ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

Египет

ХОСНИ МУБАРАКТЫН ӨМҮРҮ КЫЛ УЧУНДА
Египеттин экс-президенти Хосни Мубарак 11-февраль күнү комага түшүп калганы маалым болгон. Экс-президент өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу эки жолу эсин жоготкон. Бирок дарылануудан баш тартып, жыйынтыгында комага түшүп калган. Азыркы кезде Шарм-эль-Шейх шаарындагы резиденциясында медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын египеттик маалымат булактары билдирет.

Англия

АДАМ ӨЛТҮРГҮЧ КОРОЗ
Англиянын Нью-Хемпшир шаарындагы короз уруштуруучу жайлардын биринде кырсык болгон. Урушуп жаткан Күндүн баласы лакап аттуу короз адамдарга капысынан кол салып кирген. Мыйзамсыз өткөн уруштардагы короздордун кожоюндары урушка түшкөн короздорунун бутуна кызыктуу болуш үчүн бычактарды байлап коюшкан. Ошого байланыштуу бир нече адам жарадар болуп, Льюис Очхоа аттуу адам каза болгон.

Япония

ТЕЛЕМУНАРА КЫРСЫКТАРГА СЕБЕПЧИ
Япониянын борбору Токио шаарында 2008-жылы телемунара курула баштаган. “Асман дарагы” атка конгон мунара туристтерди көп кызыктырат. Анын кооздугуна жана бийиктигине туристтер гана эмес, рулда бара жаткан айдоочулар да алаксып, жол кырсыктары көп каттала баштады. 2010-жылы мунаранын жанында катталган жол кырсыктарынан 41 адам каза болгон. Бийиктиги 634 метр келген “Асман дарагы” дүйнөдөгү эң бийик телемунара болуп, 2011-жылдын аягында толук курулуп бүтмөкчү.

Тунис

КОМЕНДАНТТЫК СААТ АЛЫНЫП САЛЫНДЫ
Тунистин бийлиги 14-январда киргизилген коменданттык саатты жоюу жөнүндө чечим кабыл алды. Бирок өзгөчө кырдаалдын айрым шарттары сакталып, тиешелүү буйрук Ички иштер министрлигине өткөрүлгөн. Тактап айтсак, Тунистин аянттарында үчтөн ашыкча кишинин чогулуусуна тыюу салынган. Ал эми укук коргоо органдарынын кызматкерлерине бардык шектүү окуя учурларында куралды пайдаланууга уруксат берилди.
Эскерте кетсек, 14-январда Тунисте мурунку өкмөткө каршы элдик толкундоолор башталып, баш аламандыкта 100гө чейин киши көз жумган. Жыйынтыгында буга чейинки режимдин президенти Зин аль-Абидин Бен-Али өлкөдөн качып кеткен.

Казакстан

«БАРДЫК КАЗАК КЫЗДАРЫН ТУРМУШКА БЕРЕМ»
Коңшу мамлекетте талапкерлер президенттик шайлоо­го кызуу кам көрүшүүдө. Ошентип, президент Нурсултан Назарбаевдин атаандаштары көбөйгөн учур. Акыркы кандидаттардын арасында пенсионер Зауре Масина, жумушсуз Совет кызы Нурсила жана коопсуздук “Бастион” агенттигинин кызматкери Толыбай Баймурзин бар. Ал эми дагы бир талапкер Амантай ажы Асылбек президент болуп шайланса, Казакстандагы бардык турмушка чыга элек кыздарды күйөөгө берерин айтууда.
Президенттик шайлоо 3-апрелге белгиленди. Азыркы мамлекет башчы Нурсултан Назарбаев бул кызматка төртүнчү ирет ат салышууда. Анын кеңешчиси Ермухамет Ертысбаевдин айтымында, “түбөлүктүү ажо” азыркы эле эмес, кийинки шайлоолорго да катышууга ниеткер.

Иран

ЭМИ МИТИНГДЕР ТЕГЕРАНДА
14-февраль күнү Ирандын борбору Тегеранда бийликчил режимге каршы массалык каршы чыгуу акциялары башталды. Алар өлкөдө тез аранын ичинде демократиялык реформа өткөрүүнү талап кылышты. Бул күнкү митингде студент Сани Жалех полиция кызматкеринин колунан каза тапкан.
Кабарчылар бир ооздон Ирандагы окуянын өнүгүшүн Египеттеги баш аламандыкка окшоштуруп жатышат. Аталган өлкөдө режим өтө катуу кармалат, андыктан бийлик өкүлдөрү маалыматтарды чет жерге чыгарбоо үчүн бүт аракетин жумшоодо.

Залкарбек Карабалаев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Baizakk11
2011-02-22 05:31:03
kiziktin baari superde ee karasan kancha okusanda mookumun kanbait
0
chika
2011-02-25 14:50:00
Омеей карагылачы канчалаган элге сабак болгонбуз. Дал бизде болуп өткөн кырдаалдай...
0
№ 433, 18-24-февраль, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан