Күлкү – ден соолуктун мүлкү
12-13-февраль күндөрү «Тамашоунун» күйөрмандары үчүн өзгөчө майрам болду. Сырттагы суукка, жамгыр аралаш жааган карга карабай чогулган күлкү күйөрмандарына 7 дубандан келген таланттар чын жүрөктөн чыккан тамашаларын тартуулашты.
Сүйүнчү! Кышкы фестивалда буга чейин «Тамашоуго» катыша элек Баткен облусунан 3 команда кошулду. Куру келбей көп тамаша жүктөй келишиптир. Ошентип, Кыргызстандын 7 дубанынан келген 40ка жакын команда кыска жана толук форматтагы оюндарын көрсөтүштү. Алгачкы күнү оюнду «Калыстар» жана «Жылдыздар» командалары биргеликте ачып, баа койгонду, ырдаганды гана билишпестен, тамаша «ыргытканды» катырарын далилдей алышты. Стилист Замира Молдошева жана КВНчи Улан Барпиев Актан менен Акылайды туурашса, Мерген Турган жаңы чач жасалгасына мактанып өттү. Бул командага «Тамашоунун» мыкты оюнчулары калыстык кылып, манжалары менен баа коюшту. Босогодо турган Сүйүү күнүнүн урматынабы, айтор, фестивалда «Юристтер&Чез», «Жигиттер&Кg77» жана «Достук&Ак кеме» тандемдери өзгөчө оюн тартуулашты.
Эң кызыгы, фестивалга 3-4-класстын окуучуларынын катышкандыгы болду. Жакшыны жакшы деш керек, бул командалар анча-мынча ага-эжелерин алдыга чыгарышкан жок.
ЭКИ КҮНДҮН ЖЫЛДЫЗДАРЫ:
12-февралда:
Мыкты оюнчу – Славик, «Оштук коноктор» командасы
Мыкты тамаша – «No name» командасы
Мыкты команда – «Юристтер&Чез», «Жигиттер&Кg 77»
«Тамашоунун» балапандары» – «Фантастическая четвёрка»
13-февралда:
Мыкты оюнчу – Баягы эле Бактияр, «Не дай бох!»
Мыкты команда – «Юрский период» жана «IUK»
Мыкты тамаша – Кызыл-Кыядан келген «КГБ» командасы
«Тамашоунун» балапандары» – «Тамашарики»
МЫКТЫ ТАМАШАЛАР:
– Эрмек байке, бизден сизге маселе: Биздин Мирлан 1 каша жейт. Байтик болсо 1 каша жейт. Адилет да 1 каша жейт. Ал эми Эдил 2 каша жейт. Суроо: А мен канча каша жейм?
– Калп айтпасам, сен да 1 каша жейсиң.
– Жок, меникин Эдил жейт.
Оюнубуздун аягын эжекебиздин сөзү менен аяктайбыз: «Ай, ремонттун акчасын качан бересиңер?!»
«Тамашарики»
– Ошто көптөн бери кар жаай элек. Ошондуктан кичинекей балдар Аяз атаны кардан эмес, гуалектен жасай башташты.
«No name»
Мактаган кыз маршруткада «терезени бир аз ачып коёсузбу?» деп суранат.
«Жигиттер&Кg 77»
Балдар диск менен карта ойноп жатышат:
– Ильяз!
– Мирбек!
– Ильяз болбоду беле?
– Ал Абдыразаков болчу, бул Андаш.
– Анда Мирбек. Жанагы Иманбеков, бул Атабеков!
– Аа, баштай бер!
– Кара, Алькамиль!
– Ме, сага!
– Ким бул?
– Мерген Турган!
– Анжелика!
– Көтөрөм.
– Дагы көтөрөсүң, Жаным Айзат, Кундуз, Бактыгүл. Баса албайсың!
– Эмнеге баса албайм?! «Кыз-Бурак».
– Кандайча?!
– Бешөө ырдайт.
«УКГ №5»
Дамира Арстанова
tamasha@super.kg