Акжол Махмудовду үлгү туткан балбан АСАН ЖАНЫШОВ

Жакында грек-рим күрөшү боюнча улуттук жаштар курамасынын мүчөсү Асан Жанышов Испанияда өткөн 20 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль утту. Финалдык беттеште азербайжандык балбан Жоджу Самедовду жеңип алды. Муну менен Асан мырза жаштар арасында оор салмактагы күрөштө тарых жараткан экинчи балбан болду

АНКЕТАСЫ

Туулган жылы, күнү – 2005-жыл, 18-август

Туулган жери – Жалал-Абад шаары, Тайгараев айыл аймагы

Билими – Раатбек Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде окуйт

Жетишкендиктери – 17 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиону, 23 жашка чейинкилер арасында Азиянын 2 жолку чемпиону, 20 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпиону

Хоббиси – футбол ойнойт

– Саламатсызбы, Асан мырза? Испанияда өткөн Дүйнө чемпиондугундагы жеңишиңиз менен куттуктайбыз!

– Саламатсыздарбы? Чоң рахмат! Абдан жакшы болду, жеңгендеги эмоциямды сөз менен айтып жеткире албайм. Кубанычтуу да, сыймыктуу да учур болду.

– Беттешке даярданып жатканда Дүйнө чемпиону болом деп ойлодуңуз беле?

– Албетте, ойлогом. Мен бул беттешке өзүмө ишенип баргам, даярдыктар жакшы болчу. Андан мурунку Дүйнө чемпиондугунда коло медаль уткам. Андыктан бул мелдеште алтын утам деген максатым бар эле. Негизи 23 жашка чейинкилер арасындагы грек-рим күрөшү боюнча даярданып жаткам. Анан Рыскул Эгеев агай 20 жашка чейинкилер арасындагы мелдешке катышсын деп Азат Эркинбаев агайдан суранды. Азат агай “убактың бар, барып кел” деди. Ошентип Рыскул агай менен бир айдай машыгуу өткөрдүк. Машыгуулар жакшы деңгээлде болду.

– Бул мелдеште алгач грузиялык спортчуну 11:3, чейрек финалда швециялыкты 7:3, жарым финалда жана финалда румыниялык жана азербайжандык күрөшчүлөрдү 8:0 эсебинде уттуңуз. Атаандаштарыңыздын кимиси күчтүү экен, кимисине көбүрөөк күч жумшадыңыз?

– Мен үчүн бардык атаандашым күчтүү болду. Чү дегенде эле Дүйнө чемпиону менен беттештим, грузин спортчусу. Аны менен үчүнчү жолку беттешүүм, былтыр Дүйнө чемпиондугунда ага 1:4 эсебинде утулуп калгам. Андан кийин швед балбаны менен чыктым. Аны менен сиз айткандай, эсеп 7:3 болду. Швед балбаны менен биринчи жолу беттештим, бирок алыстан бири-бирибиздин күрөштөрүбүздү көрүп жүргөнбүз, беттештерде чогуу болуп калчубуз. Биринчи жана экинчи атаандаштарым күчтүү болду, анткени алар тажрыйбалуу, күчтүү балдар. Анан румын, азер балбандары менен күч сынаштым. Алар менен күрөшүү мурункулардай оор болгон жок. 

– Мындай ийгиликке жетүүдө машыктыруучулардын да салымы чоң экени талашсыз. Алар тууралуу айтып берсеңиз.

– Бул дүйнө биринчилигине жеке машыктыруучум Шадыбек Сулайманов жана Рыскул Эгеев, Азат Эркинбаев, Улук Карачолоков, Арсен Эралиев агайларым даярдашты. Менин ийгиликтериме ушул агайларымдын салымы абдан чоң, албетте.

– Эң алгачкы жеңишиңиз эсиңиздеби?

– 3 же 4-классымда биринчи жолу өзүбүздүн залыбызда бир турнир болгон. Ошол жерден 3-орунду ээлегем. Ошондо абдан катуу сүйүнгөнүм эсимде. Чоң мелдештерден алгачкы жеңишим коло байгеден башталды. Биринчи жолу Азия чемпиону болгондо кубанычтан көзүмө жаш алгам. 2022-жылы 17 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиону болдум. Анда деле утам деген ишенич бар болчу. Финалда ирандык балбан менен күрөшүп, көп кыйынчылыктар менен утуп алгам. Андан кийин 23 жашка чейинкилер арасында Азиянын 2 жолку чемпиону, 20 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси болгом.

