Актёр болуш үчүн арыктаган Чон Хэ Ин

К-рор дүйнөсүндөгү адамдар Чон Хэ Ин мырзаны жакшы таанышат. Таланттуу десең таланттуу, келишимдүү, анан да бойдок актёрго көз арткан кыздардын саны канча экенин айтпай эле коёлу. Учурда актёр баш каармандын ролун ойногон “Апамдын курбусунун баласы”дорамасы Netflix платформасынын ТОП-10дугуна кирди. Улам жаңы сериянын чыгышы менен Чон Хэ Инге болгон кызыгуу да күч алууда. Анын өмүр таржымалы чынында кызыктуу экен, анда эмесе чогуу окуйлу...

Чон Хэ Ин тууралуу кыскача

 Туулган жери: Түштүк Корея, Сеул

 Туулган жылы: 1988-жыл, 1-апрель

 Жылдыз белгиси: кой

 Бою: 178 сантиметр

 Кесиби: актёр, модель

 Тартылган белгилүү сериалдары: “Сен уктап жатканда”, “Түрмөдөгү даанышман жашоо”, “Мага тамак алып берчү эже”, “Байчечекей” (“Подснежник”), “Дезертирлердин аңчысы”, “Апамдын курбусунун баласы” жана башка

 Кыш мезгилин, ага жараша лыжа тепкенди жактырат.

 Дагы бир хоббиси – велосипед тебүү.

 Таэквондо боюнча кара курдун ээси.

 Жакындары анын акчага сарамжалдуу экенин айтышат. Бир гана нерседен акча аябай сатып алат, ал –сыра.

 Тазалык – жашоодогу негизги принциптеринин бири.

 Мыкты ашпоз, корей ашканасынын тамактарын сүйүп жейт.

 Мүнөзү боюнча интроверттердин катарында.

 Жакшы ырдай, сүрөттү да жакшы тартат.

Падышанын кеңешчисинин тукуму

Улуу Чосон. 1776-1800-жылдар аралыгында Чосондун башында падыша Чонжо турган эле. Анын ишенимдүү адамдарынын бири, кеңешчиси катары Чон Як Ёндун да ысымы айтылат. Чон Як Ён падышанын кеңешчиси эле эмес, көбүнчө ойчул, акылман, акын, илимпоз катары таанымал. Анын философия, башкаруунун илими жана теориясы жаатындагы изилдөөлөрү, китептери азыркыга чейин колдонулуп келет. Чон Як Ёндун алтынчы муундагы мураскери биз жакшы билген актёр Чон Хэ Ин.

Актёрдун ата-энеси да жөнөкөй адамдардан эмес. Атасы офтальмологиялык клиниканы башкарса, апасы ооруканада патологоанатом болуп иштейт. Врачтардын үй-бүлөсундө төрөлгөн Хэ Ин эч нерседен кем болбой өскөн. Болгону ата-энеси көп убакытта жумушта болгондуктан, неберелерин багуу милдети чоң ата-чоң энесинде эле. Алардын аркасы менен көп нерсе билип-үйрөнгөнүн, балалыгын кары адамдар менен өткөргөнү жакшы гана таасир калтырганын айтат актёр.

Томпок бала болчу

Балалыгында томпок бала болчу. Кичинесинен эле көпчүлүккө ачылбаган, өзү менен өзү жүрө берген Хэ Ин чоңойгондо биотехнология жаатында эмгектенем деп ойлойт эле. Мектепте окуп жүргөндө бир агенттиктин кызматкери жолугуп калып, “сенде чымын бар экен, кинодон өзүңдү сынап көр” дейт. Кошумча достору менен киного барып, ал жактан да таасирленип келет. Анан Пхёнтэк университетинин театр жана кино бөлүмүнө тапшырган. Бирок биринчи курсту бүткөндөн кийин эле аскерге кызмат өтөгөнү кетет. Армияда жүргөндө актёр болуу кыялы күч алып, өзүнө “арыктасаң гана актёр болосуң” деген тапшырма коёт. Башында колуман келбейт го деп ойлогон, бирок 12 килограмм салмак таштаганда өзүнө болгон ишеними күчөйт. Азыр деле Хэ Ин тамак жасаганды да, жегенди да жактырат, бат салмак кошот. Ошондуктан дайыма спорт менен машыгып, идеалдуу келбетин сактап келет.

Үй-бүлөсү кесибин колдогон эмес

Хэ Ин көпкө чейин театр жана кино факультетине тапшырганын ата-энесине айтпай жүргөн. Алар билгенде чынында эле каршы болушкан, олуттуу кесип эмес деп. Кийин баласына чынында актёрлук жагарын, көпчүлүк да анын талантын баалап баштаганын көргөндө колдоп башташкан. Өзүнөн 7 жаш кичүү иниси бар, ал “Ю менен жолугушуу” шоусунда “байкем дайыма мага эргүү, дем берип турган адам. Мен азыркыга чейин байкеме окшошкум келет, байкемдей ойлонсом, айланамдагыларды байкемдей баалап, сүйсөм дейм. Анын бардык жери жагат, чынында эле жакшы адам” деп сүйүүсүн билдирген.

26 жашындагы дебют

Армиядан келгенден кийин университетте окуусун улантып, окуу жайдагы бардык иш-чараларга активдүү катыша баштайт. Экранга биринчи жолу 2013-жылы “AOA BLACK” кыздар тобунун "MOYA” аталышындагы клибинде чыккан. Кийинки эле жылы, тагыраагы, 26 жаштагы Хэ Ин актёр катары “Кылымдын колуктусу” сериалында дебют жасаган. Андан кийин белгилүү бир топ сериалдарда эпизоддук ролдорго тартылганга жетишти (“Кан”, “Гоблин” жана башка). Ал эми көпчүлүктүн көзүнө “Сен уктап жатканда” дорамасы менен илинген. Дал ушул долбоор менен алгачкы “Жылдын мыкты жаңы актёру” наамын да багындырган.

Чон Хэ Индин биринчи жолу башкы ролдогу жана дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө таанылган эмгеги катары - “Мага тамак алып берчү эже” дорамасын айтсак болот. Бул сериалдан кийин ал Түштүк Кореянын мен-мен деген атактууларынын катарына кошулган.

Мындан 10 жыл мурунку бир интервьюсунда Чон Хэ Ин “кыйынчылыктан коркпогон, кинодогу оюнум менен көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн түнөк таба ала турган актёр болсом” деген экен. Ал кыялына жетти окшойт, анткени ал бардык жанрда өзүн мыкты көрсөткөн актёр болду.

Сүйүү эмес, жумуш...

Эми жеке жашоосуна келели мырзанын. 36 жашка келген Хэ Ин азырынча расмий эч ким менен мамилесин ачыктай элек. Күйөрмандарга аны сериалдардагы өнөктөштөрүнө “жабыштыргандан” башка айла калбагандай. Алардын катарында “Мага тамак алып берчү эже” дорамасындагы актриса Сон Йе Жин, “Музыкалык альбомдогу” өнөктөшү Ким Го Ын, “Байчечекей” дорамасында сүйүшкөндөрдүн ролун аткарган “Blackpink” тобунун ырчысы, актриса Жису да бар. Актёр өз кезегинде бул актрисалар менен жөн гана достук мамиледе экенин, эгер жакшы химия байкалса, демек, жумушун мыкты аткарып жатканын айтат. Айтор, актёр мырзанын жүрөгү бош. 

 

Асыл Орозбекова       

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1135, 5-11-сентябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан