ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 30-сентябрдан 6-октябрга чейин

Кой
(21.03–20.04)

Сатып алууда, соодада, сулуулук процедураларын жасоодо сизди өзгөчө ийгилик күтөт. Карьера менен сүйүүнүн ортосунда кыйын тандоо пайда болот, бирок туура тандоо жасай билүү зарыл. Жашооңузда сиздин аракетиңизден шек санабаган, катуу ишенген жардам берчү адамдар табылат. Алдыда энергияңызды толтуруу зарылдыгы турат, гимнастика, йога, бий, таза абада сейилдөө, жагымдуу компанияда баарлашуубулар энергияңызды сактап жана толтура алышат.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Сүйүү мамилесин куруу үчүн таанышуулар ийгиликтүү болот. Болгону мурунку сүйүүдөн алган жарааттарды толугу менен айыктырып, жаңы мамилеге өтүшүңүз керек. Ишиңиз оюңуздагыдай болбой жатса, бир аз иштерден оолактап, өзүңүздү, алтынчы туюмуңузду укканга аракет кылыңыз. Жооп таба албай жүргөн суроолордун баарына жооп аласыз. Саякаттоо үчүн жакшы убакыт эмес. Жумушта баары жакшы болот, жетекчилериңиз сиздин эмгегиңизге туура баасын беришет.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Кыйын кырдаалдан оңой чыгасыз, мыйзам бузуп көйгөйдөн кутулсаңыз да, ал үчүн эч кандай жаза күтпөйт. Окуу, билим алуу, кошумча алган билимин тереңдетүү үчүн жакшы мезгил. Жеке жашоодо баары тынч жана бир нукта өтөт. Маселе чечүүдө мурун сиздин агрессияңыздан коркуп көбү жол бошотуп койсо, бул жолу ал мүнөзүңүз натыйжа бербейт, андыктан маселе чечүүдө дипломатиялык жол издегениңиз туура.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Апта сизге карьераңызда, ишкердикте, кыймылсыз мүлк сатып алууда кирешеңиздин жогорулашын убада кылат. Бирок кокустан жаралган абалдан чыгууга даяр туруңуз. Жаңы киреше булактары пайда болуп, жумуш ордуңузду алмаштыруу маселеси капысынан чечилет. Ойлонуп көрүңүз, бул нерсе чын эле сизге керекпи? Шашылыш жыйынтык чыгарбашыңыз керек. Алыстан конокторду күткөнгө даяр болуңуз.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Сүйүү мамилесин баштоо, ойго келбеген күтүүсүз нерселерди жасоо үчүн жакшы мезгил. Баштаган ишиңиздин натыйжасы көпкө күттүрбөйт. Азыр жолдоруңуздун баары ачык, тоскоолдуксуз бийиктиктерге жетсеңиз болот. Бир келген мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз. Бойдок айымдарды тагдырында көп нерсени өзгөртө турган жаңы таанышуулар күтөт. Өмүрлүк түгөйүңүздү ошол тааныштардын арасынан табасыз. Бейтааныш, чоочун  адамдар менен чыр-чатактан алыс болуңуз.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Жашооңузда эмоционалдык байлануу бар болсо, арылганга аракет кылыңыз. Адамдардын жашооңуздагы маанилүүлүгүн апыртпашыңыз керек. Жумушта өз оюңузду эркин билдирүүдө чыр чыгып кетиши мүмкүн, андыктан бирөөнүн жарасын тырмаганда же кемчилигин ачык айтканда абайлап сүйлөңүз. Карьераңызда секирик жасоого жакшы мүмкүнчүлүк бар. Аптада экстремалдык эс алуу, чыгармачылык потенциалды ачуу жана өзүн көрсөтүү үчүн чоң эшиктер ачылат.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Энергияны көбүнчө жерден аласыз, андыктан өсүмдүктөрдү отургузуп, жаратылыш менен тыгыз мамиледе болуңуз. Муктаж болгондорго жардам берүү менен унутта калган карыздарыңыздан кутулсаңыз болот. Үй-бүлөлүк маселелерде тынчтык жана гармония өкүм сүрөт, өнөктөшүңүз менен мамилеңиз кыйла жакшырат. Талаштуу маселелерге аралашпаңыз, арачы болом деп сиз да шектүүлөрдүн катарына кошулуп калышыңыз ыктымал.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Буюм сатып алууда этият болуңуз, акчаңызды ысырап кылып алышыңыз мүмкүн. Келишимдерди түзүүгө жана жаңы жолугушууларды уюштурууга ылайыктуу апта. Жашооңузда маанилүү адам пайда болот, ал сиздин кадимки жашоо образыңызды өзгөртүүгө жардам берет. Каржы маселесинде атайын эсеп-кысап кылган дептер ачууга убакыт келди. Болбосо тапканыңыздын дайынын таппай убара боло бересиз. Спорт, гимнастика, йога менен машыгып, денеңизди иретке келтириңиз.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Бардык каалоолордун бир убакта аткарылышын каалайсыз. Бул учурдатормоздубасыңыз, ашыкча шашуу дайыма эле жакшы натыйжанын көрсөткүчү эмес. Жумушта күтүлбөгөн кыйынчылыктар пайда болушу мүмкүн, бирок оор кырдаалдан оңой эле чыгасыз. Эң негизгиси, эч нерседен коркпоңуз. Үй-бүлөдө кыйынчылыктар жаралышы ыктымал. Ортодо арачы болуп, жакын туугандарыңыздын бири-бири менен урушуп кетүүсүнөн сактайсыз.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Кайсы талаштуу маселе болбосун аягы сиздин жеңишиңиз менен бүтөт. Балалуу текечерлер көпчүлүк убактысын аларга арнаган жакшы. Себеби балдарыңыз сизден позитивдүү эмоцияларды күтүүдө. Бойдок айымдар өмүрлүк жар тандоодо мырзалардын сөзүнөн, убадасынан эмес, кылган иш-аракети аркылуу баалаганы туура. Коомдук транспортто же эл чогулган жерлерде кол телефон, капчыгыңызга сак болуңуз, уурулардын курмандыгына айланып калышыңыз мүмкүн.

Суу куяр
(21.01–19.02)

Өнөктөштөр менен узак мөөнөттүү келишим түзүп ишкердик баштайсыз. Харизмаңыз артып, чөйрөңүздөгүлөргө айткандарыңыз өтүмдүү болот. Айымдар эгер чарчаганын сезсе, дароо тыныгуу алганы жакшы. Өзүңүздү зордоп иштей берсеңиз, айыккыс дарт ашырып аласыз. Мырзалар чечкиндүү, өжөр мүнөзүнүн үзүрүн көрүшөт. Достор арасында келишпестиктер орун алышы мүмкүн, бардык досторго калыс карап, бир тараптын таламын талашпаганга аракет кылыңыз.

Балык
(20.02–20.03)

Сиздин эмгегиңиз көрүүчү тарабынан туура бааланып, ал тургай ал кызыгууңуз сизге ири киреше алып келиши мүмкүн. Жалгыздыктан тажагандар баш аламан мамиле куруудан карманышы керек. Сабырдуу болуп, жалгыз жүрө туруңуз. Тагдыр сизди сөзсүз маңдайыңызга жазган адам менен жолуктурарына ишениңиз. Байланыштарды, тааныш-билиштерди колдонуу менен ири каржы жардамын аласыз. Карыз, насыя алуу сунушталбайт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1138, 26-сентябрь-2-октябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан