Психологияда “сүйүү дефицити” деген түшүнүк бар. Турмушта көптөр кабылган кызыктуу көрүнүш. Сүйүү эмне үчүн жетишпей калат? Анын ордун кантип толтуруу керек? Макаланы ушул темага арнадык.
– Коркуу сезими адамды коргоого багытталат, ал эми сүйүүчү?
– Сезимдердин баары Жараткан тарабынан адамдардын жашап кетиши үчүн берилген курал. Сүйүү сезими менен алгач түйүлдүк кезибизде, эненин курсагында жатып таанышабыз. Апабыз бизди күтүп, сүйүп жатабы, ички туюм менен туябыз. Бала чоңоё баштаганда энеден кийин ата, бир тууган, дос, мекен, өмүрлүк жар, балдарга деген сүйүү жаралат. Көрдүңүзбү, жаралгандан тартып сүйүүгө муктажбыз, бул табигый нерсе. Денебиз күчтүү болушу үчүн тамак-аш керек болгондой эле, рухубуз күчтүү болуш үчүн сүйүү зарыл.
– Сүйүү дефицити деген эмне, ал эмнеден пайда болот?
– Адамга кичинесинде мээрим жетишпей калат, же ата-энеси эрте кайтыш болот, мисалы. Ар кимдики ар түрдүү жагдайда. Бирок “мага мээрим жетишпей калган” деп кол куушуруп отуруп калбаш керек. Адам бул жашоодогу өзүнүн миссиясын түшүнгөндө, анда эч кандай дефицит деген түшүнүк калбайт. Буга сүкүт (медитация) жолу менен жетүү мүмкүн. Адамдын акылы, жүрөгү, денеси гармонияда болгондо башкадан эч нерсе күтпөйт. Сүйүү дагы. Эч кимге таарынбайт, ызаланбайт.
– Адатта сүйүүгө болгон муктаждыкты адамдар кантип жабышат?
– Адам акылында “ата-энемден жетиштүү сүйүү албай калгам, эми кантейин” дей берет, бул курмандык абалы. Мындайлар сүйүүнүн ордун акыл менен жабабыз деп, жакшы окуганга, ийгиликтүү болгонго жан дили менен аракет кылышат. Статус алар үчүн эң маанилүү нерсе. Кымбат баалуу унаа, эки кабат үй каалашат. Акылы, аракети менен аларга жетет, бирок баары бир сүйүүгө ачка бойдон калышат. Ошондо гана руханий азык издей башташат. Айрым миллионерлердин, атактуулардын баарына кол шилтеп руханий жолго түшүп кетери ушундан улам. Алар сүйүү материалдык байлыкта деп ойлошкон, бирок жаңылып калышкан. Айрымдар сүйүү өзүндө экенин табышат, айрымдары ачка боюнча өтүп кетишет.
– Сүйүүгө ачка адамдардын белгилери кандай?
– Курсагы ачкан адам бир нерсе таап жейин деп аракет кылгандай эле, сүйүүгө ачка адамдар да тынымсыз бир нерсе издей беришет. Өздөрүн токтото алышпайт. Бийлик, байлык, атактуулук, аялдар, көңүлдөштөр баары бар, бирок аларга дагы деле бир нерсе жетишпейт. Ордун табышпайт, кызмат ордун которушат, кумар ойношот, ичкилик ичишет. Баары бир жашоосу бир нукка түшпөйт. Талашканды жакшы көрүшөт.
Ал эми сүйүүгө толук адам баарына кайыл. Эч бир нерсени маселе деп ойлобойт, анткени аларга чын эле маселе эмес. Көңүлү ток, эртеңкиден кам санабайт.
– Мисалы, аял күткөн сүйүүнү жолдошу бере албай калган учурлар болот. Дегеле сырттан сүйүү күткөндүн мааниси эмнеде?
– Сырткы дүйнөдөн сүйүү издегендердин баарына айтар сөз бирөө – сүйүүнү сизге бирөө толтуруп бербейт. Убагында ал нерсени ата-энеден жетиштүү албай калдыңызбы, демек, боштукту сиз гана толтура аласыз. Кантип? Өзүңүз менен бетме-бет келгенде. Адамдын акылы өчкөндө өзү менен бетме-бет келет. Акылды өчүрүп, жүрөктүн деңгээлинде ойлонгондо гана болот бул көрүнүш. Жогоруда айткандай, сүкүт жолу менен акыл өчөт. Сүкүттү туура чалганды үйрөнүү үчүн устат табуу керек.
– Демек?..
– Сүйүүнүн автору –Жараткан. Төкмө акын Элмирбек Иманалиев айткандай, сүйүү – Кудайлык маселе. Сүйүү – токтук, бейпилдик. Таап алган адамга көп аракет кылбаса деле бардык жакшылыктар өзүнөн-өзү келе баштайт. Жашоодо көп аракет кылбаса деле, үй-бүлөсү бактылуу, пейили кенен, кабагы жарык адамдар болот эмеспи. Аларга жакшылыктар өзүнөн-өзү жаай берет. Ал эми кээ бирөөлөр бар, жан талашып канчалык аракет кылса деле майнап аз болот. Булар акылга гана таянып, жүрөктүн добушуна кулакты жаап, ары түртүп койгондор.
– Шартсыз сүйүү деген түшүнүктү чечмелесек...
– Качан шартсыз сүйүүнү жарата алабыз? Качан баарын Жаратканга тапшырганда, ал берген жакшылыкты да, жамандыкты да бирдей тосуп, кейибей, сынбай, ашкере кубанбай кабыл алганда шартсыз сүйүү келет. Куду жашыл арчадай эле мелтиреп, жашоого байкоочу болуп тура бергенде бул нерсе өзү келет.
– Өзүңдү сүй деп психологдор көп айтышат, кантип өзүн туура сүйүү керек?
– Көп психологдор сүйүүнү акылдын деңгээлинде гана түшүндүрүп беришет. Бирок сүйүү акылга сыйбаган сезим. Акыл калчап сүйө албайсың, кээ бирөө Кудайдан жөө качкандарды деле сүйүп калып жатпайбы. Акыл менен болсо акмакты сүйбөйт элең да. Сүйүү – кайыптан келген сезим.
Өзүн сүйүү да акыл менен чечилбейт. Ушул темада бир икая айтып берсек. Бир жигит сүйүү, бакыт издеп жүргөнүн айтып акылдуу падышага келет. Ал падыша жигиттин колуна май куюлган кашыкты берип “хан сарайымды бир айланып чык” дейт. Жигит айланып келгенде кашыктагы май төгүлбөй турат. “Сен эмнелерди көрдүң?” дейт. Жигит эч нерсе көрбөгөнүн айтат, анткени кашыктагы майды төгүп албайын деп эч нерсеге көңүл бурбаган экен. Кайра жиберет. Келсе, кашыктагы май жок. Көрсө, хан сарайдын кереметине кызыгып кетип, кашыктагы майды унутуп төгүп алыптыр. Өзүн сүйүүнүн мындан артык аныктамасы жок. Адам колундагы майдан көзүн албай бараткандай, ар бирибиз өз сезимдерибизге кылдат мамиле жасообуз керек. Жалпак тил менен айтканда, адам өз жашоосу менен алек болгон жакшы. Ал эми башкалардын жашоосуна кызыгып баштаганда, кашыктагы май төгүлүп калгандай эле энергия, күч, өзүнө болгон кылдат мамиле жоголот. Кашыктагы майды да төкпөй, хан сарайдын кызыгын да көрө билген, алтын ортолукту тапкан адамдар бар. Алар чыныгы бактылуу адамдар.
Материалды даярдоого көмөктөшкөн психолог Барчынай Кадырбековага ыраазычылык билдиребиз.
Нуржамал Жийдебаева