Аллергиянын түрү көп, алардан жабыр тарткан адамдардын саны да аз эмес. Төмөнкү материалда чаңдан жаралчу аллергия тууралуу маалымат берели дедик. Мындай аллергияны көзгө көрүнбөгөн абдан кичинекей кенелер жаратат. Андай кенелердин жашоосу, кантип аллергия жаратары, аллергиядан арылуу жолдору боюнча сөз кылалы.
Адам 1 күндө 6 миллион чаң бөлүкчөсүн жутат
Адегенде үй чаңы тууралуу маалымат берели.
2 аптада терезелери бекем жабылган үйдүн ар бир чарчы сантиметринде орточо 12 миң чаң бөлүкчөсү топтолуп калат. Үй чаңы матрац, жаздык, жумшак эмерек жана оюнчук, килем, парда, китеп, кутулардын эскирип, бузулуп баштаганынан жаралат. Буларга үй эмеректеринен бөлүнүп чыккан клейдин жыты, тамекинин түтүнү, ашканадагы бактериялар, адам уктаганда шейшеп, кийимдерге сүрүлүп түлөп түшкөн терилери, сырттагы аба менен кирген чаңдар, үйдөгү гүлдөрдүн чаңдары да кошулат. Антсе да үй чаңынын негизги бөлүгүн чаң кенелери жана алар бөлүп чыгарган заттар түзөт. Изилдөөлөргө таянсак, адам күн сайын 12 миң литр аба жутат. Ага кошо 6 миллиардга жакын майда чаңдар жутулат, мунун көлөмү орточо 2,5 кашык чыгат. 6 миллиарддын 2 миллиардга жакынын адам үйүндө жутат.
Таанып алыңыз – чаң кенеси
Чаң кенелери үйдө адам менен бирге жашайт. Башкача айтканда, жашоо образы адам менен тыгыз байланышта болгон синантроптук микроорганизм. Илимде алардын 150гө жакын түрү белгилүү. Өлчөмү 0,1-0,3 миллиметрге чейин жетет, 65-80 күнгө чейин жашайт. Ургаачысы бир жолкусунда эле 60га жакын жумуртка таштайт. Булардын жашоосуна ыңгайлуу жер деп бөлмөдөгү абанын температурасы 18-25 болгон жылуу үйлөр эсептелет. Нымдуулукту да жакшы көрүшөт. Адамдын түлөп түшкөн терисин, жаралардын бетинен түшкөн карттарды, тамандагы чордон үзүлүп түшкөн тери катмарларын жеп жан сакташат. Башкача айтканда, кенелер адамдын терисинин өлгөн клеткалары менен азыктанышат. 1 адамдан 1 күндө 1,5 граммдай өлүү клетка түшөт. Аталган “азыктар” адам уктаган кезде төшөккө сүрүлүүдөн көбүрөөк түшөт.
“Үйү” – төшөк, килем, бут кийимдер
Чаң кенелери жумшак эмерек, матрац, төшөнчү, шейшеп, жүк жапкыч, килем, палас, жаздык, үй тапочкасы жана башка жерлерде жашашат. Тоок, өрдөк, ак куулардын жүнүнөн жасалган жаздыктардын 1 граммында 2 миңден 15 миңге чейин кене кездешет. Кенелер 1 суткада орточо 20 ирет заңдашат, заңынын курамында энзим (белок, ферменттер) жана P1 антигени бар. Энзимдер адамдын терисинин бузулушуна шарт түзөт, тери бузулганда түлөйт, демек, кенелерге азык даяр. Энзим, антигендер аба менен кошо организмге киргенде айрым адамдарда чаң аллергиясын, ал эми организми абдан сезимталдарда аллергия, бронхиалдык астма, атопиялык дерматит, аллергиялык ринит жана конъюктивитти жаратат. Үйдү шыпырганда, жаздык, шейшептерди ташыганда, силккенде жана башка учурда кенелердин заңдары абага аралашып турат.
“Тамак-ашты булгабайт, оору ташыбайт”
Чаң кенеси жараткан бронхиалдык астма жаз жана күз мезгилинде күчөйт. Аталган илдеттен жабыркаган балдардын 70 пайызынын оорусун кене аллергиясы козгогон болот дешет адистер. Шаарда өскөн балдарга караганда айылда чоңойгон балдарда кенеден жаралган аллергия аз кездешет. Муну окумуштуулар айылдагылар кичинесинен жаныбарларга жана алардын жем, чөбүнө аралашып өскөндүктөн организмдери алардын аллергендерине көнүп калгандан улам деп түшүндүрүшөт. Чаң кенелеринин аллергия жараткандан башка олуттуу зыяны деле жок. Тамак-ашты булгабайт, чычкан, келемиш, чымын жана тараканга окшоп инфекциялык ооруларды ташып жүрбөйт. Башка нерселерден аллергиясы барлар чаң аллергиясына да кабылып калышы мүмкүн. Мисалы, поллиноз (жазгы аллергия), грибок, цитрустардан же жыл бою кармоочу аллергиясы барлар.
Аллергиядан кутулуш үчүн аллергендер жардамга келет
Дарттын белгилери төмөнкүлөр:
• Мурундун бүтүшү жана
мурундан суунун агышы
• Чүчкүрүү, жөтөлүү
• Дененин кычышуусу
• Демигүү
Аллергиядан кутулуу үчүн аллергологго барып текшерилүү зарыл. Врач бейтаптан оорусу тууралуу сурагандан тышкары, тери тестен (прик-тест) өткөрүшү мүмкүн. Ал үчүн теринин үстүн чийгендей кылып ичке тилип, ал жерге аллергендердин түрүн тамызып көрөт. Муну менен кайсы аллергенден реакция бар экендиги аныкталат. Аллергия күчөп турган кезде врач оорунун белгилерине карап антигистаминдик, кычыштырууну басуучу, демигүүнү кетирүүчү дарыларды ичүүнү сунуштайт. Ошентип аллергия убактылуу басаңдатылат. Анан оорунун белгилери билинбей калганда дарылоо башталат. Дарылоо аллерген-спецификалык иммунотерапия (АСИТ) деп аталат жана ичине иньекция, таблетка, спрейлерди камтыйт. Аллергияны кайсы аллерген чакырган болсо, организмге ошол аллергендин дозасын акырындап көбөйтүп киргизип отуруп, ага көндүрүү керектелет. Мындай терапия 3 жылга чейин созулат, диета сунушталат. АСИТ ооруну жеңилдетет. Ачуу тамак-аш, цитрус жана өңү кызыл, сары, кызгылт-сары жемиштер, жаңгак түрлөрүн, бал, козу карын, балык жегенге болбойт. Витаминдерди, чөп дарыларды, БАДдарды ичүүгө тыюу салынат. АСИТ менен толук аягына чейин дарыланса айрым адамдарда аллергия 15, 20 жылга чейин жоголушу мүмкүн.
Эгер жарым-жартылай дарыланып таштап коюп, кийин кайра дарыланам десе дарылоонун таасири азыраак болот жана 3 жылдай эле созулат.
Кантип күрөшүү керек
• Чаң кенелерин үйдөн биротоло жок кылуу мүмкүн эмес. Бирок санын азайтууга болот. 1 грамм үй чаңында кенелердин саны 100дөй болсо, адамга коопсуз деп саналат. Бул үчүн дарыланып баштагандан тартып үйдөн эски буюмдарды, анын ичинде чаң чогултуучу түктүү килем, жумшак эмерек жана оюнчуктарды, тоок, өрдөк жана ак куунун жүнүнөн жасалган жаздыктарды, жүн, пахта төшөнчүлөрдү жок кылуу керек. Алардын ордун синтетикаларга алмаштыруу кажет. Чаң жерлерден качуу керек болот. Кыскасы, чаң кенелери менен мүмкүн болушунча байланышты үзүү талап кылынат.
• Шейшептерди, матрац тыштарды апта сайын жуу
• Ич кийимдерди бат-баттан жуу
• Матрацтарды ар бир 3-6 жылда, жаздыктарды 3 жылда жаңысына алмаштыруу
• Аптасына 2-3 жолу ным чүпүрөк менен чаңдарды, полду, эмеректерди сүртүү. Ным чүпүрөк чаңдын сапырылып абага кошулуусунун алдын алат
• Түгү кыска синтетикалык паластарды колдонуу
• Жумшак оючуктардын саны үйдө өтө аз болушун көзөмөлдөө
• Китептерди жабык шкаф ичинде сактап, чаңын сүртүп туруу
Материалды даярдоого салым кошкон врач- аллерголог Жыпара Кыдыровага ыраазычылык билдиребиз.
Канымжан Усупбекова