МЕКТЕПТЕ КИТЕП ЖЕТИШСИЗ. Министрлик “күнөө бизде эмес” дейт 

Адаттагыдай, өлкөдө мектептер китеп жетишсиздиги менен жаңы окуу жылын баштады. Нааразы ата-энелер, бирдиктүү программанын жоктугунан жылда ар кайсы автордун китебин окуткан мектептер... Билим берүү жана илим министрлиги болсо бул баш аламандыкты “мугалимдер окуу китебин өз алдынча тандоого укуктуу, мыйзамдагы ошол укугун пайдаланып жатышат” деп түшүндүрүп, алакан жаюуда. Ал мыйзамды оңдоого ким тоскоол болууда деген суроо жаралат. 

Самат Тоялиев, Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Мектептик жана мектептен тышкаркы кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси: «Кептин баары мыйзамда жатат» 

– Республика боюнча мектептерде китептердин жетишсиз болуп жатышынын бир нече себеби бар. Биринчиси – бул демографиялык өсүш, калктын саны жылдан-жылга көбөйүп жатат. Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, 2023-2024-окуу жылынын башында өлкөдө 1 миллион 490 миң окуучу болсо, анын 60 миңи гана жеке менчик мектептерде билим алышат. 2012-2022-жылдар аралыгында мектеп окуучуларынын саны 435 миңге өскөн, бүгүнкү күндө дээрлик жарым миллионго өстү десек болот. Ошого жараша мурун 60-70 миң нускада басылчу китептерди бүгүнкү күндө 90-100 миң нускада чыгарып калдык. Абалга жараша бюджеттен бөлүнгөн каражат жыл сайын өсүп турушу керек болууда. Бизде акыркы үч жылда өлкө бюджетинен китеп басууга жыл сайын 152 миллион сомдон бөлүнүп турган. Кийинки жылга каржатты көбөйтүү маселеси каралып жатат. Бүгүнкү күндө мектеп фонддорунда 12 миллион даана китеп бар, окуучулар толук китеп менен камсыз болуш үчүн дагы 5 миллион китеп жетишсиз. “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга ылайык, окуу китептеринин мазмуну ар 5 жыл сайын жаңыланууга тийиш, учурда 1 миллион 300 миң китеп жаңыланды, калган 10 миллиондон ашыгы да жаңыланышы керек. Учурда 12 жылдык билим берүүгө өтүү реформасы жасалып жатат, ага ылайык, окуу китептери дагы өзгөрүшү мүмкүн.

– Мисалы, быйыл 3-класстын окуучусу окуган китепти эмнеге кийинки жылдын 3-классы окуй албай калууда? Башка автордун китебин талап кылышууда... 

– Көпчүлүк түшүнбөй, "бул бирөөнүн китеп бизнеси болушу мүмкүн" деп жатышат. Бизде жыл сайын эле окуу программасы алмашып жаткан жок. Былтыр Жогорку Кеңеш “Билим берүү жөнүндө” жаңы мыйзам кабыл алган, ошол мыйзамдын 44-беренесинде “педагогикалык кызматкер окуу программасын, окутуу методикасын жана окуу китептерин эркин тандоого укуктуу” деп так, даана жазылып турат. Эгер мугалимдер “бул автордун эмес, башка автордун китебин алып келгиле” деп талап кылып жатса, бул алардын мыйзамдуу укугу. Бирок биздин министрлик мугалимдерге “силерге тандоо укугун бериш үчүн бизде 3-4төн китеп жок, мүмкүн болсо, ата-энелердин чөнтөгүнө күч келтирбей, мектеп фондундагы эле китептерди эффективдүү пайдаланып тургула” деп жатабыз. Болбой баратса китептердин электрондук версиясын сунуштагыла дегенбиз. Мыйзам биздин министрликти “окуучуну ар бир предмет боюнча үчтөн автордун китеби менен камсыз кыласыңар” деп милдеттендирген. Бирок биз “3 эмес, 1ден китеп менен толук камыздаганга жетише элекпиз” деп мыйзам талкууланып жатканда каршы чыкканбыз.

– Эмнеге базарда китеп толтура, министрликте жок деген суроону берели биз дагы?.. 

– Ооба, бизге эң көп берилген суроо ушул. “Базарда китеп жайнайт, ошол китептерди министрлик чыгарып берип койбойбу” деп айтышат. Министрлик окуу стандарттарына шайкеш келген, экспертизадан өткөн китептерди гана басып чыгарат. Ал эми базардагы китептердин көбү стандартка жарым-жартылай гана жооп берген, контрафакттык жол менен басылып чыккан китептер. Эгер аларды мектептер колдонуп жаткан болсо, демек, толук экспертизадан өтө элек китептерди колдонушууда. Китеп бизнеси менен алектенгендер ушул учурду пайдаланып кетип жатышат. “Менин китебимди сатып бергиле” деп өзүнүн китебин мектептерге сунуштаган авторлор жок деп айта албайбыз. Бирок мектеп жетекчилери менен китеп жазгандардын өз ара сүйлөшүп алып коммерциялык максатта иш кылгандары катталган эмес.

