айтчу беле? Сиз өз мезгилиңиздин Улукманапосу болгон турбайсызбы” десе сүйүнүп калам.

– Чыгармачылык менен бизнестин окшош жактары барбы?

– Бар, албетте. Изденип, мээнет кылып, сапаттуу иштесең эки тармакта тең ийгиликке жетесиң. Чыгармачылыкта ички дүйнөңдү байытасың, материалдык баалуулуктар экинчи орунга түшүп калат. Ал эми бизнесте эң маанилүүсү – акчаны туура сарптоо, үнөмдөө. Бизнесте креативдүү болсоң бул сен үчүн чоң артыкчылык. Бизнес – бул тобокелчиликке баруу, масштабдуу ойлонуу, мисалы, майда-чүйдө тыйын үчүн битирленип, өзүнөн акча аяганды мен бизнесмен деп эсептебейм.

– Учурда 44 жаштасыз, ушул куракта сизди эмне бактылуу кылат? Дегеле эркек кишинин бактылуулугу көбүрөөк эмнеден көз каранды экен?

– Адам 44кө чыгабы, 74кө чыгабы, өз жашын сезбейт, чынында. Мен азыр 44тө болгонум менен, жан дүйнөмдө өзүмдү 28 жаштагыдай сезишим мүмкүн. Мисалы, Европада 50 жаш орто жаш, Японияда 45 жаштагылар жаштар категориясына кирет. Жаш курак адамдын мээсинде, ой жүгүртүүсүндө деп ойлойм. Бул куракта эркекти эмне бактылуу кылат? Чоңоюп калган балдарың, үй-бүлөлүк отуруштар, бир туугандар менен тыгыз катыш, кайсы бир деңгээлде жеткен ийгилигиң бактылуу кылат. Жеке мен көп убактымды үй-бүлөм, алар менен чогуу саякаттап, бир туугандар менен өткөрөт экенмин. Үйдө балдар сабактан келсе чогуу тамак жейли деп кээде балдарды күтүп калабыз. Өзүм жалгыз тамактана албайм, жок дегенде жанымда жубайым болушу керек. Үй-бүлөлүк жайлуу атмосфера, мына, ушул бакыт мен үчүн.

– Жакшы экен. Балдарыңыз эмнеге шыктуу?

– 3 балам бар, байкасам, үчөөндө тең чыгармачылык шык бар экен. Бир жылы той өткөргөнүбүздө кызым Аяна мени менен чогуу дуэт аткарган, уулум өзүнүн кыска метраждуу фильмин тарткан, кичүү балам бийге кызыгат. Кызым 19да, ортончу балам 11-класста окуп жатат, футболго кызыгат, кичүү балам 6-класста окуп жатат. Кичүү уулум аябай сөзмөр, адамдар менен бат тил табышат. Сизди 15 мүнөттө көңүлүңүздү таап, эже кылып алат, 20 мүнөттө шоколад алдырып коюшу мүмкүн (күлүп).

– Эмнелерди кыялданасыз?

– Бизнесте жүргөндө көбү ач көз болуп калат экен. Бирок мен толугу менен напсимди көзөмөлдөгөнгө үйрөндүм. Бирөө жардам сураса накталай акчамды кармата салып, өзүм акчасыз калган күндөр болот. Берешенмин, бирок андан кедей болуп калбайм, кайра эле акча келе берет. Кыялым – бизнесимди мындан да өркүндөтүп, өстүрүү. Каалаганда АКШга, каалаганда Австралияга кетип калуу. Балдарымды жакшы окуу жайларда окутуп келечегин түптөсөм дейм.

– Жубайыңыздын сизге жакпаган сапаты барбы?

– Байкуш аялым өмүр бою эле мени колдоп келе жатат. Эмне баштабайын колдойт. Эркектин бактысы – бул аялынын дайыма жанында колдоп туруусу го. Мен өзүмө кийим албайм, аялым дүкөн кыдырып эле сонун кийимдерди таап алат. Менин өлчөмүмдү да билет, анын алып келген кийимдери сонун жарашып, чак келип калат. Тамакка болгон табитимди билет, үйдөгү ыңгайлуулукту, баарын мага жаккандай уюштурат. Жубайыма ыраазы болгондон башка эч нерсе айта албайм, кемчилиги көзүмө көрүнбөйт. Баса, шопоголик аябай, ошону кемчилиги деп жазып койбойсуңбу (күлүп). Дүкөн кыдырганда чыдабай кетем да жөн элечи.

 

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1135, 5-11-сентябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан