Каарманыбыз Жамила Тойчубекова, учурда 70 жашта. 24 жылдан бери комбайн айдап, талаада эгин чабат. “Быйыл түшүмдүн мол болгонуна кубанып турам. Эгинди убагында жыйнап албасак, жайлоодон мал түшүп калса тепсендиде калат” дейт ал. Оор техниканы башкарып, анча-мынчанын колунан келбеген түйшүктүү ишти аркалап келаткан апа менен кызыктуу маек курдук.
“50 жашымда трактордун рулуна отурдум”
– Менин балалык кезим оор өттү. Ата-энебизден эрте ажырап, инилерим менен сиңдилериме ата-эне ордуна ата-эне болуп, алар өз алдынча үй-бүлө куруп түтүн булатып кеткиче кам көрдүм. Анан өзүм да турмушка чыгып, бала-чакалуу болдум. Союз кезинде дүкөнчү болуп иштегем. Союз тарагандан кийин ишсиз калып, кыйынчылык кыйнаган күндөр башталды. Тагдыр ушундай болду, балдарды өзүм багып-чоңойтууга туура келди. Ошентип кыйналып иштеп жүргөн күндөрдүн биринде айыл чарба кооперативин түзүү идеясы жаралды. Кооператив түзүп, ага жетекчи болдум. Айыл өкмөткө тиешелүү 50 гектардай жерди ижарага алып, иштете баштадык. Жер айдаганга, эгин чапканга техникалар керек эле. Банктан насыя алдым да, керектүү техникаларды сатып ала баштадым. Жашоо ушундай экен да, ошол учурда айланамда көрө албас, ичи тар адамдар пайда болду. “Аял башы менен жөн эле жүрбөйбү”, “Мынча көп акчадан эми кутула албайт” дешти. Андай сөздөрдү угуп, тескерисинче, чыйралдым, намыстандым. Жер айдаган таракторчуларды көрүп “эмнеге трактор айдаганды үйрөнсөм болбосун. Бирөөгө акча берип жер айдаткыча өзүм айдасам жакшы эмеспи” деген чечимге келдим. Анан кооперативдеги Кубан деген жигитке оюмду айтсам, ал трактор айдоо ыкмаларын көрсөтүп берди. Ошентип аракеттенип үйрөнүп, 50 жашымда алгачкы жолу трактордун рулуна отурдум. Бул аракетимди уулум да колдоду.
“Комбайн айдайм деп ушуну көрмөк деген сөзгө калгым келбейт”
– Биздин учурда деле кесиптик орто окуу жайлар бар эле, неге окуп, техника башкарууну үйрөнүп албадым, азыркыга чейин иштеп бышып калмак экем деп армандадым. Тракторду жакшы айдап калгандан кийин комбайн башкарганды үйрөндүм. Комбайнды башкаруу оор экен, анткени анын бир топ механизми бир убакта тегиз иштейт. Бир эле маалда эгинди чаап, сабагы менен башын ажыратат, баштары бункерге түшөт, саманы өзүнчө чогулат дегендей. Ошого комбайнды бузуп албоо үчүн өтө этият болуп, кылдаттык менен айдоо керек. Анын үстүнө “Жамийла комбайн айдайм деп жүрүп ушуну көрмөк” деген сөзгө калбайын дедим. Аракеттенем, Кудайдан баары жакшы болсо экен деп тиленип турам. Комбайн айдап биринчи жолу буудай чапканда абдан толкундандым. Теңселип турган буудайды чаап баратканда толкуп турган деңизде бараткандай болот экенсиң.
“Элдин ишенимин актайын деп буудайды коромжу кылбай таза чабам”
– Комбайнда, трактордо иним жана уулум болуп иштейбиз. Техникалардын ичинен алгач тракторду сатып алганбыз. Аны адегенде жеке тиричилигибизге гана колдонуп жүрдүк. Кийин инимдин сунушу менен, кошумча акча табуу үчүн коңшу айылдарды кыдырып, элдин жерин айдап бере баштадык. Коңшу айылдар тургай Чүйгө чейин барып иштеп келген учурлар болду. Техникалардын майда тетиктери бузулса өзүм оңдоп коё берем. Дөңгөлөгү жарылса же бир оор тетиги сынса анда иним, уулум оңдойт. Мындайда аялзаты алсыздык кылат, күч керек да. Комбайн менен 1 күндө жакшы иштесек 15 гектардай буудай чабабыз. Чөбү көп болсо, анда азыраак, 10 гектардай эле чаап калабыз. Учурда Жумгалда буудай чабык аягына чыгайын деп калган кез... Түшүм ойдогудай болуп дыйкандардын купулуна толууда. Эл мага ишенип, акчасын төлөп эгинин чаптырып жаткан соң шашпай, буудайды коромжу кылбай таза чаап берем. Эл да буга ыраазы. Ал эми элдин ишеними огобетер жакшы иштөөгө түртөт экен.
“Комбайн айдоонун сырын мыкты билем”
– Мурун трактор, комбайнды жаңы үйрөнүп жаткан учурумда туура эмес айдасам иним, балам каталарымды айтып, үйрөтүп турушчу. Азыр тескерисинче, алардын кемчиликтерин таап, мындай айда деп калам. Учурда 2 трактор, 1 комбайн, сеялка, соко, мала, буудай тазалагыч жана башка техникаларыбыз бар. Алардын баарын, жогоруда айткандай, банктан насыя алып, ошого сатып алгам. Банкка 1 жылда 1 миллион сомдон ашык акча төлөйбүз.
“Азык-түлүктү сырттан сатып албай өзүбүз камсыздасак дейм”
– Техниккалардын тетик, жабдыктарын Бишкекке, базарга барып өзүм алып келем. Кайсынысы Кытайдыкы, кайсынысы сапаттуу экенин ажырата алам. Кымбаты, албетте, узакка кызмат кылат. Базарда иштеген балдар мени таанып, “комбайнчы апа келди” деп калышат. Эл мени “өз курагынан бир топ жаш көрүнгөн, шайдоот адам” деп сүрөттөшөт. Негизи өзүм 100 жашка чейин жашап, 90го чыккыча техника айдасам деп тиленем. Менин техника айдаганымды көрүп, кызыккан жаштарга акыл-насаатымды айтып келем. Акчаны табыш үчүн сөзсүз эле чет өлкөгө барып иштөө зарыл эмес, өз айылыңда жер иштетип деле тапсаң болот дейм. Айыл чарбанын келечеги алдыда. Башка жактардан тамак-аш импорттобой өзүбүз баарын өстүрсөк, өзүбүздү өзүбүз камсыздасак болот. Ага албетте, өкмөттүн көмөгү керек, мисалы, банктар насыяларын арзан пайыз менен беришсе... Акыркы жылдары айылдарда жаңы техника сатып алгандар көбөйө баштады. Бирок дагы деле трактор, комбайн тартыш.
“Жеңил унааны айдай албайм”
– Илгертен эле бир туугандар талаага буудай айдайбыз. Буудайды үйдө сапырып, тазалап, анан айылдагы суу тегирменге тарттырып алабыз. Буудай бизге нан, калдыгы малга жем болуп берет. Өз эмгегиң менен тапкан нандын шириндиги башкача эми... Кызыгы – трактор, комбайн айдаганым менен жеңил унааны айдай албайм. Кыргызстанда жашап туруп Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын көрө элекмин. Эгер жеңил унаам болсо, аны айдаганды үйрөнсөм жер кыдырып келет белем. Мүмкүн бул тилегим да ишке ашып калар.
Канымжан Усупбекова