Абдывахаб Нурбаев, экс-депутат: «Китеп көйгөйүн Билим берүү министрлиги чече албайт»

– Ата-эне жыл сайын баласына жаңы китеп сатып берип жатканы туура эмес. Китеп менен министрлик камсыз кылышы керек. Ооба, билим берүү боюнча жаңы мыйзамда “бир предметтен 3 автордун китеби вариант катары окулушу керек” деген берене бар, бирок Билим берүү министрлиги мугалимге китепти өз алдынча тандоо укугун бере элек. Эмнеге 3 автордун китеби болушу керек? Анткени мугалим изденет, 2-3 автордун китебин ачып окуп, окуучуга керектүү маалыматтары бар китепти тандайт. Бул нерсе авторлор арасында да атаандаштык жаратат. “Мектеп тигинин китебин алып жатат, мен да изденейин” дейт. Ал эми атаандаштыктан сапат жогорулайт. Мугалимге окуу методикасын тандоого эркиндик берген жакшы, ал үчүн министрлик аларды керектүү китептер менен камсыздашы керек. Каржысын туура пайдаланса эле колунан келмек. Бирок бул маселени чече алышпайт, анткени өздөрү коррупцияга аралашкан. Мурун “Учкун” басмаканасы менен гана иштешебиз деп келишим түзүп алышкан. Китеп чыгаруу – бул басып коюу эле эмес да, авторлор менен иштеш керек, кооздош керек, айтор, толтура иши бар. Андай мүмкүнчүлүк “Учкунда” жок. Министрлик “Учкунду” эле карап отура бербей, башка басмаканалар менен иштешүүсү керек да, атаандаштык бар жерде сапат болот.

Ильич Кулназаров, журналист: «Китептердин мазмунун караган киши жок»

– Менин 3 балам мектепте окуйт. Жыл сайын үчөөнө жетишпеген 5-6 китебин сатып берем. Бизге билинбегени менен, айрым чама-чаркы ченелүү, көп балалуу үй-бүлөлөр эмне кылышат? Мисалы, быйыл окуган 2-класстын китебин кийинки жылкы 2-класстарга жаратпай, "башка автордун китебин алып келгиле" деген учурлар көп болуп жатат. Биз мектепте окуп жүргөндө кандай эле? Китепти мектептин өзүнөн арзыбаган баага ижарага алып, аны этияттап колдонуп, окуу жылынын аягында кайра мектепке өткөрүп берчү элек да. Ал китептер жаңы окуу жылында кайрадан ижарага берилчү. Ошентип китептер дээрлик 10 жылга чейин пайдаланылчу. Азыр эми китеп жетишсиздиги, ага кошулуп китептердин маани-мазмунун, каталарын караган киши жок.

Мавлян Аскарбеков, коомдук ишмер: «Бизге Киркоровдун ыры маанилүү беле же китеп жетишсиздигиби?»

– Мына, көрдүңөр да, 31-август күнү "Ала-Тоо" аянтында жыргап Киркоровдун ырын уктук. Эртеси, 1-сентябрда балдар мектепке китеби жок барышты. Эл дагы, мамлекет дагы артыкчылык берилген багытты туура коюш керек эле. Китеп таңкыстыгын чечүү Билим берүү министрлигинин моюнунда, комплекстүү реформа жүргүзбөсө болбойт. Эки жылдан бери “эми өзүбүздүн “Учкунда” китеп басылып баштайт” деп ураалап пиар кылып бүтпөй жатабыз. Министрлик жыл сайын жаңылай бербей, 10 жыл иштеп бере турган сапаттуу китептерди чыгарышы керек. Бир китеп жок дегенде 3-5 жылга жарашы шарт. Анткени дүйнө тез өнүгүүдө, санарип, жасалма интеллект кулачын жаюуда. Адегенде артыкчылыктуу багытты так аныктап алсак болот эле, бизге Киркоровдун ыры маанилүү беле же билим берүүдөгү көйгөйлөрдү чечүүбү?

Парламентте эмне деп жатышат?

Мектептердеги китеп жетишсиздиги Жогорку Кеңештин парламентинде да кызуу талкууланып, эл өкүлү Мирлан Самыйкожо кесиптештерине кайрылып маянадан китеп алууга акча бөлүп берүүну сунуштады. Ал эми Камила Талиева окуу башталып калганы менен ата-энелер бүгүнкү күндө да базарларда китеп издеп жүргөнүн, мурдагы китеп мафиясы токтой электигин белгиледи. Депутат Миргүл Темиралиева министрлик бул маселени жаңы окуу жылы башталганда эмес, мурдагы окуу жылында эле карап башташы керек болчу деген пикирин айтты. Бир катар кесиптештеринин китеп көйгөйү боюнча пикирлеринен кийин Эрулан Көкүлов бүгүнкү күндө мектептерден китеп табуу - Нарын дарыясынан крокодил тапкандай эле көрүнүшкө айланып баратканын баса белгиледи.

Лунара Бекиева

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1136, 12-18-сентябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан