– Саламатсыздарбы? Аким мырза, алгач сүйүктүүңүздү биздин окурмандарга тааныштыра кетсеңиз.
Аким Карасаев: – Саламатсыздарбы? Сүйүктүүмдүн аты Рамина, 24 жашта. Жылдыз белгиси букачар, башка эмне айтышты билбейм ал жөнүндө (күлүп).
– Бир тасманын бет ачарында кыз жигитинин "колун сураган" видео талкуу жаратты. Ушул тууралуу сөз кылсак.
А.К.: – Кана, сен айтчы.
Рамина Исмаилова: – Менби (күлүп)? Сени таң калтыргым келди (күлүп). Анан ушундай кылдым.
А.К.: – Жөн эле таң калтыргың келдиби?
Р.И.: – Негизи сага турмушка чыкканы жатам, а сен кандай ойдосуң билбейм (күлүп).
А.К.: – Негизи башында биз ата-энелерибизди тааныштырганбыз.
Р.И.: – Ооба, мага ошондо ушул идея келген. Алгач бул оюмду маркетингдеги кыздарга, анан фильмдин продюсери Аселге айттым. Жазында, апрель айы болчу. Ошентип тасманын бет ачары болор кезде сүйлөшүп, кайсы жерде кандай жасаарымды сүйлөштүк, гүл алдым. Болгон чечкиндүүлүгүмдү топтодум да, сен жасай албаганды жасадым (күлүп). Тамаша. Бул апрель айынан бери тарткан киносунан башка эч нерсени көрбөй, байкабай деле калган.
А.К.: – Мейли эми... Ушундай болду, мен тасма тартуу иштери башталгандан бери толук киного сүңгүп кирип кеткем. Мындай нерсе болорун такыр күткөн эмесмин (күлүп). Мен үчүн жагымдуу сюрприз болду.
– Кыз жигитке сунуш киргизген учур чанда кездешет. Элдин талкуусунда калгандан коркподуңузбу?
Р.И.: – Буга чейин мындай кадам кылган кыздарды көрө элек болчумун. Бул мен үчүн абдан жаман деле нерсе эмес. Жөн гана эмоциямды көрсөткүм келди, ушундай кылдым. Аялбы, эркекпи, өзүнүн сезимдерин билдирүү үчүн каалаган кадамын жасаса болот.
– Рамина, кайсы жакта өскөнсүз?
Р.И.: – Мен Бишкекте төрөлгөм. 13 жашка чейин ушул жакта жашадык, анан Москвага көчүп кетип, ал жактан мектепти бүтүрдүм, окууга тапшырдым, турмушка чыктым. 2022-жылы кайра Кыргызстанга келдим. Азыр сатуу тармагында иштейм.
– Экөөңүздөр качан, кантип таанышкансыздар? Качантан бери кыз-жигитсиздер?
Р.И.: – Биз кайгылуу учурда таанышканбыз, 2013-жылы менин агам каза болгон күнү. Аким агамдын жакын досу болчу. Кийин бул Орусияга КВНге барып жүрдү, апам экөөбүз Акимдин КВНдеги оюнун көргөнү барчубуз. “Камеди баттлга” да барып жүрдү. Анда мен 14 жашта элем, “Камеди Баттлга” барган балдар менен чогуу сейилдечүбүз. Ошондо сүйлөшүп калчубуз, бирок ал учурда мамиле “агамдын достору” деген серияда болчу. Ортодо байланышпай калдык. 1-2 жыл мурун агамдын эски досторун эстеп, социалдык тармактан издедим. Анан Акимди таап, анын баракчасына катталдым, ал да мага катталды. Анан стористериме жооп берип баштады (күлүп). Ошентип кайра сүйлөшүп, жолуктук. Анан Аким артымдан чуркай баштады (күлүп). Анын жанында жүрүү кызыктуу, жагымдуу болду. Бат-баттан жазышып, сүйлөшүп калдык. Сыягы, кыштан бери го.
– Бири-бириңиздердеги кайсы сапатты көбүрөөк жактырдыңар?
Р.И.: – Тамашакөйлүгүн, анан боорукердигин.
А.К.: – Колдоосун, сүйүүсүн, тамашакөйлүгүн. Таенем каза болгондо жанымда болду.
– Аким, Раминанын агасы, сиздин досуңуз тууралуу айтып берсеңиз.
А.К.: – Аты Ислам болчу, биз аны менен 2012-жылдан бери жакшы тааныш, жакын санаалаш болуп калган элек. Ошол учурда шаардагы эң мыкты КВНчи, МС (Master of Ceremony) болчу.
Р.И.: – Мен дагы айтсам болобу? Агам менин эң жакын адамым болчу, мен үчүн үлгү эле. Мен 13 жашка чыкканда каза болуп калды. Бул өтө оор жоготуу болду. Анын каза болгонуна 11 жыл болсо да, азыр деле өмүрүмдүн маанилүү бөлүгү.
– Аким, чыгармачылыкта кандай жаңылыктарыңыз бар? Тасмадан дебют жасап жатыпсыз...
А.К.: – Чыгармачылыкта өзгөчө деле жаңылык жок. Азыр баш-отум менен киного кирип, бул тармакты үйрөнүп жүрөм. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинде режиссёрлукта сырттан окуп жатам. 3-курсмун. Киного 2020-жылы, пандемия учурунда аралашып калдым, продюсер, сценарист Василий Куценко “Гранд” деген сериалга сценарий жаз деп калды. Мындайча айтканда, менин кино тармагындагы жолума жардам берди. Ошентип киного кызыгып кеттим.
– Жаңы тарткан тасмаңыз "Эркекче, аялча" деп аталат экен. Эмне себептен бул теманы тандап алдыңыз?
А.К.: – Тасмада жаш жигит аялзатына өтө талапчыл болот, сыйлабайт, баалабайт. Анан бир күнү эртең менен ойгонсо эле дүйнөдө матриархат болуп калат. Кыскача айтканда, башкы каарман учурдагы аялдардын көйгөйлөрүнө тушугат. Эмне үчүн бул тематиканы тандадым?.. Көрүүчүлөргө коомдогу аялдар менен эркектердин ортосундагы мамиледеги көйгөйлөрдү, бири-бирине сый менен, түшүнүү менен мамиле кылуу керектигин жеткиргим келди.
– Аким, мурун да кызы бар аялга үйлөнгөнүңүздү, аны өзүңүздүн кызыңыздай кабыл алып, азыркыга чейин ата-кыз катары катышарыңызды башка интервьюда айтыпсыз. Бул сиздин жалгыз бой аялдын колунда чоңойгонуңуздун таасириби?
А.К.: – Сен жооп берчи.
Р.И.: – Биздин чөйрөдө аял, эркек, баласы бар деп бөлбөйт, адам катары сый мамиле кылышат. Бул биринчи кезекте адамдарга карата сый-урмат мамиледен улам болсо керек. Жүрөгүңө жакын адам экенин сездиң, адам катары жактырдың дегендей. Менимче, бул жерде атасыз өскөндүн таасири жок го. Негизи баласы бар аялды эркек эмес, баласы бар аялдар эркектерди кабыл алат. Мисалы, сен биздин жашообузда пайда болдуң, мен сени биздин үй-бүлөбүзгө киргиздим. Анткени менин үй-бүлөм сага чейин балдарым менен түзүлгөн. Менин эне болгонума 5 жыл болду, демек, үй-бүлө куруп келатканыма 5 жыл болду да. Анан сен пайда болдуң, акыркы айларда гана мен сени жүз пайыз кабыл алдым.
А.К.: – Эгер мен жооп берсем, ошол убакта чын эле апамдын мени жалгыз чоңойтконунун таасири болгон.
Р.И.: – Бала кездеги жарааттарыңды айыктыргың келчү беле?
А.К.: – Ошондой болсо керек. Анткени апамдын жалгыз кантип кыйналганын көрүп чоңойдум да, атамдын катасын кайталагым келчү эмес. Биринчи жубайым менен үйлөнүп жатканда ажырашпайм деп ойлогом, бирок ажыраштык. Ошентсе да мен аталыктан баш тарткан жокмун, азыр дагы өзүмдүн кызымдай каралашып турам.
– Рамина, Акимди мурунку жубайынан кызганбайсызбы?
Р.И.: – Жок, биз аны менен достошуп калганбыз. Кызгангандан эч кандай пайда жок.
– Ортодо таарыныч болгондо ким биринчи кечирим сурайт?
Р.И.: – Сүйлөшүп чечишебиз. Негизи эле кандайдыр бир пикир келишпестик жаралса, тынч отуруп сүйлөшкөн жакшы.
А.К.: – Негизи көп учурда мен биринчи кечирим сурайм. Мен өтө эмоционалдуумун.
Р.И.: – Ооба, бул эмоционалдуу болгон үчүн болуш керек. Болбогон нерсени көбүртүп эмоция менен кабыл алып алат. Бул эми биринчи эркек кечирим сураш керек, аял күтөт деген баналдуу түшүнүккө байланыштуу эмес. Мен көбүрөөк реалистмин, а Аким асманга учуп кетет (күлүп).
– Алдыдагы пландарыңыздар кандай?
А.К.: – Кандай пландарыбыз бар?
Р.И.: – Бир жылдан кийин баш кошобуз.
А.К.: – Үлпөт тойдун чыгымдарын ким төлөйт? Сен мага үйлөнүү сунушун киргизбедиңби (күлүп).
Р.И.: – “Эркекче, аялча” тасмасын келип көрүңүздөр, үлпөт тойго акчабыз чогулсун (күлүп).
Гулийпа Маметосмон кызы