– Качан, кантип бул спорт түрү менен машыгып калдыңыз? Канча жашыңыздан бери машыгасыз?

– Мени 8 жашымда күрөшкө атам алып барган. 6-7 жашымда агаларым залга барышчу. Бир күнү мен да аларды ээрчип артынан велосипед менен бардым, зал алыс болчу. Барсам, машыктыруучу "жашың жете элек экен" деп киргизбей койду. Кайра үгө барып, атама айтсам, атам кайра мени ээрчитип залга алып барды. Машыктыруучу “кичинекей экен, азырынча күрөштү көрүп, ойноп келип-кетип турсун” деп уруксат берди. Биринчи машыктыруучум Чыңгыз Пиримкулов агай болду. Анын колунда 1 жылдай машыктым. Ортодо бир жыл залга барбай калдым, кийин барсам Шадыбек Сулайманов агайым бар экен, ал азыркыга чейин жеке машыктыруучум. Шадыбек агайдын колунда 8-класска чейин машыгып, анан Бишкектеги спорт жатак-мектебине тапшырдым.

Быйыл Олимпиада оюндарына лицензия ала албагандыктан калдыңыз...

– Ооба, лицензияга жетишпей калдым. Кыргызстанда өткөн лицензиялык турнирде 2-айлампада ирандык балбанга 3:6 эсебинде утулуп калдым. Ошол ирандык бала лицензия утуп, Париждеги Олимпиададан 2-орунга жетишти. Ушундай, утулгандан кийин өзүмдү бир аз жоготуп, капа болдум. Быйыл негизи Олимпиадага катышам деген жакшы максаттар бар болчу. Эң жаш балбан барды деп тарых жаратууну тилек кылган элем.

– Ошентсе да жаштар арасында 87 килограмм салмакта маркум Раатбек Санатбаевден кийин экинчи жолку тарых жаратуучу болдуңуз. Спортто кимди үлгү тутасыз?

– Ооба, эже. Ал деле тарых. Спортчулардан Акжол Махмудовдон үлгү алам.

– Качан, кайсы жакта туулгансыз? Бир туугандарыңыз да спорт менен машыгабы?

– Жалал-Абад шаарындагы Тайгараев айылында 2005-жылы жарык дүйнөгө келгем. 8 бир тууганбыз, азыр агаларым машыкпайт, мен эле машыгам. 3 кыз, 5 уулбуз. Эки эжем, үч агам, эгизим, бир иним бар. Эгиздин түгөйүмүн. Эгизим кыз, аты Үпөл.

– Жакшы экен. Сиздин адаттагы күн тартибиңиз кандай?

– Спорт мектебиндеги күн тартибин айтып берейин. Күнүнө 2 маал машыгабыз, эртең менен жана кечинде. 8-класстан бери ушул спорт мектепте окуп, ушул жакта чоңойдум. Учурдагы режим менен айтсам, эртең менен 8де турабыз. Сабакка барып, бир сабак окуп келип, саат 10дон 12ге чейин машыгууга барабыз. 12 жарымда түштөнүү. Андан кийин кайра 2 саат сабак болот. Анан бир саат эс алып, кечки машыгууга барабыз. Ал саат 18:00дөн 20:30га чейин созулат. Анан кечки тамакты ичип, антип-минтип саат 22:00дө уктайбыз. 3-курстамын, быйыл акыркы курс. Бул жакты бүткөндөн кийин жогорку окуу жайга тапшырам деген пландарым бар, келечекте юрист болгум келет. Ал эми спортто, албетте, чоңдор арасында Дүйнө чемпиону жана Олимпиада чемпиону болуу – менин эң чоң максатым.

– Сиздин оюңузча, күрөштө баарынан кара күч маанилүүбү?

– Менин оюмча, балбанга күч, мыкты техника жана акыл керек.

– Спорттон сырткары эмне менен алектенгенди жактырасыз?

– Бош убактымда китеп окуйм. Анан футбол ойнойм. Өзүмдүн теңтуштарым, досторум менен Бишкекте, Жалал-Абадга барганда футбол ойноп турабыз. Өзүбүздүн кичи командаларыбыз бар. 

Гулийпа Маметосмон кызы

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1136, 12-18-сентябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан