Уланбек Султангазиев, актёр: «Үйлөнүп, балалуу болгум келет»

Белгилүү актёр, көп кинолордо терс каармандын ролун аткарган Уланбек Султангазиев менен пикир алыштык. Маектешим жашоодо материалдык байлыкка кызыкпай турганын, өзү каалаган роль туш келсе, актёрлукка сүңгүп кирип образ жаратууну кыялданарын айтат.

– Уланбек мырза, куш келипсиз. Жакында сизди “Таш” деген тасмадан жаңы образда көрдүк, ушул жаңылыктан баштасак маекти.

– Ал “Таш” тасмасы мындан 2 жарым жыл мурун тартылган. Автордук тасма болгон үчүн дүйнөлүк фестивалдарда катышып жүрдү, 8дей сыйлык алды окшойт. Андан кийин “Байланыш” деген тасмага тартылгам, ал дагы автордук фильм. Учурда фестивалдарга катышып, сыйлыктарды алып жатат. Жакында Түркияда өткөн фестивалда “Мыкты режиссёр” менен “Мыкты актёр” наамын алды. Жакшы тартылган тасмаларымдан азырынча ушул экөө. Ортодо тыныгуу алып калбадымбы. 10 жылдай оору-сыркоо менен алышып, анан иштеш керек болуп, сүрөтчүлүк менен да алектенип калдым. Көп эле сунуштар түшүп турат, ошентсе да тасмадан өзүмдүн купулума толгон ролдор тийбей жатат.

– Мындан 4 жыл мурунку маегиңизде да ушинтип айткан экенсиз?..

– Ооба, терең, психологиялык оор роль болсо, бир жарылып алсам эч ким токтото албайт эле. Өзүңдү изденгенге, башка жагынан ачканга жакшы. Кээде тасмаларды карап, “ии, ушул ролду мен ойносом болмок, неге мага мындай ролдор тийбей калат?” деп калам. Көбүнчө эмне үчүн терс каармандарды тандап алам? Себеби ойной турган оюн бар, жинденесиң, кыйкырасың, сага баарына уруксат, каалаганыңды кыласың. Оң каарман болсоң, сага чек коюп коёт, жылмайып эле турушуң керек.

– Жашоодо терс сапаттарыңыз көппү же оңбу?

– Мени көчөдөн таанып, сүйлөшө кеткендер башка эле адамды көргөндөй болушат. Кинодогу терс образдан улам жаман көрүп калышат окшойт, “сиз жашоодо такыр башкача адам турбайсызбы, жароокер, боорукер” дешет.

– “Таштын” режиссёру атайын сизге ылайыктап сценарий жаздым деди...

– Ооба, ошентип айткан. Чет өлкөдө сценарий жазылып жатканда эле сценаристтер, режиссёрлор бир актёрду тандап, сценарийди ошол актёрдун кыял-жоругуна ылайыктап жазышат. “Таш” тасмасынын режиссёру да “сени эле ылайык көргөм, башка актёрлорду көрө алган эмесмин” деди. Ал эженин бул биринчи тасмасы, биринчи тасмасын ушундай деңгээлде тартканы чоң жетишкендик.

– Жаңы тартылган кыргыз тасмаларын көрүп турасызбы?

– Ооба, актёрлор деле спортчу залда машыккан сыяктуу машыгып турушат. Жаңы кинолорду көрүп, жакшы жактарын алып, моралдык жактан машыгып турам.

– Акыркы тасмалардын ичинен өзгөчөлүк бар деп кайсыны айта аласыз?

– Азыр көбү коммерциялык багытта тартылып калбадыбы. Акыркылардан Руслан Акундун “Бейиш эненин таманында” тасмасы тереңирээк, азыркы учурда керек болгон маселелер, ойго салган тематикада болгон үчүн жакты. Негизи эле Руслан Акундун тасмалары жакшы чыгып жатат.

– Азыр актёр катары маек берип жатасызбы же Улан катарыбы?

– Мен өзү аябай түнтмүн. Досторумдун арасында да, чыгармачыл кесиптештердин арасында деле көп сүйлөбөйм. Жооп бергенде да ойго термелип, бир аз “пауза” кармап анан жооп берем. Көчөгө чыкканда шайыр, үйдө жалгыз калганда эле тынч, түнт адам болуп калам. Менин жашоого болгон ырахатым көчөдөгү эл.

– Үйдө жалгыз жашайсызбы?

– Ооба.

– Үйлөнө элексиз?

– Жок, үйлөнө элекмин. Чоң эне, чоң атанын колунда чоңойгон үчүн кичинемден жалгыз өстүм. Сүйлөшкөн кызым болгон, ал кыз ооруп каза болуп калганын мурдагы интервьюларда да айткан элем. Ошондон кийин мен үчүн оор болду, көп жыл депрессияда жүрдүм. Башка кыз менен мамиле куруу деген ой келбей койду. Же сүйүүгө бекемминби. Чыныгы сүйүүгө баары бир жетпей калат турбайсыңбы. Учурда деле сүйлөшкөн кызым жок. Же мага тагдырлаш адам жаралбай калганбы. Кээ бир адамдар жалгыз өтүп калат экен да, же мен ошолордун катарындамынбы...

– Экинчи жолу мамиле куруп көргөн жоксузбу?

– "Жалгыздык Жаратканга гана таандык" дешет эмеспи. Адамдан тукум калыш керек деген ой келгенде үйлөнгүм келет, жакшы адам, жакшы кыз болсо кайрадан сүйүү жанданып кетет беле, балким. Эми Кудайдын жазганы бардыр, убакыт-сааты келер. Адамдар үйлөнүүнү базарга барып көрктүү тулпар сатып ала тургандай эле айта беришет экен да. Нике кайып деген бар. Атайын кылбайт экенсиң, менин да үйлөнүп, балалуу болгум келет. Баласаакмын, балдарды жакшы көрөм. Каерде жүрсөм да айланама кичинекей балдар чогулуп калат. Аракет кылып жатам, бирок жолуга элек. Нике кайып бирөө жолукса дароо эле башкача сезим болот го...

– Бала кезде кандай элеңиз?

– Бала кезде шайыр эле бала болчумун. Табиятты, жаратылышты жакшы көрчүмүн. Ошолор менен башка дүйнөгө кирип кетчүмүн. Баладай болуп оюнчукту көп ойнободум.

– Чоң ата, чоң эненин колунда чоңоюпсуз. Бир туугандарыңыз барбы?

– Ооба, үч кыз бар. Алар өз турмушунда. Чоң ата, чоң эненин колунда өскөн бала өз ата-энесине жакын эмес болуп калат экен. Албетте, карым-катнаш болот, ата-энеңдей эле, бирок өтө жакын эмес, бир аз өгөйүрөөктөй болуп калат экенсиң. Муну баары эле билет, түшүнөт. Кээде ата-энеңе сырларыңды айтып, кеңешкиң келет. Атам тирүү болсо, аны менен деле кеңешип алат элем да, же агам же иним болсочу. Өз апама айта албайм. Баккан ата-энеме айта алчумун сырларымды. Алар дүйнөдөн өткөндөн кийин кыйын болду.

– Өз ата-энеңизге таарынычыңыз барбы?

– Таарынычым деле жок, мээрим жетпей калды деп деле айтпайм. Мээримди чоң ата, чоң энем ашыгы менен берди. Ошентсе да кээде отуруп алып ата-энем менен сырдашкым келет, ушундай сезимдер жетпейт баары бир.

– Сүйлөшө албайсызбы азыр апаңыз менен?

– Мындай, тиричиликти эле сүйлөшөбүз.

– Жашооңуз кызыктуубу?

– Мага кызыктын деле кереги жок бул жашоодо. Дүнүйөгө кызыкпайм. Кичинемде деле кыйратып акча таап, минтем-тигинтем деген ой болбоптур менде. Үйлөнсөм аялымдын каалоосуна, көксөгөнүнө карап эле дүнүйөгө аракет кылбасам, мага керек эмес. Мен үчүн башкаларга кымындай эле жакшылык кылсам, жок дегенде бирөөнүн баштыгын көтөрүшүп койсом, ошол пайда.

– Жашоодогу максатыңыз?

– Муну кыял десе болот го, же жөн эле ойбу. Азыр жашоо турмуштун негизи соцтармак, интернет болуп калбадыбы. Мен популярдуу болбогонго катталуучуларым аз эле. Азыр ошо популярдуу болуп, катталуучуларымдын санын көбөйтүп алсам, кайрымдуулук жаатында иш алып барайын деп жатам.

– Актёрлукта сиз кыялданган чек?

– Ошо мен каалаган роль тийбей жатат деп жатпаймынбы. Ошондой роль жаратсам, ал ролдон кийин башка ролдорду да жакшы ойноп, ого бетер күчтөнөм. “Манас” айтып жатканда транска кирип кетишет го, актёрлукта да ошондой ролго кирүү – менин кыялым.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1135, 5-11-сентябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан